Элинин камын ойлогон акылдуу, эр жүрөк каныша
Ишенимдин үлгүсү
Элинин камын ойлогон акылдуу, эр жүрөк каныша
ЭСТЕР акырын кадам таштап падышанын тактысына жакындап келатат. Жакындаган сайын жүрөгү дүкүлдөп, кабынан чыгып кетчүдөй сезилет. Ал кирип келе жатканда, Шушан ак сарайы жымжырт боло түшөт. Ошондо Эстердин ар бир кадамы, кийиминин шуудураганы өзүнө угула баштайт. Каныша заңгыраган кооз ак сарайдан, анын заңкайган бийик тирөөчтөрүнөн же алыскы Лебанон токоюнан алынып келинген жыгачтан жасалган, оймо-чийме түшүрүлгөн шыбынан эмес, көзүн тактыда отурган падышадан албай келатат. Анын өмүрү так ошол падышадан көз каранды эле.
Падыша өзүн көздөй келе жаткан канышаны тигиле карап калат да, аны көздөй падыша таягын сунат. Бир караганда, бул жөн эле ишараттай көрүнөт. Бирок алтын таягын канышаны көздөй сунуу менен падыша чакыруусуз келген аялына ырайым кылып, аны өлүмдөн сактап калат. Каныша болсо тактыга жакын келип, күйөөсүнө ыраазычылык билдирип, падышанын таягына колун тийгизет (Эстер 5:1, 2) *.
Бардык нерсе Акашбейрош падышанын чексиз байлыкка жана бийликке ээ болгонун көрсөтүп турат. Ошол учурдагы Персия падышаларынын кийимин азыркы акча менен эсептегенде баасы жүз миллиондогон долларга тете болот. Бирок Эстер күйөөсүнүн көзүнөн жылуулукту, мээримди көрө алган, анткени падыша аны аябай жакшы көрчү. Ал аялына: «Эмне өтүнүч менен келдиң, Эстер каныша? Каалаганың эмне? Атүгүл падышалыгымдын жарымын сурасаң да, берем!» — деп айтат (Эстер 5:3).
Өлүмгө кыйылган элин аман алып калыш үчүн падышанын алдына келгенинин өзү эле Эстердин Кудайга болгон бекем ишенимин, эр жүрөктүгүн көрсөтүп турат. Анын буга чейин кылганы оңунан чыккан, бирок көп нерсе али алдыда болчу. Ал айтканынан кайтпаган падышага анын ишенимдүү кеңешчисинин анткор, митаам киши экенин далилдеши керек эле. Кеңешчиси падышаны жүйүт элине өлүм өкүмүн чыгарууга куулук менен көндүргөн болчу. Эстер муну кантип далилдемек? Биз андан эмнеге үйрөнө алабыз?
«Сүйлөй турган» убакты күтө билген
Эстер Акашбейрош падышага баарын ошол жерде турган кызматчылардын көзүнчө эле айтып салабы? Эгер ушундай кылса, падышанын аброю түшмөк, ал эми Аман канышанын койгон айыбын мойнуна албай, тескерисинче, анын өзүн күнөөлүү кылып коймок. Анда Эстер эмне кылышы керек эле? Кылымдар мурун жашаган даанышман Сулайман пайгамбар: «Бардык нерсенин өз убагы бар,.. унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар»,— деген (Насаатчы 3:1, 7). Мордохай бакма кызы Эстерди кичинекей кезинен эле ушу сыяктуу нерселерди айтып берип тарбиялаганы шексиз. Андыктан Эстер «сүйлөй турган убакты» күтө билүү акылдуулукка жатарын билген.
