Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Солдо: Эйндховендеги бир тууган кабар айтканы үчүн кармалган (Нидерландия, 1945-жыл); оңдо: Силердин өлкөдө кабарды эркин айта аласыңарбы?

4-БӨЛҮК

Падышалыктын жеңиштери. Жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитүү

Падышалыктын жеңиштери. Жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитүү

ҮЙМӨ-ҮЙ кабар айтып жүрүп, милиция кызматкеринин силерди көздөй келатканын көрөсүңөр. Сен үй-ээсине кабар айта баштаганда, шеригиң тынчсыздана баштайт. Милиция кызматкери жаныңарга келип: «Үйлөрдү кыдырып, Кудай жөнүндө айтып жүргөн силерсиңерби? Эмне элдин тынчын алып жатасыңар?» — деп айтат. Силер сылыктык менен Жахабанын Күбөлөрү экениңерди айтасыңар. Андан ары эмне болот?

Андан ары эмне болору, көбүнесе, Кудайдын элинин тарыхына байланыштуу болот. Силердин өлкөңөрдөгү өкмөт Жахабанын Күбөлөрүнө кандай мамиле жасап келген? Дин тутуу эркиндиги барбы? Эгер бар болсо, андай эркиндикке бир туугандардын «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитүү» үчүн бир топ жыл бою күрөшүп келгенинин аркасында жеткениңер күмөнсүз (Флп. 1:7). Каякта жашабайлы, Жахабанын Күбөлөрүнүн сот майданындагы жеңиштери жөнүндө ой жүгүртүү ишенимибизди абдан бекемдээри шексиз. Бул бөлүктө ошондой маанилүү жеңиштердин айрымдарын карап чыгабыз. Андай жеңиштер — Падышалыктын чынында эле башкарып жатканынын далили, анткени биз андай ийгиликтерге эч качан өз күчүбүз менен жете алмак эмеспиз.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

13-БӨЛҮМ

Падышалыктын жарчылары укуктары үчүн күрөшүп келишет

Бүгүнкү күндөгү айрым соттордун көз карашы байыркы учурдагы Мыйзам окутуучу Гамалеилдикине окшош.

14-БӨЛҮМ

Бир гана Кудайдын Падышалыгына берилгендик сактайбыз

Бейтараптуулукту сактаганы үчүн Жахабанын Күбөлөрү «дарыядай» куугунтуктарга туш болушкан. Бирок аларды «жер» жутуп алган.

15-БӨЛҮМ

Дин тутуу эркиндиги үчүн күрөшүү

Кудайдын эли Падышалыктын мыйзамдарына баш ийүү укугу үчүн күрөшүп келет.