Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Мексикадагы жаштардын «Кичине шайтандар» деп аталган тобунун бир мүчөсүнө жашоосун өзгөртүп, чынчыл, эмгекчил болууга эмне түрткү берген? Жапонияда жашаган ишкер айым эмне себептен байлык топтоо максатынан баш тарткан жана жасаган өзгөрүүлөрү тууралуу азыр өзү кандай ойдо? Курал-жарак саткан орусиялык бир кишиге кирешелүү, бирок мыйзамга каршы келген ишин таштоого эмне түрткү берген? Алардын айтып бергендерине кулак салалы.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

АТЫ-ЖӨНҮ: АДРИАН ПЕРЕЗ

ЖАШЫ: 30

ӨЛКӨСҮ: МЕКСИКА

МУРУН КЫЛМЫШКЕР БОЛЧУ

КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН. 13 жашымда үйбүлөбүз Мексиканын Экатепек-де-Морелос деген штатына көчүп барды. Ал жерде өспүрүмдөр арасындагы кылмышкерлик, бүлдүрүүчүлүк жана баңгизат колдонуу кеңири жайылган эле. Көп өтпөй мен да бирөөлөрдүн мүлкүн бүлдүрүүгө катышып, ичимдикти кыянат колдонуп, адеп-ахлаксыз жашоо өткөрө баштадым.

Кийинчерээк биз кайра мен төрөлгөн Сан-Висент шаарына көчүп кеттик. Аякта да баңгизатты кыянат колдонуу чоң көйгөйгө айланып калган эле. Көчөдө өлүп жаткан жаштарды көп көрөр элек. Мен ал жактагы «Кичине шайтандар» деген кылмышкерлер тобуна кошулуп кеттим. Биз уурулук кылчубуз, баңгизаттарды колдончубуз, айрыкча, терпентин сыяктуу өткүр жыттуу суюктуктарды же клей жыттачубуз. Көп учурда үйгө кантип келгенимди билбей калсам, кээде эч нерсе сезбей көчөдө эле жатып калчумун. Досторумдун айрымдары уурулук кылганы же киши өлтүргөнү үчүн түрмөгө түшүп, ошо бойдон жок болушту.

Анткен менен мен Кудайга ишенчүмүн. Абийирим жемелебеши үчүн, диний каадаларга, мисалы, Ыйык жума деп аталган убакыттын ичинде өткөрүлчү айкаш жыгачка сыйынуу каадасына катышчумун. Бирок андан кийин баарыбыз, алардын ичинде Машаяктын ролун аткарган адам да, каадага катышканыбызды белгилеп, өзүбүздү билбей калгыча иччүбүз.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Улан кезимде Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Маңызсыз жашоо өткөрүп жатканымды жана ошентип жүрө берүү эч кандай жакшылыкка алып барбасын түшүнчүмүн. Галатиялыктар 6:8деги: «Ким денеге сепсе, ал денеден чирий турган нерсени оруп алат. Ал эми ким рухка сепсе, ал рухтан түбөлүк өмүрдү оруп алат»,— деген сөздөр мага аябай таасир этти. Бул аяттын жардамы менен мен жашоомдун жакшы болушун кааласам, келечекти эске алып «себишим» керек экенин баамдадым.

Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Жахабанын тирүү Кудай экенин, мага жекече кызыгуу көрсөтөрүн жана мурунку күнөөлөрүмдүн баарын кечирүүгө даяр экенин түшүнө баштадым. Ошондой эле анын тиленүүлөрүбүздү угуп, жооп берерине өз тажрыйбамдан ынандым.

Жашоомду өзгөртүү бир топ кыйын болду. Кылмышкерлер тобунан чыгуу да оңойго турган жок. Андай топтор айрым аймактарды бөлүп алышчу, ошондуктан мен, өзүмдүн тобумдан чыгып кеткен болсом да, аларга таандык жерлерден өтө алчу эмесмин. Кээде эски досторуман жашынууга туура келчү, анткени алар мени мурункудай жашоо өткөрүүгө азгырышчу.

Ал эми Жахабанын Күбөлөрү менен Падышалык залында өткөрүлгөн жыйналыштарга бара баштаганымда алардын башкаларга жылуу-жумшак, сүйүү менен мамиле кылышарын байкадым. Өздөрү окуткан нерселерге бекем ишенишерин жана аларга ылайык жашашарын көрүп, аябай таасирлендим. Алар мурунку досторумдан таптакыр айырмаланып турушчу.