Эстер күйөөсүнө: «Эгер падышам туура көрсө, бүгүн Аман экөө меникине келишсин. Падышамды коноктош үчүн мен баарын даярдап койдум»,— дейт (Эстер 5:4). Падыша макул болуп, Аманды да чакырат. Эстердин эстүүлүгүн, акыл тегеретип иш кылганын байкасаңар. Ал күйөөсүнүн кадыр-баркын сыйлаарын көрсөткөн жана жүрөгүн эзген нерсени ылайыктуу учурда айтышы үчүн колунан келгендин баарын кылган.
Эстердин дасторконду күйөөсүнүн көңүлүнө жаккыдай кылып даярдаганы күмөнсүз. Тасмалга жүрөктү шаттыкка бөлөгөн шарап да коюлган (Забур 104:15). Падыша ичип-жеп, көңүлү көтөрүлгөндөн кийин аялынан: «Эмне суранычың бар?» — деп дагы сурайт. Эстер санаасын санга бөлүп, кыйнап жаткан нерсесин эми айтабы?
Жок, ал убакыт али келе элек экенин билген. Ал падыша менен Амандын эртеси күнү да конок болуп кетишин суранат (Эстер 5:7, 8). Ал эмне үчүн создуктурду болду экен? Эстердин элине чыгарылган өкүм ишке аша турган күн жакындап келаткан эле. Өмүрүн тобокелге салууга туура келсе да, Эстер ылайыктуу учурду тандашы керек болчу. Андыктан күйөөсүн канчалык сыйлаарын көрсөтүш үчүн аны эртеси күнү да коноктоону чечкен.
Чыдамдуулук — баалуу сапат. Бирок ал баарында эле боло бербеши мүмкүн. Эстер ичинен уйгу-туйгу болуп, түйшөлткөн нерсесин дароо эле айтып салгысы келсе да, чыдамдуулук менен ылайыктуу учурду күткөн. Туура эмес нерсени шак эле оңдоп салгыбыз келген учурларда Эстердин кылганын эстеп, аны туураганга аракет кылсак болот. Бийликтегилерге кайсы бир маселе менен кайрылганда да, Эстердей болуп, чыдамдуу болушубуз керек. Ыйык Китепте: «Чыдамдуулук менен башчыны да ынандырууга болот, жумшак тил сөөктү сындырат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 25:15). Эгер, Эстерге окшоп, ылайыктуу учурду күтө билип, оюбузду жумшактык менен билдирсек, сөөктү сындырган сымал, катуу каршылык көрсөткөн адамдардын да жүрөгүн жибите алабыз. Кудай Эстерге акылдуу, чыдамдуу болгону үчүн батасын бергенби?
Сабырдын түбү сары алтын
Эстердин сабырдуу болуп, күтө билгенинин аркасында жагдай туура нукка багыт алган. Аман падышанын да, канышанын да көңүлүнө жактым деген ойдо коноктон «кубанычтуу, көңүлдүү чыгат». Бирок падыша сарайынын дарбазасына келгенде ага бир да жолу таазим кылбаган Мордохайды көрүп, ачууланганынан заары бетине чыгат. Мордохайдын Аманга таазим кылбаганынын себеби аны сыйлабаганында эмес болчу. Бул Мордохай үчүн абийирине каршы иш кылып, Жахаба Кудайына берилгендик сактабай калууну билдирмек. Кандай болбосун, Амандын «каары кайнап чыккан» (Эстер 5:9).
Ал үйүнө келгенде аялына, досторуна Мордохайдын дагы таазим кылбай койгонун айтат. Алар болсо ага падышадан уруксат алып туруп, Мордохайды бийиктиги 22 метр болгон устунга асып салууну кеңеш кылышат. Аманга Эстер 5:12—14).
