Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба Кудай көзүмдү ачты

Жахаба Кудай көзүмдү ачты

Жахаба Кудай көзүмдү ачты

АЙТЫП БЕРГЕН: ПАТРИК ОИЕКА

Кеч кирип калган маал болчу. Адаттагыдай эле, радионун жанында жалгыз, кайгыга батып отурган күндөрүмдүн бири эле. Бир маалда мага сокур болуп ушинтип жашагандан көрө өлгөнүм артык деген ой келди. Анан бир кружка сууга уу кошуп, столдун үстүнө коюп койдум. Уу ичердин алдында акыркы жолу жуунуп-тазаланып, жакшы кийимимди кийип алайын деп ойлодум. Эмесе, ошондо эмне үчүн өмүрүмдү кыйгым келгенин жана эмне болуп өлбөй калганымды айтып берейин.

МЕН 1958-жылы 2-февралда Конго Демократиялык Республикасындагы Касаи-Ориентал деген жерде туулгам. Атам тогуз жашымда кайтыш болуп калып, мени улуу агам чоңойткон.

Мектепти бүткөндөн кийин каучук өстүргөн жерде иштей баштадым. Ошондо 1989-жыл болчу. Күндөрдүн биринде жумушум боюнча отчёт даярдап жаткам. Капыстан эле көзүм эч нерсе көрбөй, капкараңгы болуп калды. Алгач электр жарыгы өчүп калды деп ойлодум, бирок генератордун иштеп жатканы угулуп жатты, анын үстүнө, эртең мененки эле убак болчу. Эч нерсе, атүгүл алдымдагы дептеримди көрө албай калганымда көзүм көрбөй калганын түшүнүп, жүрөгүм алкымыма тыгыла түштү!

Дароо эле кол алдымда иштеген жигитке чалып, мени ошол жердеги ооруканага алып барып келишин сурандым. Ал мага шаардагы тажрыйбалуу доктурларга эле барганым жакшы болорун айтты. Мени текшерген доктур көзүмдүн торчо кабыгы айрылып калганын, абалымдын аябай эле оор экенин байкап, борбор калаага, Киншасага, жөнөттү.

Киншасадагы жашоом

Киншасада мен көрүнбөгөн көз догдур калган жок, бирок алардын бири да жардам бере алган жок. Ооруканада бир жарым айдай жаттым. Ошондон кийин доктурлар көзүмдү айыктыруу мүмкүн эмес экенин айтышты. Бир туугандарым керемет жасап ооруларды айыктырабыз деген чиркөөлөргө мени канча алып барышты. Бирок мындан эч кандай майнап чыккан жок.

Акыры, көзүмдүн көрөрүнөн үмүтүм үзүлүп, көңүлүм чөгүп, жашоонун кызыгы жок болуп калды. Көзүм көрбөй калгандан кийин иштей да албай калдым. Келинчегим болсо тапкан-ташыганыбыздын баарын алып, үйгө эч нерсе калтырбай кетип калды. Кошуна-колоңдордон уялып, алар менен сүйлөшпөй калдым. Элден качып, үйдөн такыр чыкчу эмесмин. Өзүмдү эч нерсеге жараксыз, эч кимге кереги жоктой сезчүмүн.

Эки жолу өзүмдү өлтүргөнгө аракет кылдым. Жогоруда айтылган окуя экинчи жолку аракетим болчу. Ошондо мени биздин үйдө жүргөн кичинекей бала сактап калган. Мен жуунуп жатканда, ал билбей эле мен ичем деп даярдап койгон кружкадагы уу кошулган сууну төгүп салыптыр. Дагы жакшы, Кудай өзү сактап, сууну ичип албаптыр. Жуунуп келгенден кийин кружканы издеп таппай калдым. Кружканы аябай издеп, таппай калганымда ойлогон оюм ишке ашпай калганына абдан жаман болдум. Анан үйдөгүлөргө эмне үчүн ал кружканы анчалык издеп жатканымды, эмне кылайын дегенимди айттым.

Өлбөй калганым үчүн Кудайга жана бир туугандарыма миң мертебе ыраазымын. Ошондон кийин өзүмдү өлтүрөм деп аракет кылбай калгам.