КАНДАЙ ПАЙДАЛАРДЫ АЛДЫМ? Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлгөнүмө он жыл болду. Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жашоо үчүн көп күч-аракет жумшап келем. Үйбүлөмдөгүлөр азыр мага урмат-сый менен мамиле кылышат, анткени менин тырышчаактык менен иштеп жатканымды, атүгүл аларга акча-каражат жагынан жардам бере баштаганымды байкашууда. Апам да Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдеп, чөмүлтүлдү. Атам да жашоосунда өзгөрүүлөрдү жасап жатат. Үйбүлөмдөгүлөрдүн көбү Жахабанын Күбөсү эмес, бирок алар менин канчалык өзгөргөнүмдү көрүп, Ыйык Китептин адамдын жашоосун жакшы жакка өзгөртө аларына ынанышты.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

АТЫ-ЖӨНҮ: ЯЁИ НАГАТАНИ

ЖАШЫ: 50

ӨЛКӨСҮ: ЖАПОНИЯ

МУРУН ИШКЕР АЙЫМ БОЛГОН

КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН. Мен меймандос адамдар жашаган чакан шаарда чоңоюп-өскөм. Атамдын он киши иштеген чоң дүкөнү бар болчу. Дүкөн үйүбүздүн жанында болгондуктан, ата-энем дайыма жумуш менен алек болсо да, эч жалгызсырачу эмесмин.

Мен үч кыздын улуусу болчумун жана үйбүлөбүз жүргүзгөн ишке кичинекей чагыман эле үйрөтүлгөм. Турмушка эрте чыктым. Жолдошум банктагы жумушунан бошоп, биздин үйбүлө менен чогуу иштей баштады. Кыска убакыттын ичинде үч балалуу болдук. Апам үй иштерин жасап, балдарыбызды карачу, мен болсо эртеден кечке дүкөндү иштетчүмүн. Ошентсе да үйбүлөбүз менен чогуу болууга убакыт тапчубуз.

Кийинчерээк экономиканын төмөндөшү соода-сатык тармагына терс таасир тийгизгендиктен, биздин ишибиз да жакшы жүрбөй калды. Ошондуктан чоң жолдун боюна курулуш каражаттары сатылчу дүкөн ачууну чечтик. Ал дүкөндү куруу иши башталганын белгилеп, салтанат өткөрөрдүн алдында компаниябыздын президенти болгон атам күтүлбөгөн жерден катуу ооруга чалдыкты. Мээсинин иштөө жөндөмдүүлүгүнө доо кетип, тилден калгандыктан, жаңы дүкөнгө байланыштуу иштерди жүргүзүү жоопкерчилиги мага артылды. Күйөөм болсо мурунку дүкөнүбүздү иштете берди. Ошентип, бош убактыбыз такыр калбай калды.

Жаңы салган дүкөнүбүз көп киреше алып келчү. Жетишкендиктериме сыймыктанып, жумуш үчүн уйкудан да кечүүгө даяр элем. Балдарымды жакшы көрсөм да, эси-дартымдын баары жумушта болчу. Жолдошум менен сүйлөшкөнгө араң убакыт тапчумун жана сүйлөшүп отурганда экөөбүз көбүнчө талашып-тартышып кетчүбүз. Стресстен арылуу үчүн дээрлик күнүгө кечинде досторум, чогуу иштеген адамдарым менен ичкени кетип калчумун. Ошентип, иштегенден, ичкенден, уктагандан башка эч нерсе кылбай калдым. Ишим жакшы жүрүп жатканына карабай, өзүмдү бактысыз сезе берчүмүн, бирок эмне себептен экенин түшүнчү эмесмин.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганымда мага үч аят өзгөчө күчтүү таасир этти. Матай 5:3төгү: «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр бактылуу, анткени асман падышалыгы аларга таандык»,— деген сөздөрдүн маанисин түшүнгөндө токтоно албай ыйладым. Бул аят мага ишимдин жакшы жүрүп жатканына жана башкалардын суктануусуна карабай, эмне үчүн көкүрөгүмдү дайыма кандайдыр бир боштук уялап жүргөнүн түшүнүүгө жардам берди. Ошентип, мен рухий муктаждыгымды сезип, аны канааттандырганда гана чындап бактылуу боло аларымды түшүндүм.

Кийинчерээк Жапониянын экономикасы катуу төмөндөп кеткенде, чогуу иштеген адамдарымдын жагдайын көрүп, 1 Тиметей 6:9да: «Баюуга ниеттенгендер азгырылып, тузакка түшүшөт жана жок болууга, өлүмгө алып бара турган көптөгөн акылсыз, зыяндуу каалоолорго берилип кетишет»,— деп таамай айтылганына көзүм жетти. Исанын Матай 6:24төгү: «Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»,— деген сөздөрүнүн мага тиешелүү экенин баамдап, жашоомдо өзгөрүүлөрдү жасоону чечтим.

Мен ата-энеме, жолдошума, балдарыма эч көңүл бурбай калганымды түшүндүм. Ошондой эле жаман сапаттарды өрчүтүп алганымды байкадым. Мисалы, чыдамы жок, текебер болчумун, бат эле кыжырданып кетчүмүн. Адегенде мага өзгөрүп, Кудайдын кызматчысы болуу мүмкүн эместей сезилди. Бирок балдарымды абдан жакшы көрчүмүн жана үйбүлөмдөгүлөргө ыйык китептик кеңештерге ылайык мамиле кылганымда, бул балдарыма жакшы таасир этерин байкадым. Ошондуктан аларга көбүрөөк убакыт бөлүп, өзүм менен кошо жыйналыштарга алып бара баштадым.

