Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Акыр заманга аз калдыбы?

Акыр заманга аз калдыбы?

Кудай адамдардын бири-бирине үстөмдүк кылып, адамзаттын келечегине коркунуч туудурушуна мындан ары да жол бере береби? Жок, биз буга чейин билгенибиздей, ал жакында чара көрүп, адамзатты кылымдардан бери көрсөтүлүп келаткан кысым менен азап-кайгыдан арылтат. Адам баласынын жана жердин Жаратканы силердин да ал чара көрө турган убакытка аз калганын билишиңерди каалайт. Ал бизге мындай маанилүү маалыматты кандай жол менен берүүдө?

Бир мисалга токтололу. Машине менен бир жакка биринчи жолу баратасыңар дейли. Андайда адегенде Интернеттен же дагы башка жактан жолдун картасын карап алмаксыңар. Анан жолдон кетип баратып картада белгиленген жерлерди же жазууларды көргөн сайын көздөгөн жериңерге жакындап калганыңарга көзүңөр жете бермек. Ошол өңдүү эле, Кудай да бизге адамзаттын кайсы багытта баратканын Ыйык Китеп аркылуу так-даана көрсөтүүдө. Ал китепте алдын ала айтылган, жол көрсөткүчтөргө окшогон окуяларды көргөнүбүздө биз да бул дүйнөнүн акырына аз калган убакта жашап жатканыбызды түшүнөбүз.

Ыйык Китепте адамзаттын тарыхта мурун болбогон, кийин да кайталанбай турган жана өрчүп отуруп акыры туу чокусуна жете турган өзгөчө бир убакка тушугары айтылган. Ал убакта, чогуусунан алганда, башка бир да мезгилде болбогон бир канча окуя болуп өтмөк. Эмесе, айрымдарына токтололу.

1. ДҮЙНӨДӨГҮ АБАЛДЫН ЧУКУЛ ӨЗГӨРҮШҮ Ыйык Китептеги Матай деген китептин 24-бөлүмүндө акыр замандын белгиси боло турган окуялар алдын ала айтылган. Ал эскертүүчү белгиден «дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» жана анын акырына аз калганын түшүнүүгө болот (3, 14-аяттар). Чоң масштабдагы согуштар, ачарчылык, жер-жерлерде жер титирөөлөрдүн болушу, мыйзамсыздыктын күчөшү, сүйүүнүн муздашы жана диний жетекчилердин элди адаштырышы ошол белги болуп саналат (6—26-аяттар). Албетте, кандайдыр бир деңгээлде ушу сыяктуу нерселер тарыхта кылымдар бою эле болуп келген. Анткен менен дүйнөнүн акырына аз калганда мындай нерселердин баары бир мезгил аралыгында болмок жана төмөндөгү дагы башка үч белги менен коштолмок.

2. АДАМДАРДЫН ПЕЙИЛИНИН БУЗУЛУШУ Ыйык Китепте дүйнөнүн акырына барып такала турган «акыркы күндөрдө» адамдардын пейили бузулары алдын ала айтылган. Анда мындай деп жазылган: «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн, акарат кылган, ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, жалаа жапкан, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, чыккынчы, өз дегенин бербеген, текебер, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн... болушат» (2 Тиметей 3:1—5). Ырас, башкаларды сыйлабагандар дайыма эле болуп келген, бирок андай көрүнүш «акыркы күндөрдө» мурун болуп көрбөгөндөй күчөмөк. Ошондуктан ал убак «өзгөчө оор мезгил» деп аталган. Азыркы күндө дал ошондой болуп жатканын, адамдардын барган сайын адамдык касиети жоголуп баратканын байкап жатасыңарбы?

3. ЖЕРДИН КЫЙРАТЫЛЫШЫ Ыйык Китепте Кудайдын «жерди кыйраткандарды кыйратары» жазылган (Аян 11:18). Адамдар жерди кантип кыйратышы мүмкүн? Нух пайгамбар жашаган убак жөнүндө: «Жер бети зордук-зомбулукка толуп, чыныгы Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү болуп калды. Кудай жерге көз чаптырып, анын жийиркеничтүү болуп калганын көрдү»,— деп жазылган. Ошондуктан Кудай жерди ошондой мааниде кыйраткан бузулган коомду «жок кылып, жерди ээн калтырууну» чечкен (Башталыш 6:11—13). Ушу тапта да жер бетинде зордук-зомбулук күндөн күнгө күч алып баратканын байкап жатасыңарбы? Мындан сырткары, азыркы куралдарды эске алганда, адам баласы өзүн тукум курут кылып, жерди сөздүн түз маанисинде да кыйратып салгыдай деңгээлге жетип калды. Ошондой эле адамдын иш-аракетинин айынан жердеги тиричиликке шарт түзгөн система: жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү, аба жана океандар тынымсыз булганууда.

