Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ ЭЭСИ МЕНЕН МАЕКТЕШҮҮ

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатат?

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатат?

Төмөндө Жахабанын Күбөсүнүн үй ээси менен курган маеги жазылган. Келгиле, алардын маегине көңүл буралы.

КЫЙНАЛЫП ЖАТКАНЫБЫЗГА КУДАЙ КАЙДЫГЕР КАРАЙБЫ?

Жахабанын Күбөсү: Кандайсыз? Ырас, үйдө турбайсызбы. Жакшы жатасызбы?

Үй ээси: Жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

Жахабанын Күбөсү: Жакшы, рахмат. Өткөндө азап тартканыбызга Кудай кайдыгер карабай турганы жөнүндө сүйлөшпөдүк беле *. Сиз ушул жөнүндө көптөн бери, айрыкча, апаңыз жол кырсыгына кабылгандан тартып ойлонуп жүргөнүңүздү айттыңыз эле. Апаңыз кандай болуп калды?

Үй ээси: Бирде жакшы, бирде жаман болуп калат. Бирок бүгүн, Кудайга шүгүр, жакшыраак.

Жахабанын Күбөсү: Жакшы болсо эле болду. Апаңыздын жаны кыйналып жатканын көргөндө сиз да аябай эле кыйналат болушуңуз керек.

Үй ээси: Ооба. Кээде тим эле зээним кейип кетет.

Жахабанын Күбөсү: Чын эле, эч ким апасынын кыйналышын каалабайт. Өткөндө: «Эгер Кудай кудурети күчтүү болсо, анда эмне үчүн адам баласын азап-кайгыдан эмгиче арылтпайт?» — деген суроону талкуулайлы деп сүйлөшпөдүк беле, эсиңиздеби?

Үй ээси: Ооба, эсимде.

Жахабанын Күбөсү: Бул суроого Ыйык Китептен жооп алардан мурун эмнелер жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү бир сыйра эстей кетпейлиби.

Үй ээси: Мейли.

Жахабанын Күбөсү: Байыркы учурда жашаган бир пайгамбар да Кудайдан: «Эмнеге кырсык-каргашаны унчукпай карап турасың?» — деп сураганын окуганбыз. Бирок Кудай аны ушундай суроо бергени үчүн ишенимиң аз деп айыптаган эмес.

Үй ээси: Ошону укканда аябай таң калган болчумун.

Жахабанын Күбөсү: Мындан тышкары, Жахаба Кудайдын азап тартып жатканыбызды көргөндө жүрөгү сыздаары жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Мисалы, Ыйык Китепте Кудайдын эли «кыйналган сайын, [анын] да кыйналганы» айтылат эмеспи *. Биз азап чегип, кыйналып жатканда, Кудайдын бизге боор ооруй турганын окуганбыз.

Үй ээси: Ооба, эсимде.

Жахабанын Күбөсү: Анан сөзүбүздүн аягында учу-кыйыры жок ай-ааламды жараткан Кудайдын кантип эле бизди азап-кайгыдан арылтууга кудурети жетпесин деген суроого токтолгонбуз.

Үй ээси: Мен так ушуну түшүнө албайм. Чеги жок күчкө ээ болгон Кудай бизди кууратпай эле кыйынчылыктарыбызды эмнеге бир заматта жок кылып салбайт?

КИМИСИНИКИ ЧЫН?

Жахабанын Күбөсү: Сизди кызыктырган суроонун жообу Ыйык Китептин Башталыш китебинде жазылган. Сиз Адам ата менен Обо эне жана алардын Кудай жебе деп тыюу салган мөмөнү жеп алганы жөнүндө мурун уктуңуз беле?

Үй ээси: Укканым бар. Атам-апамдар айтып калышчу.

 Жахабанын Күбөсү: Келиңиз анда, Адам ата менен Обо эненин эмне үчүн Кудайдын тилин албай, күнөөгө батканы жөнүндө окуп көрөлү. Анткени муну билип алсак, сизди кызыктырган суроого жооп алабыз. Бул жерде жазылгандарды окуп көрсөңүз (Башталыш 3:1—5).