алардын сөзү эп көрүнөт да, дароо эле устун жасоону буйруйт (Так «ошол түнү падышанын уйкусу качып», уктай албай коёт. Андыктан ал кызматчыларына падышалыгында болгон окуялар баяндалган китепти алып келип, окуп берүүнү буйруйт. Ал китепте падышаны өлтүрүүнү көздөгөн эки кызматчысынын иши жөнүндө да жазылган болчу. Падыша ошол окуяны: аны өлтүрүүнү каалагандардын кармалып, өлүм жазасына тартылганын эстейт. Алардын арам оюн ишке ашырбай, кылмышынын бетин ачкан Мордохай эмне болду эле? Падыша кызматчыларынан: «Мордохайга кандай сый көрсөтүлдү эле?» — деп сурайт. Ошондо алар ага эч кандай сый көрсөтүлбөгөнүн айтышат (Эстер 6:1—3).
Тынчы кетип турган падыша бул чеки ишти дароо оңдогусу келип, ак сарай кызматчыларынан короодо төрөлөрдүн кимиси бар экенин сурайт. Короодо ким жүргөн дебейсиңерби? Аман. Ал ак сарайга падышадан Мордохайды асып салууга уруксат сураш үчүн эрте келген көрүнөт. Бирок Аман ооз ача электе эле, Акашбейрош андан падышанын алдында ырайым тапкан кишиге кандай сый көрсөтүү туура болорун сурап калат. Аман ичинен падышанын сыйына менден башка ким татыктуу болмок эле деп ойлойт да, мырзасына: «Падыша сый көрсөткүсү келген кишисине... падышанын кийимин жана минген атын... алып келип, падышанын атактуу төрөлөрүнүн бирине беришсин. Анан тиги кишиге ошол кийимди кийгизип, аны ошол атка мингизип, анын алдында: „Падыша сый көрсөткүсү келген кишисине ушундай кылат!“ — деп жар салып, шаар аянтын кыдыртып чыгышсын»,— деп кеңеш кылат. Падыша сый көрсөткүсү келген киши Мордохай экенин билгенде Амандын жүзү кандай боло түшкөнүн элестетип көрсөңөр. Анан дагы Акашбейрош шаарды аралап жар салып, Мордохайды даңктоого кимди дайындады деп ойлойсуңар? Так ошол Амандын өзүн (Эстер 6:4—10).
Аман падышанын буйругун мойнунан байлаган иттей болуп араң аткарат да, Мордохайды ого бетер жек көрүп, көңүлү чөккөн бойдон үйүн көздөй шашып жөнөйт. Аялы менен достору мунун аягы жакшы менен бүтпөй турганын, Мордохай жүйүт болгондуктан, андан сөзсүз жеңилерин айтышат (Эстер 6:12, 13).
Эстер каныша чыдамдуу болуп, дагы бир күн күткөнүнүн аркасында Аман өзүнүн зоболосун көтөрөм деп катуу уят болгон. Ал эми падышанын түнү менен уктай албай кыйналып чыкканы Жахабанын кийлигишүүсү эмеспи? (Накыл сөздөр 21:1). Ыйык Китепте күтө билүүнүн абдан маанилүү экени баса белгиленет (Микей 7:7). Ооба, кайсы бир көйгөйдү өз алдыбызча чечкенге аракет кылгандын ордуна, Кудайды күтө билсек, ал өз убагында эң сонун кылып чечип берет.
Эр жүрөктүк менен сүйлөгөн
Эстер күйөөсүнүн чыдамын кетирип, создуктуруп туруп албастан, экинчи күнү баарын айтууну чечет. Бирок кантип айтат? Каныша күткөндөй эле, падыша андан эмне өтүнүчү бар экенин дагы бир жолу сурайт (Эстер 7:2). Мына так ошол учурда Эстер «сүйлөй турган убак» келгенин түшүнөт.
