Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ӨЛҮМ МЕНЕН БААРЫ БҮТӨБҮ?

Өлүмдүн уу тырмагы

Өлүмдүн уу тырмагы

Көптөр өлүм деген сөздү уккусу келбейт. Деги эле өлүм жөнүндө сүйлөшкөндөн качат. Бирок шум ажал кыя өтпөгөн бир да жан жок. Тырмагы курч өлүм ар бир жандын эт жүрөгүн сыздатып, күйүт тарттырат.

Эч ким эч качан ата-энесинен, жарынан же баласынан айрылгысы келбейт. Кээде адамдын өмүрү күтүлбөгөн жерден өчсө, кээде карылыгы жетип же оорудан кыйналып отуруп көз жумат. Кандай болбосун, жакыныбыздан ажыраганда, жүрөгүбүз канап, кабыргабыз кайышпай койбойт.

Антонионун атасын машине сүзүп кеткен. Атасынан заматта эле айрылып калган Антонио мындай деп ой бөлүшөт: «Бул бирөө үйүңдү кулпулап, ачкычыңды алып алганга окшош экен. Үйүңө бир азга гана кирип чыгайын десең да, кире албайсың. Өткөн күндөрдү эскерип жашагандан башка аргаң жок. Эми ушуга моюн сунуп күн өткөргөнгө туура келет. Бул адилетсиздиктей сезилгендиктен такыр ишенгиң келбейт. Бирок эч нерсени өзгөртө албайсың».

47 жашында жесир калган Дороти өлүмгө байланыштуу суроолоруна жооп алгысы келген. Ал адам өлгөндөн кийин жашай берет деп башкаларды окутса да, өзү өлгөндөрдүн абалы жөнүндө так билчү эмес. Ошондуктан бир диний жетекчиден: «Адам өлгөндө эмне болот?» — деп сураган. Ал: «Муну эч ким билбейт. Күтө турсак, кийинчерээк билебиз»,— деп жооп берген.

Бул суроого жооп алыш үчүн чын эле «күтө турушубуз» керекпи? Же өлгөндөрдүн абалы жөнүндө билүүнүн башка жолу барбы?