Үй ээси: «Жахаба Кудай жараткан талаа жаныбарларынын ичинен жылан абдан сак болчу. Ал аялдан: „Чын эле Кудай силерге бактагы дарактардын баарынан эле жей бербешиңер керектигин айтты беле?“ — деп сурады. Аял ага: „Бактагы дарактардын жемишинен жесек болот. Бирок бактын ортосундагы дарактын жемиши жөнүндө Кудай: “Өлүп калбашыңар үчүн, андан жебегиле, ага тийбегиле”,— деп айткан“,— деп жооп берди. Ошондо жылан: „Жок, өлбөйсүңөр. Кудай силердин андан жеген күнү көзүңөр ачыларын, жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каларыңарды билет“,— деди».

Жахабанын Күбөсү: Жакшы, эми ушул аяттарды талдап көрөлү. Адегенде Обо эне менен жыландын сүйлөшкөнүнө көңүл бурсаңыз. Ыйык Китептеги башка аяттардан жылан аркылуу чынында Шайтан Ибилис сүйлөгөнүн биле алабыз *. Шайтан мөмөсүн жегенге тыюу салынган бак жөнүндө кеп кылган. Эгер Адам ата менен Обо эне ошол бактын мөмөсүнөн жеп алышса, Кудайдын айтканына ылайык, эмне болушмак?

Үй ээси: Өлүшмөк турбайбы.

Жахабанын Күбөсү: Туура айтасыз. Обо эне менен сүйлөшүп жатканда Шайтандын Кудай жөнүндө эмне деп калп айтканын карасаңыз. Ал: «Жок, өлбөйсүңөр» — деп, Кудайды жалганчы кылып көрсөткөн.

Үй ээси: Ушу жөнүндө такыр укпаптырмын.

Жахабанын Күбөсү: Ошентип, Шайтан Кудайды калпычы деп каралап, анын бүт жаратууларына тиешелүү болгон талаш маселе көтөргөн. Эмне үчүн ошенткен деп ойлойсуз?

Үй ээси: М-м, анысын билбейт экенмин.

Жахабанын Күбөсү: Муну жакшыраак түшүнүш үчүн бир мисал келтирейин. Бир күнү мен сизге келип алып: «Мен сизден күчтүүмүн!» — десем, сиз муну төгүнгө чыгарыш үчүн эмне кылат элеңиз?

Үй ээси: Кел, күч сынашып көрөлү деп айтмакмын.

Жахабанын Күбөсү: Экөөбүз, балким, оор бир нерсени ортого коюп туруп, кезектешип көтөрүп көрмөкпүз. Чынын айтканда, ким күчтүү, ким алсыз экенин аныктоо кыйынга деле турбайт болчу.

Үй ээси: А-а, эми түшүндүм окшойт.

Жахабанын Күбөсү: Ал эми мен: «Сизден күчтүүмүн деп эмес, сиз жалганчысыз мен чынчылмын»,— десем, кимдин жалганчы, кимдин чынчыл экендигин дароо далилдөө кыйынга турмактыгына кошулат чыгарсыз.

Үй ээси: Ооба.

Жахабанын Күбөсү: Кишинин чынчыл экенин анын күчүн сынагандай сыноо мүмкүн эмес, чынбы?

Үй ээси: Чын.

Жахабанын Күбөсү: Кимдин чынчыл, кимдин калпычы экенин далилдегенге бир топ убакыт керек болору айтпаса да түшүнүктүү.

Үй ээси: Туура.

Жахабанын Күбөсү: Бул жерде жазылгандарга кайра көңүл бурсаңыз. Шайтан: «Мен Кудайдан күчтүүмүн»,— деп айтыптырбы?

Үй ээси: Жок.

Жахабанын Күбөсү: Эгер ал ошентип айтса, Кудай күчтүү экенин бат эле далилдеп коймок. Бирок Шайтан Кудайды жалганчы деп каралаган. Мындайча айтканда, ал кууланып Обо энеге: «Кудай силерге калп айтып койду. Мен болсо чындыкты айтып жатам»,— деп айткандай эле болгон.

Үй ээси: М-м, кызыктуу экен.

Жахабанын Күбөсү: Акылман Кудай муну далилдеш үчүн убакыт керек экенин жакшы билген. Ошондо кимиси чындыкты айтканы, кимиси калп айтканы аныкталмак.

ААЛАМДАГЫ МААНИЛҮҮ ТАЛАШ МАСЕЛЕ

Үй ээси: Бирок Обо эне өлгөндө, Шайтандын калпычы экени толугу менен далилденген да.