КАНДАЙ ПАЙДАЛАРДЫ АЛДЫМ? Жашоонун маңызы эмне экенин билүү, Кудайга жаккыдай жашоо өткөрүп, ага кызмат кылуу мага зор кубаныч тартуулап, чыныгы канааттануу алып келди. Жумушумду эмес, үйбүлөмдү биринчи орунга коё баштагандыктан, кайрадан өзүн өзү сыйлоо сезимине ээ болдум.

Ыйык Жазмадагы принциптерди колдонуунун аркасында өзгөргөнүмдү көрүп, апам Ыйык Китепти изилдөөгө, Жахабанын Күбөсү болууга түрткү алды. Атам да, жолдошум да, апам экөөбүзгө каршылык көрсөтүшкөн жок. Балдарым менен мурдагыдан да жакын болуп калдык, үйбүлөлүк жашоомдон да чоң кубаныч алып жатам.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

АТЫ-ЖӨНҮ: МИХАИЛ ЗУЕВ

ЖАШЫ: 51

ӨЛКӨСҮ: ОРУСИЯ

МУРУН МЫЙЗАМСЫЗ ТҮРДӨ КУРАЛ-ЖАРАК САТЧУ

КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН. Мен төрөлүп-өскөн Красногорск шаары аябай бак-дарактуу келет. Түштүктү карай Москва дарыясы агат. Батыш менен түндүк тарабын дээрлик бүтүндөй токой каптап турат.

Жаш кезимде мушташканды, курал-жарактар менен «ойногонду» жакшы көрчүмүн. Машыгууга көп убакыт жумшачумун жана мыйзамда тыюу салынганына карабай, ок атчу курал-жарактарды, жардыргычтарды, бычактарды жасачумун. Бара-бара аларды сата баштадым. Ишимди уюшкандыкта жүргүзүп, жасаган курал-жарактарымды кылмышкерлерге сатуу менен акчага тундум.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. 1990-жылдардын башында Жахабанын Күбөлөрүнө жолуктум, бирок адегенде аларга анча ишенген жокмун. Алар өтө эле көп суроо бергендей сезилди.

Бир күнү алардын бири мага Римдиктер 14:12деги: «Ар бирибиз өзүбүз үчүн Кудай алдында жооп беребиз»,— деген сөздөрдү окуп берди. Ошондо мен Кудайга эмне деп жооп берерим жөнүндө ойлондум. Бул аят Кудайдын менден эмнени талап кыларын билүүгө түрткү берди.

Ыйык Китептеги Колосалыктар 3:5—10-аяттарда жазылгандарга ылайык иш кылуу үчүн көп күч-аракет жумшоого туура келди. Ал жерде мындай деп жазылган: «Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, зыяндуу каалоолорго жана бурканга табынуучулук болуп эсептелген ачкөздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө. Себеби андай иштер үчүн Кудайдын каары төгүлөт... Булардын баарынан: каардан, ачуудан, жамандыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла; оозуңардан эч кандай адепсиз сөздөр чыкпасын. Бири-бириңерге калп айтпагыла. Эски табиятты иштери менен кошо чечип... жаңы табиятты кийгиле».

Мындай өзгөрүүлөрдү жасоо мен үчүн оңойго турган жок. Мурунку «досторум» кайра-кайра келип, курал-жарак үчүн акча сунуш кылып жатышты. Ошондо башкалардын кысымына каршы туруу мен үчүн кыйын экенин түшүндүм. Анткен менен абдан көп, кымбат баалуу курал-жарактарымдын баарын жок кылдым. Кудай менен Машаяктын мага көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө окуп-билгенимде аларды сүйүүгө түрткү алдым. Ыйык Китепти өз алдымча изилдөөнү, жыйналыш жолугушууларына барууну жана Кудайдан жардам сурап тиленүүнү тырышчаактык менен уланта бердим.

КАНДАЙ ПАЙДАЛАРДЫ АЛДЫМ? Бара-бара көп күч-аракет жумшоонун аркасында жана чындык жолундагы биртуугандарымдын жардамы менен жакшы сапаттарды өрчүтө алдым. Жахаба Кудайдын ар бирибизге, атүгүл өлгөн адамдарга да кам көрөрүн билгенде абдан таасирлендим (Элчилер 24:15). Жахабанын Күбөлөрүнүн акниеттүүлүгү менен чынчылдыгын абдан баалайм. Ошондой эле алардын мага чын дилден кызыгуу көрсөтүшкөнүнө ыраазымын жана Кудайга берилгендик менен кызмат кылып жатышканына суктанам.

Башында үйбүлөмдүн айрым мүчөлөрү менен кээ бир досторум башка динди тута баштаганыма каршы болушту. Бирок кийин кылмышкерлердин тобу менен байланышканымдан көрө динге берилгенимди туура көрүп, унчукпай калышты. Азыр мен жашоомду согуш куралдарын чыгарууга эмес, башкаларга тынчтыктын Кудайы менен таанышууга жардам берүүгө арнап жатканыма кубанычтамын.

[27-беттеги сүрөт]

Абийирим жемелебеши үчүн, католиктердин диний каадаларына катышчумун

[28-беттеги сүрөт]

Ишим жакшы жүргөнүнө карабай, бактысыз болчумун