Ал Акашбейрошко: «Оо, падышам, эгер сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, эгер падышам туура көрсө, анда суранам, өмүрүмдү сактап кал, өтүнөм, элимди куткарып кал»,— деген сөздөрдү айтат. Бирок бул сөздөрдү айтардан ал мурун Кудайга ичинен тиленсе керек (Эстер 7:3). Эстердин алгач падышанын туура чечим чыгарарына шектенбей турганын билдиргенине көңүл бурсаңар. Ал Баштиден — падышаны атайлап басынткан мурунку аялынан — кандай гана айырмаланган! (Эстер 1:10—12). Мындан тышкары, ал падышаны амалкөй Аманга ишеним артып жүргөнү үчүн жемелеген эмес. Тескерисинче, күйөөсүнөн өмүрүн сактап калышын жалбарып суранган.
Эстер 7:4). Эстердин көптөн бери жүрөгүн өйүп, кайгыга салган нерсесин ачык айтканы жана эли жөн эле кулчулукка сатылган болсо, «унчукпайт элем» дегени көңүлгө аларлык. Анын үстүнө, жүйүт элинин тукум курут болуп кетиши, эгер бул туурасында падышага эч ким билдирбесе, падышанын өзүнө да зыян алып келмек.
Анын өтүнүчүнө падышанын айран таң калганы күмөнсүз. Канышанын өмүрүнө кол салууга батынган ким эле? Эстер сөзүн улап күйөөсүнө: «Мени да, менин элимди да өлтүрүш үчүн, жок кылыш үчүн, тукум курут кылыш үчүн сатып жиберишти. Эгер бизди кулчулукка сатышкан болсо, анда унчукпайт элем. Бирок бул каргашага жол берилбеши керек, анткени бул падышага да зыян алып келет»,— дейт (Эстерден кимдир бирөөнү бир нерсеге кантип ынандырсак болоруна да үйрөнө алабыз. Алсак, жакшы көргөн жакындарыбызга же жогорку бийликтегилерге кандайдыр бир олуттуу көйгөй жөнүндө айтарда, чыдамдуу болсок жана урмат-сый менен кайрылып, ошол эле учурда ачык айтсак, ийгиликке жете алабыз (Накыл сөздөр 16:21, 23).
Акашбейрош падыша: «Мындай ишке батынган ким ал? Каякта ал?» — деп ачууланат. Эстер колу менен Аманды көрсөтүп: «Касыбыз да, душманыбыз да мобул кара өзгөй Аман»,— деп айтканда, бөлмөнүн ичи жаңыра түшсө керек. Аман коркконунан калтырап, эмне кыларын билбей калат. Ишенип жүргөн кеңешчиси канышаны өлүмгө кыйыш үчүн амалкөйлүк менен өкүмгө мөөр бастырганын түшүнгөндө, падышанын каарданганынан өңү бузула түшкөнүн элестетсеңер. Ал шакардай кайнаган ачуусун басыш үчүн сыртка чыгып кетет (Эстер 7:5—7).
Арамза, коркок Аман жансоогалап канышанын бутуна чөгөлөйт. Падыша эшиктен кирип келип, Амандын каныша отурган сөөрүгө жабышып алганын көргөндө ого бетер каарданып: «Эми менин көзүмчө, менин үйүмдө канышаны зордуктагың барбы?» — деп кыйкырат. Бул сөздөр Аманга өлүм өкүмү чыгарылганын билдирген. Ошондо сакчылар Амандын башын чүмкөй салып, сыртка алып чыгып кетишет. Анан ак сарайдагы төрөлөрдүн бири падышага Амандын үйүндө Мордохайды асыш үчүн жасаткан бийик устун турганын айтат. Акашбейрош падыша дароо ошол устунга Амандын өзүн асып салууну буйруйт (Эстер 7:8—10).