Үмүтүм кайра жанды

1992-жыл болчу. Жекшемби күнү эшиктин алдында тамеки тартып отургам. Бир маалда үйдөн үйгө кабар айтып жүргөн эки Жахабанын Күбөсү келип, мага кабар айтып калышты. Менин сокур экенимди байкап, алар мага Ыйык Китептеги: «Ошол убакта сокурлардын көзү ачылат, дүлөйлөрдүн кулагы угат»,— деген сөздөрдү окуп беришти (Ышая 35:5). Ал сөздөрдү укканда кубанычка жүрөгүм элирип, аябай кубангам! Бир туугандарым алып барган чиркөөдөгүлөрдөн айырмаланып, алар керемет жолу менен айыгарымды эмес, Кудайды таанып-билсем, келечекте боло турган бейиште көзүм кайрадан көрөрүн айтышты (Жакан 17:3). Ошондо дароо эле Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепке негизделген «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» деген китепти изилдегенге макул болдум. Ошондой эле алардын жыйналыштарына барып, бара-бара өзгөрө баштадым. Тамекини да таштадым.

Бирок Кудай жөнүндө көбүрөөк билип, ага кызмат кылыш үчүн Брайл арибинде окуганды жана жазганды үйрөнүшүм керек болду. Ошондуктан көзү көрбөгөндөргө Брайл арибин үйрөткөн курска бара баштадым. Бул мага Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залында өткөрүлгөн мектептен билим алганга жардам берди. Ошондон көп өтпөй кабар айтуу ишине катыша баштадым. Өчүп калган үмүтүм кайра жанып, жашоом маңыздуу боло баштады. Убакыттын өтүшү менен дагы көп ийгиликтерди кылып, 1994-жылы 7-майда Жахабанын Күбөсү болдум.

Жахаба Кудайга жана адамдарга болгон сүйүүм өскөн сайын, убактымдын көбүн Кудайга кызмат кылууга арнагым келе баштады. Ошентип, 1995-жылы 1-декабрда үзгүлтүксүз пионер, башкача айтканда, убактысынын көбүн Кудайга кызмат кылууга арнаган кызматчы болдум. Ошондой эле 2004-жылы мага дагы бир сыймыктуу жоопкерчилик берилди: мен жыйналышка аксакал болуп дайындалдым. Кээде биздин аймактагы башка жыйналыштагылар да Ыйык Китепке негизделген баяндама айтууга чакырып турушат. Кудайдын ушул баталарынын баары мага чоң кубаныч тартуулайт. Жахаба Кудайга кызмат кылууга болгон каалоону эч нерсе чектей албай турганына күн өткөн сайын ынанып келем.

Жахаба мага «көз» берди

Жогоруда айтып өткөнүмдөй эле, сокур болуп калганымда, аялым кетип калган. Бирок Ани Мавабу деген кыз көзүм көрбөгөнүнө карабай мага турмушка чыкты. Аны Жахабанын мага берген батасы деп эсептейм. Ал бөксө жеримди толуктады, мындайча айтканда, «көзүм» болуп калды. Ал да убактысынын көбүн Кудайга кызмат кылууга арнаган кызматчы. Адамдарга Кудай жөнүндө кабар айтканда, ал мени дайыма жандап жүрөт. Баяндама даярдаш керек болгондо, керектүү ойлорду Брайл арибинде жазып алышым үчүн, баяндама негизделген адабияттардагы маалыматты окуп берет. Ал — Кудайдын мага берген баалуу белеги. Мен Сулайман пайгамбардын: «Аталардан калган мурас — үй менен байлык, ал эми эстүү аял Жахабадан»,— деген сөздөрүнүн калетсиздигине ынанып келем (Накыл сөздөр 19:14).

Ани экөөбүздүн Кудай берген бир уул, бир кызыбыз бар. Жер бетинде боло турган бейиште алардын жүзүн көрө турган күндү чыдамсыздык менен күтүп келем. Кийин Кудай мага дагы батасын берди: агам да Ыйык Китептеги кабарды угуп, кийин Жахабанын Күбөсү болду. Биз азыр ошол бир тууганыма таандык жерде жашайбыз. Баарыбыз бир жыйналышка барабыз.

Мүмкүнчүлүгүм чектелүү болсо да, Кудайга азыркыдан да көбүрөөк кызмат кылгым келет, себеби ал мага батасын мол берип жатат (Малаки 3:10). Кудайдын Падышалыгы келип, жер бетиндеги азап-кайгынын баары жок болсо экен деп Кудайдан күндө тилейм. Жахаба Кудайды таанып-билгендиктен ишенимдүү түрдө: «Жахабанын батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт»,— деп айта алам (Накыл сөздөр 10:22).

[13-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепке негизделген баяндама айтып жатканда; жубайым, балдарым, агам менен