Жахабанын Күбөсү: Кандайдыр бир мааниде далилденген деп айтсак болот. Бирок Шайтан көтөргөн талаш маселе ошону менен эле чечилип калган эмес. Бешинчи аятты карасаңыз. Шайтан Обо энеге дагы эмне деп айтыптыр?

 Үй ээси: Мөмөдөн «жеген күнү көзүңөр ачылат» деген турбайбы.

Жахабанын Күбөсү: Андан ары эмне дегенин карасаңыз: «Жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каласыңар»,— деген. Башкача айтканда, Шайтан адамдардан Кудай жакшы бир нерсени жашырып жатат деп кыйытып айткан.

Үй ээси: А-а, ошондойбу!

Жахабанын Күбөсү: Ооба, бул да бир чоң талаш маселе болгон.

Үй ээси: Кандай маселе?

Жахабанын Күбөсү: Ал Обо эне да, дегеле бүт адамзат Кудайсыз эле сонун жашап кете алат дегиси келген. Мунусунда да Жахаба Кудай Шайтанга айткандарын далилдөөгө убакыт берсе, баары эң сонун чечилерин билген. Андыктан ага кайсы бир убакытка чейин дүйнөнү башкарууга жол берген. Азыр дүйнөнү Кудай эмес, Шайтан башкарып жаткандыктан, жер жүзү жамандыкка толуп кетти *. Бирок бул Кудай бизди таптакыр эле таштап салды дегенди билдирбейт.

Үй ээси: Кандайча?

Жахабанын Күбөсү: Келиңиз анда, Кудайдын бизге кам көрөрүн көрсөткөн эки далилди карап көрөлү. Биринчиден, Кудай биздин кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп, канчалык кыйналып жатканыбызды билет. Дөөтү пайгамбар жашоосунда көп азап тартып, көп көз жаш төккөн, бирок ал Кудайдан тиленгенде Забур 31:7де жазылган сөздөрдү айткан. Ушул аятты өзүңүз окуп көрсөңүз.

Үй ээси: «Сенин мээримдүүлүгүңө кубанам да, шаттанам, анткени тарткан азабымды көрдүң, жанымдын кыйналганын билдиң»,— дейт.

Жахабанын Күбөсү: Жахаба Кудай Дөөтү пайгамбардын азап тартканын көрүп турган. Пайгамбар муну билгендиктен, кайгыга малынып турса да, кайраттуу болгон. Кээде башкалар биздин канчалык кыйналып, жүрөгүбүздүн канчалык сыздап жатканын толугу менен түшүнө албайт. Ал эми Жахаба Кудай бизди түшүнүп эле койбостон, тереңде жаткан сезимдерибизди да туя алат. Көрдүңүзбү, ал — абдан боорукер Кудай!

Үй ээси: М-м, чын эле.

Жахабанын Күбөсү: Экинчиден, Кудай биздин дайыма эле ушинтип азап-кайгыдан башыбыз чыкпай, мүңкүрөп жүрө беришибизге жол бербейт. Ыйык Китепте анын жакында кара өзгөй Шайтанды биротоло жок кылары айтылат. Ошондо адам баласын азапка салган жамандыктын баары жок болот. Апаңыз оорусунан айыгат, сиз болсо баш көтөртпөй басып турган оор жүктөн арыласыз. Анда эмки жумада Кудайдын жамандыкты жок кыларына эмне үчүн бекем ишенсек болорун айтып бербеймби? *

Үй ээси: Макул.

Балким, кайсы бир суроонун жообун же Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенери жөнүндө билгиңер келип жүргөндүр. Эгер ошондой болсо, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Алар суроолоруңарга жооп берүүгө даяр.

^ абз. 7 Ушул журналдын 2013-жылдын 1-июлундагы санына чыккан «Үй ээси менен маектешүү. Кыйналып жатканыбыз Кудайга баары бирби?» деген макаланы карагыла. Ал журнал www.jw.org/ky сайтында да бар.

^ абз. 17 Карагыла: Ышая 63:9.

^ абз. 26 Карагыла: Аян 12:9.

^ абз. 61 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 9-бөлүмүн карагыла. Ал китеп www.jw.org/ky сайтында да бар.