Адилетсиздик көп болгон азыркы дүйнөдө адилеттүүлүк такыр болбойт деп ойлошубуз мүмкүн. Силер да ушундай ойдосуңарбы? Эстер жакшылыктан үмүтүн үзүп, адамдарга ишенбей калган эмес жана анын Кудайга болгон ишеними да солгундаган эмес. Ал ылайыктуу учур келгенде эр жүрөктүк менен сүйлөп, колунан келгендин баарын кылган, ал эми калганын Жахаба Кудайга коюп, ага бүт жүрөгү менен таянган. Келгиле, биз да ушундай кылалы! Жахаба Кудай андан бери эч өзгөргөн жок: Эстердин күндөрүндө кандай болсо, бүгүн да ошондой. Ал азыр деле кара өзгөй адамдардын арам оюн ашкерелеп, өздөрү казган орго өздөрүн түшүрөт (Забур 7:11—16).
Жахаба Кудай үчүн, анын эли үчүн чечкиндүү иш-аракет кылган
Анан Акашбейрош падыша Мордохайдын тек гана анын өмүрүн сактап калган киши эле эмес, Эстердин асырап алган атасы экенин билет. Ал Мордохайды Персия падышалыгында өзүнөн кийинки эле киши кылып Амандын ордуна дайындайт. Ал эми Амандын үйүн, бардык байлыгын Эстер канышага тапшырат. Эстер болсо Мордохайды Амандын үйүнө башчы кылып коёт (Эстер 8:1, 2).
Эстер Мордохай экөө ажалдын тишинен бошонгондон кийин, тынч алып отуруп калабы? Эгер өзүнүн жанын эле ойлосо, ошондой кылмак. Амандын жүйүттөрдүн баарын кыруу тууралуу өкүмү империянын учу-кыйырына чейин тараган эле. Ал жүйүт элин кайсы учурда жок кылуу ылайыктуу болорун билиш үчүн өкчөмө таш (пур) ыргыткан болчу (Эстер 9:24—26). Ошол өкүм ишке ашырыла турган күнгө саналуу эле айлар калган, бирок убакыт зымырап учкан куштай өтүп жаткан эле. Жүйүттөр ошол кыргындан аман калат беле?
Эстер кайрадан падышанын алдына чакыруусуз барып, өмүрүн дагы бир жолу тобокелге салат. Бул жолкусунда ал күйөөсүнөн жүйүт элин кырууга байланыштуу буйрукту жокко чыгарышын өтүнүп суранат. Тилекке каршы, персиялыктардын мыйзамына ылайык, падышанын атынан жазылган буйрукту өзгөртүү мүмкүн эмес болчу (Даниел 6:12, 15). Ошол себептен падыша Эстер менен Мордохайга жаңы буйрук чыгарууга укук берет. Алар жүйүттөргө өздөрүн коргоого уруксат берилген жаңы буйрук чыгарып, империянын булуң-бурчуна чабармандарды жөнөтүшөт. Жакшы кабар жеткен жерлердеги жүйүттөрдүн жүрөгүндө кайрадан жаркын үмүттүн учкуну жанат (Эстер 8:3—16). Учу-кыйыры жок империянын чар тарабында жашаган жүйүттөрдүн колуна курал алып, душмандарына каршы турууга даярданып жатканын элестетсеңер. Жаңы буйрук чыкпаганда, алар өздөрүн коргой да алмак эмес. Эң маанилүүсү, «асман аскерлеринин Кудайы Жахаба» аларды колдойт беле? (1 Шемуел 17:45).
Жүйүттөр белгиленген күнү даяр турушат. Ошол маалда жүйүт элинен чыккан Мордохай падышанын оң колу болуптур деген кабар эл арасына шамалдай тарап кеткендиктен, Персиянын айрым төрөлөрү жүйүттөр тарапка ооп кетишет. Жахаба Кудай ошол күнү элин чоң жеңишке жеткирген. Иштин аягы башкача болушу мүмкүн эмес болчу, анткени Кудай өзү элине жардам бергендиктен, алар душмандарын экинчи баш көтөргүс кылып кырып жок кылышат * (Эстер 9:1—6).
