Мазмунун көрсөтүү

Кудай ааламды качан жарата баштаган?

Кудай ааламды качан жарата баштаган?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте Кудайдын ааламды качан жарата баштаганы жана анын канча убакка созулганы айтылбайт. Анда тек гана: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп жазылган (Башталыш 1:1). Бул жердеги «башында» деген сөз Кудайдын качан жарата баштаганы белгисиз экенин көрсөтүп турат. Бирок, Башталыш китебине ылайык, жаратуу иши алты мезгилге же алты «күнгө» чейин эле башталган.

 Алты жаратуу күнүнүн ар бири 24 сааттан турганбы?

 Жок. Ыйык Китепте «күн» деген сөз контекстке жараша ар кандай убакыт аралыгын билдирет. Мисалы, Башталыш китебинде бардык жаратуу күндөрүн камтыган убакыт бир «күн» деп эле берилген (Башталыш 2:4).

 Алты күндүн ичинде эмнелер жаратылган?

 Кудай көрксүз, ээн Жерди жашоого ылайыкташтырып, өзгөртө баштаган (Башталыш 1:2). Андан соң ал жер бетиндеги тиричиликти жараткан. Ыйык Китепте жаратуу күндөрү же доорлору алты топко бөлүнгөн.

  •  1-күн: Кудай жарыктын жер бетине тийишин шарттаган. Натыйжада күн менен түн алмаша баштаган (Башталыш 1:3—5).

  •  2-күн: Кудай мейкиндик жаратып, анын астындагы сууларды анын үстүндөгү суулардан бөлгөн (Башталыш 1:6—8).

  •  3-күн: Кудай кургактыкты пайда кылган. Ошондой эле өсүмдүктөрдү жараткан (Башталыш 1:9—13).

  •  4-күн: Кудай Күндү, Айды жана жылдыздарды жерден караганда көрүнө тургандай кылып койгон (Башталыш 1:14—19).

  •  5-күн: Кудай сууда жашоочу жаныбарларды жана канаттууларды жараткан (Башталыш 1:20—23).

  •  6-күн: Кудай кургактыкта жашаган жаныбарларды жана адамдарды жараткан (Башталыш 1:24—31).

 Алты күндөн кийин Кудай «эс ала баштаган», башкача айтканда, жаратканын токтоткон (Башталыш 2:1, 2).

 Башталыш китеби илимге шайкеш келеби?

 Ыйык Китептеги жаратуу жөнүндөгү билдирүү илимий сөздөр менен майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлгөн эмес. Тескерисинче, жаратуу иштери кандай тартипте жүргөнү байыркы убакта жашаган адамдар да түшүнө алгыдай тил менен жазылган. Ал билдирүү далилденген илимий фактыларга каршы келбейт. Астрофизик Роберт Ястров мындай деп жазган: «Майда-чүйдө нерсеге келгенде, Ыйык Китептеги жаратуу жөнүндөгү билдирүү менен астрономиялык фактылар айырмаланат. Бирок негизги нерсеге келгенде, экөө бирдей эле: адамга чейинки нерселер белгилүү бир убакытта жана бир заматта пайда болгон».

 Күн, Ай, жылдыздар качан жаратылган?

 Кудай «башында» асманды жаратканда эле Күндү, Айды жана жылдыздарды жараткан (Башталыш 1:1). Бирок алардын жарыгы, сыягы, атмосферанын калың катмарынан өтө албагандыктан жерге тие элек болчу (Башталыш 1:2). Биринчи күнү чачыранды нурлар көрүнсө да, алардын булагы көрүнө элек болчу. Ал эми төртүнчү күнү атмосфера, калыбы, тазарып калган. Ыйык Китепке ылайык, ошондо Күн, Ай, жылдыздар «жерге жарык бере» баштаган. Бул алардын жерден караганда көрүнө баштаганын көрсөтүп турат (Башталыш 1:17).

 Ыйык Китепке ылайык, Жер канча «жашта»?

 Ыйык Китепте бул туурасында эч нерсе айтылбайт. Башталыш 1:1де ааламдын, анын ичинде жердин башталышы болгону гана көрсөтүлгөн. Бул сөздөр окумуштуулардын илимий принциптерине да, Жердин курагына байланыштуу эсептөөлөрүнө да каршы келбейт.