Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Солдо: Эшикте өткөрүлгөн жыйын, Лондон (Англия), 1945-жыл; оңдо: Бир күндүк атайын жыйын, Малави (Африка), 2012-жыл

5-БӨЛҮК

Падышалыктын билим берүү программасы. Падыша элине билим берүүдө

Падышалыктын билим берүү программасы. Падыша элине билим берүүдө

ЖЫЙЫНДА биринчи жолу баяндама айтып жаткан жаш бир тууганды көрүп, жүрөгүң жылый түшөт. Аны угуп жатканда Кудайдын өз элине берген билимине суктанбай койбойсуң. Ал бир туугандын жыйналыштан биринчи жолу сахнага чыкканын эстеп, ушунчалык дасыккан баяндамачы болуп чыга келгенине таң бересиң. Ага Пионердик кызмат мектебинен алган билими жардам берген. Жакында эле аялы экөө Падышалыктын жарчылары үчүн мектептен окуп келишкен. Анын жүрөк козгоорлук баяндамасынын соңунда баары дүркүрөтө кол чабышат. Ошондо тегерегиңди карап, Кудайдын өз элине сонун билим берип жатканына ыраазы болосуң.

Ыйык Китепте Жахабанын өз элине билим берери күн мурун айтылган (Ыш. 54:13). Биз ушул пайгамбарлык аткарылып жаткан маалда жашап жатабыз. Билимди адабияттар аркылуу эле эмес, жолугушуулар, жыйындар жана уюмдагы ар кандай иштерди аткарууга даярдаган мектептер аркылуу да алабыз. Ошол билим Кудайдын Падышалыгынын чынында эле башкарып жатканын далилдеп турат. Бул бөлүктө ушул туурасында сөз болот.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

16-БӨЛҮМ

Сыйынуу үчүн чогулуу

Жахабага сыйынуу үчүн чогулганда канткенде көбүрөөк пайда алабыз?

17-БӨЛҮМ

Падышалыктын кызматчылары билим алууда

Теократиялык мектептер Падышалыктын кызматчыларына тапшырылган ишти аткарууга кандайча жардам берүүдө?