Амандын үйүнө башчы болуп коюлган Мордохай анын он уулу тирүү турганда коопсуз болмок эмес. Андыктан алар да өлтүрүлөт (Эстер 9:7—10). Ошентип, Кудайдын айткандары аткарылат. Ал жүйүт элине каршы чыккан амалыктыктарды жер бетинен жок кыларын пайгамбарлары аркылуу мурун эле айттырган болчу (Мыйзам 25:17—19). Сыягы, Амандын уулдары каргышка калган амалык элинин акыркыларынан болгон.
Эстер элине колуна курал алып коргонууга укук берген буйрук чыгарууга катышып, жаш болгонуна карабай оор жүктү көтөргөн. Албетте, бул оңой болгон эмес. Бирок, Жахаба Кудайдын ниетине ылайык, жүйүт эли аман калышы керек болчу. Себеп дегенде, так ошол элден бүт жер жүзүндөгү адамдардын баарын күнөөдөн, өлүмдөн арылта турган Машаяк төрөлмөк (Башталыш 22:18). Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары Иса Машаяктын аны жолдогусу келгендердин баарына согушка катышууга тыюу салганын жакшы билишет (Матай 26:52).
Бирок Кудайдын кызматчылары каймана маанидеги согушка катышып жатышат. Кудайдын элинин башкы душманы Шайтан алардын Кудайга болгон ишенимин солгундатып, жок кылууну көксөйт (2 Корунттуктар 10:3, 4). Эстерге окшогон адамдар жөнүндө Ыйык Китепке жаздыртып койгону үчүн Кудайга ыраазы эмеспизби?! Биз да, Эстерди туурап, башкаларды ынандырууда акылдуу, чыдамдуу бололу! Ошондой эле Кудайдын элин эр жүрөктүк, жан аябастык менен коргоп, Кудайга бекем ишенерибизди көрсөтөлү!
[Шилтемелер]
^ 4-абз. Ушул журналдын мурунку санында жетим калган Эстерди аталаш агасы Мордохайдын багып алганы жана кийинчерээк Эстердин Персиянын падышасы Акашбейрошко турмушка чыкканы баяндалган. Ошондой эле ал макаладан билгенибиздей, падышанын кеңешчиси Аман Мордохайдын элин — жүйүт элин — кырып салууну көздөгөн. Ошондо Мордохай Эстерге элин аман алып калыш үчүн падышанын алдына барып, жалынып суранышын айткан. («Күзөт мунарасынын» 2011-жылдын октябрь—декабрындагы санына чыккан «Эли үчүн өлүмгө башын байлаган» деген макаланы карагыла.)
^ 32-абз. Жүйүттөр душмандарын биротоло жеңе алышы үчүн, падыша аларга экинчи күнү да коргонууга уруксат берет (Эстер 9:12—14). Алар ошол окуядан кийин Пурим майрамын белгилеп калышкан. Ал майрам Аман жүйүттөрдү жок кылам деп ыргыткан өкчөмө таштан (пур) улам ошентип аталып калган.
[28-беттеги кутуча]
Эстерге байланыштуу суроолор
Мордохай Эстерди эмне үчүн Жахаба Кудайга ишенбеген кишиге күйөөгө берген?
Айрым окумуштуулар Мордохайды жогорку даражага жетиш үчүн Эстерди падышага күйөөгө берген деп ырасташат, бирок минтип айтууга эч кандай негиз жок. Анткени Мордохай Жахаба Кудайга ишенген киши болгон. Ал мансап үчүн эле бакма кызын Жахабага сыйынбаган кишиге турмушка бермек эмес (Мыйзам 7:3). Ал эми жүйүттөрдүн ооздон оозго өтүп келген баяндарында Мордохайдын Эстердин падышага турмушка чыгышына тоскоолдук кылууга аракет кылганы айтылган. Бирок бул да чындыкка коошпогондой сыяктанат, анткени Мордохай да, Эстер да падышасын кудай туткан бөтөн элдин арасында жашагандыктан, өздөрү каалагандай чечим чыгарууга укугу жок болчу. Убакыттын өтүшү менен Кудай Эстердин падышага турмушка чыгышына жол бергени айкын болгон, себеби ал өз элин Эстер аркылуу аман алып калууну ниет кылган (Эстер 4:14).
