Купуялуулук жөндөөлөрү

Сайтты колдонуу ыңгайлуу болушу үчүн биз cookie файлдарын жана башка ушу сыяктуу программаларды колдонобуз. Айрым cookie файлдары веб-сайтыбыз тийиштүү түрдө иштеши үчүн зарыл жана алардан баш тартууга болбойт. Сиз сайтыбызды жакшыртууга шарт түзгөн кошумча cookie файлдарын колдонууга макулдугуңузду бере аласыз же алардан баш тарта аласыз. Биз чогулткан маалыматтар эч качан сатылбайт, маркетинг үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Cookie файлдарын жана ушу сыяктуу программаларды колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат» деген макаланы окуңуз. Каалаган учурда «Купуялуулук жөндөөлөрүнө» кирип, cookie файлдарын өзүңүзгө ылайыктап жөндөп койсоңуз болот.

1. Кырсыктан жапа чеккендерге жардам иретинде жөнөтүлгөн нерселерди түшүрүү, Германия; 2. Суу ташкындагандан кийин Падышалык залын куруп жаткан Жахабанын Күбөлөрү, Жапония, 2011-жыл

Солдо: Швейцариядан Германиядагы бир туугандарга жиберилген жардам, 1946-жыл; оңдо: Суу ташкындагандан кийин Падышалык залын куруу, Жапония, 2011-жыл

6-БӨЛҮК

Падышалыкты колдоо. Залдарды куруу жана кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү

Падышалыкты колдоо. Залдарды куруу жана кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү

ПАДЫШАЛЫК залына кирип келип, көргөн көзүңө ишене албай туруп каласың. Бир учурда ал залды курууга катышып, эстен кеткис күндөрдү өткөргөнсүң. Ошондуктан ал залга кирген сайын аябай сыймыктанчусуң. Эми анын кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү борборуна айланганын көрүп, ого бетер сыймыктанып турасың. Жакында эле жер титирөөдөн улам сен жашаган жер бүлгүнгө учураган болчу. Ошондо филиалдын комитети жапа чеккендерди тамак-аш, кийим-кечек, таза суу жана башка зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн дароо чара көргөн эле. Падышалык залында тартуу кылынган нерселер ирет-ирети менен жыйылып турат. Бир туугандар кезекке туруп, керектүү нерселерди алып жатканда сүйүнгөнүнөн көзгө жаш алышат.

Иса Машаяк жолдоочуларынын бири-бирине болгон сүйүүсү аларды башкалардан айырмалап турарын айткан (Жкн. 13:34, 35). Ушул бөлүктөн Кудайдын элинин ортосундагы сүйүү курулуш иштеринде, кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүүдө кандайча айкын көрүнөрүн карап чыгабыз. Бул — Кудайдын Падышалыгынын чынында эле башкарып жатканынын далили.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

18-БӨЛҮМ

Падышалыктын ишинин каржыланышы

Акча кайдан келет? Ал эмнеге жумшалат?

19-БӨЛҮМ

Куруу иши Жахабаны даңктоодо

Сыйынууга арналган имараттар Кудайды даңктаса да, Кудай имараттарды эмес, кызматчыларын жогору баалайт.

20-БӨЛҮМ

Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү

Жапа чеккендерге жардам берүү ыйык кызматтын бир бөлүгү деп эмне үчүн айта алабыз?