Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Филиппинде

Жан аябас кызматчылар Филиппинде

ОН ЖЫЛДАЙ мурун 30дардан өтүп калган Грегорио менен Марилу деген жубайлар Филиппиндин борбор шаары Манилада толук убакыттагы жумушта иштешчү. Оңой болбосо да, алар ошол эле учурда пионер болуп кызмат кылышчу. Көп өтпөй Марилу өзү иштеген банкта менеджер болуп дайындалган. Ал: «Жумушубуз жакшы болгондуктан, эч нерседен кем болбой, бардар турчубуз»,— дейт. Жолдошу экөө тең акчаны жакшы табышкандыктан Маниладан чыгышты көздөй 19 чакырымдай алыстыктагы сонун жерге өздөрүнүн кыялындагыдай үй салдырууну чечишкен. Алар үй курган бир компания менен келишим түзүп, акысын ай сайын кичинеден төлөп отуруп, он жылдын ичинде толук кутулууга макулдашышкан.

«ӨЗҮМДҮ ЖАХАБАНЫН БИР НЕРСЕСИН УУРДАП ЖАТКАНДАЙ СЕЗЕ БЕРЧҮМҮН»

Марилу: «Жаңы жумушум убактым менен күчүмдүн көбүн алгандыктан, рухий иштерге мурдагыдай ынталуу катышпай калдым. Өзүмдү Жахабанын бир нерсесин уурдап жаткандай сезе берчүмүн. Анткени ага кызмат кылууга мурункудай көп убакыт арнай албай калгам»,— дейт. Буга аябай тынчсыздангандыктан, Грегорио менен Марилу  бир күнү жай отуруп, жашоосун эмнеге арнап жатышканы тууралуу сүйлөшүшкөн. Грегорио: «Жашообузду өзгөртүшүбүз керектигин түшүнүп турсак да, эмнени өзгөртүшүбүз керектигин билбей жаттык. Жубайым экөөбүз, бала-чакабыз жок болгон соң, Жахабага дагы канткенде көбүрөөк кызмат кыла аларыбыз жөнүндө сүйлөшүп, андан жетекчилик сурап тилендик»,— деп эскерет.

Ошол убакта алар жарчыларга муктаждык көбүрөөк жерлерге барып кызмат кылуу тууралуу бир нече баяндама угушкан. «Жахабанын ошол баяндамалар аркылуу тиленүүлөрүбүзгө жооп бергенин түшүндүк»,— дейт Грегорио. Ал аялы экөө туура чечим чыгаргандан коркпош үчүн Жахабадан ишеним сурап тиленишкен. Бирок бир чоң тоскоолдук бар болчу: алар үйүн курууга макулдашкан компанияга үч жылдын акчасын төлөп коюшкан эле. «Эгер келишимди буза турган болсок, ага чейин төлөгөн ошончо акчабыздын баары күйүп кетмек. Биз биринчи орунга Жахабанын эркин коёбузбу, же өзүбүздүн каалоолорубуздубу, ошол жагдайдан айкын болорун түшүндүк»,— дейт Марилу. Алар элчи Пабылдын көп нерседен «баш тартканы» тууралуу ойлонгондон кийин компания менен түзгөн келишимин бузуп, жумушун таштап, оокат-мүлкүнүн көбүн сатып, Маниладан түштүк тарапты көздөй 480 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Палаван аралынын алыскы бир айылына көчүп кетишкен (Флп. 3:8).

ЫРААЗЫ БОЛУУНУН «СЫРЫН БИЛИШТИ»