Эмне үчүн Эстер китебинин бир да жеринде Кудайдын ысымы кездешпейт?
Эстер китебин Мордохай жазганы шексиз. Сыягы, Эстер китеби Иерусалимге алынып келингенге чейин Персия ак сарайындагы кагаздар менен бирге сакталган. Перстердин кудайларына сыйынгандар китептен Жахаба Кудайдын ысымын көрүшсө, китепти жок кылып салышы мүмкүн эле. Кандай болбосун, Эстер китебинде жазылган окуяларга Жахаба Кудайдын түздөн-түз катыштыгы бар экени анык. Кызыктуусу, еврей тилиндеги түп нускада Эстер китебинин 1-бөлүмүнүн 20-аятында Кудайдын ысымы акростих түрүндө берилген. Башкача айтканда, ар бир саптын башындагы сөздүн баш тамгаларын (же ар бир саптын аягындагы сөздүн акыркы тамгаларын) кошуп, Кудайдын ысымын окууга болот.
Эстер китеби тарыхый жактан такпы?
Сынчылар Эстер китеби тарыхый жактан так эмес деп ырасташат. Бирок айрым окумуштуулар ал китепти Персия падышалыгындагы башкаруу системасын, курулушун жана каада-салттарын майда-чүйдөсүнө чейин билген киши жазган дешет. Байыркы убакка тиешелүү тарыхый булактардын биринде да Эстер каныша жөнүндө эч нерсе айтылбаганы чын. Бирок Эстерди ак сарайдагылардын ичинен тарыхый документтерге жазылбай калган жалгыз эле инсан деп айтууга болбойт. Айта кетчү нерсе, табылган кол жазмаларда Мардука (Мордохай деген ысымдын персче аталышы) деген кишинин Эстер китебиндеги окуялар баяндалган маалда Шушан шаарындагы падыша сарайында кызмат кылганы айтылган.
[29-беттеги кутуча]
Пайгамбарлыктын аткарылышы
Эстер менен Мордохайдын Кудайдын эли үчүн күрөшкөнү Ыйык Китепте жазылган дагы бир пайгамбарлыктын аткарылышы болгон. Ошол окуя болгонго чейин 12 кылымдан ашуун убакыт мурун эле Жахаба Кудай Жакып пайгамбар аркылуу Жакыптын уулдарынын бири Бенжемин жөнүндө мындай сөздөрдү айттырган: «Бенжемин олжосун карышкырга окшоп жара тартат. Эртең менен кармаган жемин жейт, кечинде болсо олжосун бөлүштүрөт» (Башталыш 49:27). Бенжемин уруусунан чыккан Шабул падыша жана башка күчтүү жоокерлер «эртең менен», башкача айтканда, Ысрайыл элин падышалар башкара баштаган маалда, Жахабанын элин коргоп, душмандар менен салгылашышкан. Ал эми «кечинде», тагыраак айтканда, ысрайыл элинин падышаларынын башкаруусу токтогондо, Бенжемин уруусунан болгон Эстер менен Мордохай Жахабанын элинин душмандары менен күрөшүп, жеңишке жетишкен. Алар Амандын байлыгына ээ болуу менен каймана мааниде олжо бөлүштүрүп алышкан.
[25-беттеги сүрөт]
Эстер Акашбейрош падышанын ырайым көрсөткөнүнө ыраазы экенин билдирген
[27-беттеги сүрөт]
Эстер арам ойлуу Амандын бетин ачкан
[28-беттеги сүрөт]
Эстер менен Мордохай Персия империясындагы жүйүттөрдү коргой турган буйрук чыгарышкан