Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ал ар бирибизге жакын»

«Ал ар бирибизге жакын»

Кудайга жакында

«Ал ар бирибизге жакын»

Элчилер 17:24—27

УЧУ-КЫЙРЫ жок чексиз ааламга салыштырмалуу адам баласы чаңдын бүртүгүндөй эле болуп калат. Ошондон улам бизде: «Жөнөкөй эле пенделер Кудуреттүү Кудай менен жакын мамиледе боло алабы?» — деген суроо пайда болушу мүмкүн. Эгер Жахаба Кудай кааласа, аны менен жакын мамиледе боло алабыз. Ал муну каалайбы? Жоопту элчи Пабылдын Афиндеги илим-билимдүү адамдарга айткан сөздөрүнөн табууга болот. Анын сөздөрү Элчилер 17:24—27-аяттарда жазылган. Пабылдын ал жерде Жахаба жөнүндө төрт нерсени айтканына көңүл бурсаң.

Биринчиден, Пабыл Кудайдын «дүйнөнү жана андагынын баарын жаратканын» айткан (24-аят). Жашоону ушунчалык жагымдуу кылган табияттын кооздугу менен ар түрдүүлүгү Жаратканыбыздын камкордугун жана сүйүүсүн чагылдырып турат (Римдиктер 1:20). Ушундай сапаттарга ээ Кудай өзү жакшы көргөндөрдөн алыс болууну туура көрөт деп ойлоо акылга сыярлык эмес.

Экинчиден, Жахаба «бардыгына өмүр, дем жана бүт баарын берет» (25-аят). Ал — өмүрдүн Булагы (Забур 35:10). Жашоо үчүн өтө зарыл болгон аба, суу, тамак-аш Жаратканыбыз берген белектерге кирет (Жакып 1:17). Анда берешен Кудайыбыздын бизден алыс болуп, өзүнүн ким экенин жана ага кантип жакындай аларыбызды ачып бербейт дегенге ишенүү акылга сыябы?

Үчүнчүдөн, Кудай «бир кишиден бардык элдерди жараткан» (26-аят). Жахаба беткарама эмес жана бейкалыстыктан алыс (Элчилер 10:34). Кудайдын башкача болушу мүмкүн эмес. Ал жараткан «бир кишиден», Адам атадан, бардык улуттар, расалар тараган. Кудай «ар кандай адамдардын куткарылышын... каалайт» (1 Тиметей 2:4). Ошондуктан ага терибиздин түсүнө, улутубузга же тек-тамырыбызга карабай баарыбыз жакындай алабыз.

Төртүнчүдөн, Пабыл абдан бекемдээрлик ойду айткан: Жахаба «ар бирибизге жакын» (27-аят). Эң жогорку абалды ээлеп турганына карабай Жахабага жакындоону чын жүрөктөн каалагандар ага ар дайым кайрыла алышат. Анын Сөзүндө айтылгандай, ал бизден алыс эмес, тескерисинче, «Өзүн чакыргандардын бардыгына жакын» (Забур 144:18).

Пабылдын сөздөрүнөн айкын көрүнүп тургандай, Кудай биздин ага жакындашыбызды каалайт. Бирок, Пабыл түшүндүргөндөй, Кудай андай мүмкүнчүлүктү аны «издөөнү» жана «сезип көрүүнү» каалагандарга гана берет (27-аят). Бир маалымдама эмгекке ылайык, «эки этиш тең жетсе боло турган нерсени... же каалоону билдирет». Мисалы, караңгы, бирок тааныш бөлмөдө жарык күйгүзгүчтү же эшикти сыйпалап издегенде аны сөзсүз табарыңды билесиң. Анын сыңарындай, Кудайды чын жүрөктөн издей берсек, аракетибиз текке кетпейт. Биз аны сөзсүз табабыз (27-аят).

Сен Кудай менен жакын мамиледе болууну каалайсыңбы? Эгер аны ишеним менен «издеп», «сезип көрүүгө» умтулсаң, өкүттө калбайсың. Жахабаны табуу кыйын эмес, анткени «ал ар бирибизге жакын».