Ойлоп көрсөңөр, мындан бир кылым мурун адамзат өзүн толугу менен жок кылып жибериши мүмкүн деген коркунуч бар беле? Ал эми учурда не бир кубаттуу куралдардын көбөйүшү жана айлана-чөйрөнүн болуп көрбөгөндөй булганышы адамзатты ошондой чекке жеткирүүдө. Технология укмуштуудай тездик менен өнүгүп жаткандыктан, адам баласы өзү ойлоп чыгарган нерселеринин канчалык кесепеттүү экенин түшүнүүгө да, кандайдыр бир чара көрүүгө да үлгүрбөй жаткандай сезилет. Бирок, бактыга жараша, Жер планетасынын келечеги адамдардын колунда эмес. Кудай жердеги тиричилик жок болуп кете электе, жерди кыйратып жаткандардын өздөрүн кыйратат. Ал муну өзү убада кылган!

4. ЖАКШЫ КАБАРДЫН ДҮЙНӨНҮН ЧАР ТАРАБЫНА ЖАРЫЯЛАНЫШЫ Дүйнөнүн акырына аз калганынын дагы бир белгиси бүт жер жүзү боюнча кайталангыс бир чоң иштин жүргүзүлүшү болмок. Ал тууралуу Ыйык Китепте: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деп жазылган (Матай 24:14). Бул иш көптөгөн диндердин кылымдардан бери жүргүзүп келаткан өз динин жайылтуу ишинен кыйла айырмаланат. Себеби акыркы күндөрдө өзгөчө кабар, «Падышалык жөнүндөгү», башкача айтканда, Кудайдын өкмөтү жөнүндөгү жакшы кабар таратылмак. Ушундай кабарды тараткан динди билесиңерби? Эгер билсеңер, ал диндин өкүлдөрү ал кабарды белгилүү бир жерде гана таратышабы же «дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүшөбү»?

Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабар дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн тилдерде жарыяланууда

www.jw.org веб-сайты дал ошол «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарга» басым жасайт. Сайттагы бул кабарды түшүндүргөн маалымат 700дөн ашуун тилге которулат. Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды бүт жер жүзүнө ушундай ынтызарлык менен жарыялап жаткан башка динди билесиңерби? Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды Интернет жок кезде эле бүкүлү дүйнөгө жар салганы менен белгилүү болчу. Маселен, 1939-жылдан тартып «Күзөт мунарасы» журналынын мукабасына «Жахабанын Падышалыгын жарыялайт» деген сөздөр жазыла баштаган. Мындан сырткары, диндер жөнүндөгү бир китепте жакшы кабарды жарыялоодо Жахабанын Күбөлөрүнө «жигердүүлүгү жагынан да, аткарган ишинин масштабы» жагынан да дээрлик эч ким тең келе албасы жазылган. Бул күбөлөндүрүү иши Кудайдын Падышалыгынын иш-аракетинин аркасында жакында «дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет» деген жакшы кабарга басым жасайт.

ТАРЫХТАГЫ ӨЗГӨЧӨ МЕЗГИЛ

Ушул макаладагы сөз кылынган Ыйык Китепте берилген төрт эскертүүчү белгини байкап жатасыңарбы? Окурмандар дүйнөнүн акыры жакындап калганына өздөрү ынанышы үчүн, колуңардагы журнал жүз жылдан ашык убакыттан бери дүйнөдөгү окуялар жөнүндө маалымат берип келет. Анткен менен айрымдар фактылар менен статистикалык билдирүүлөрдү жеке кишилердин гана маалыматы деп эсептеп, аларды өзгөртүп койсо боло берерин айтышат. Ошондой эле дүйнөдөгү абал дүйнө өз ара тыгызыраак байланышта болуп бараткандыктан гана мурункудан начарлап бараткандай сезилүүдө деп айтышат. Бирок ушу тапта биздин адамзат тарыхындагы өзгөчө мезгилдин акырына жакындап баратканыбыздын далилдери көбөйгөндөн көбөйүүдө.

Айрым адистердин ою боюнча, жакында Жер планетасында чоң өзгөрүүлөр болот. Алсак, 2014-жылы окумуштуулар БУУнун коопсуздук кеңешине адамзаттын жашоосу чоң коркунуч алдында турарын эскерткен. Алар: «Бул коркунучтарды кылдат изилдеген соң биз адамзат коомуна коркунуч туудурган технологиялык катастрофанын болушунун ыктымалдуулугу дагы деле жогору бойдон калууда деген бүтүмгө келдик»,— деп билдиришкен. Ооба, учурда адамзат тарыхындагы эң чоң өзгөрүүгө жакындап калганыбызга көптөрдүн барган сайын көзү жетүүдө. Бул журналды басып чыгаргандар жана анын окурмандары акыркы күндөрдө жашап жатканыбызга жана дүйнөнүн акырына аз калганына эч шектенишпейт. Бирок дүйнөнүн акырынан коркуунун кереги жок. Эмне үчүн? Себеби дүйнөнүн акырынан аман калууга болот.