Көчөрдүн алдында Грегорио менен Марилу жөнөкөй жашаганга даярданышкан, бирок ал жакта жашоо канчалык жөнөкөй болорун толук элестете алышкан эмес. Марилу мындай деп ой бөлүшөт: «Ошончолук болот деп такыр ойлобоптурбуз. Биз барган жерде эч кандай шарт, атүгүл электр жарыгы да жок экен. Тамак жасаш үчүн отун жарып, от жакчубуз. Башында дүкөндөрдү кыдырганды, кафе-ресторандарда тамактанганды, деги эле шаардын жашоосун сагынып жүрдүм». Бирок жубайлар эмне үчүн көчүп келишкенин унутпаганга аракет кылышкан жана көп узабай эле жаңы жерге көнүп кетишкен. Марилу сөзүн мындай деп улайт: «Азыр мен ажайып кооз жаратылышты, көктөгү балбылдаган жылдыздарды карап суктанам. Биз баарынан да, кабарды уккан адамдардын жүзүнөн нур жана түшкөнүн көргөндө аябай кубанабыз. Бул жакта кызмат кылуу менен колубузда болгон нерсеге ыраазы болуунун „сырын билдик“» (Флп. 4:12).

«Жыйналыштын өсүп жатканын көрүүдөн өткөн кубаныч жок экен. Биздин жашообуз эч качан мынчалык маңыздуу болгон эмес» (Грегорио менен Марилу)

Грегорио: «Биз келгенде, бул жакта төрт эле жарчы бар болчу. Жума сайын баяндама окуп, Падышалык ырларын ырдаганда гитара менен коштоп турганыма алар аябай кубанышчу»,— дейт. Бир эле жылдын ичинде ошол кенедей топ 24 жарчыдан турган жыйналышка айланган. Грегорио: «Жыйналыштагылардын сүйүүсү жүрөгүбүздү ушунчалык козгоду»,— дейт. Анын жубайы экөөнүн ошол алыскы аймакта кызмат кылып жатканына  алты жылдан ашып калды. Алар: «Жыйналыштын өсүп жатканын көрүүдөн өткөн кубаныч жок экен. Биздин жашообуз эч качан мынчалык маңыздуу болгон эмес»,— деп өздөрүнчө ыраазы.

«ТАТЫП КӨРҮП, „ЖАХАБАНЫН КАНЧАЛЫК ЖАКШЫ ЭКЕНИН БИЛДИМ“»

Филиппиндеги 3 000ге жакын бир тууган, анын ичинде турмуш кура элек 500дөй эже-карындаш өлкөнүн жарчыларга аябай муктаж аймактарына көчүп барышкан. Алардын арасында Карен да бар.

Карен

25тердеги Карен Кагаян провинциясынын Баггао шаарында чоңойгон. Өспүрүм кезинде ал көбүрөөк кызмат кылуу тууралуу көп ойлончу. «Убакыт аз калганын жана дагы көптөгөн адамдар Падышалык жөнүндөгү кабарды угушу керектигин билгендиктен, жарчыларга муктаждык бар жерде кызмат кылгым келчү»,— дейт Карен. Үйүндөгүлөрүнүн айрымдары ага алыс жакка барып кабар айткандан көрө жогорку билим алганы жакшы болорун айтышкан. Бирок Карен Жахабадан жетекчилик сураган, ошондой эле алыс жакта кызмат кылган ишенимдештери менен сүйлөшкөн. 18ге чыкканда ал чоңоюп-өскөн жеринен 64 чакырымдай ыраак жайгашкан аймакка кеткен.

Карен барган жыйналыш Тынч океандын жээгиндеги тоолуу аймакты иштетчү. Ал: «Баггаодон жаңы жыйналышка жетиш үчүн эле үч күн бою жол жүрүп, далай бел ашып, 30дан ашуун жолу дарыяларды кечип өттүк»,— деп эскерет. Ошол жактагы кызматы жөнүндө: «Ыйык Китепти изилдеген айрым кызыгуучуларга жетиш үчүн алты саат жол жүрүп, алардыкына түнөп, эртеси күнү кайра үйдү көздөй алты саат жөө басам. Кээде ушунчалык чарчаганыман буттарым дуулдайт»,— дейт ал. Анан жылмая: «Азыр 18 изилдөө өткөрүп жатам. Мен татып көрүп, „Жахабанын канчалык жакшы экенин билдим“»,— деп кошумчалайт (Заб. 34:8).

«ЖАХАБАГА... ТАЯНГАНДЫ ҮЙРӨНДҮМ»

Сюхи

Түбү Индиядан болгон 40тардагы Сюхи деген турмуш кура элек ишенимдешибизге Кошмо Штаттардан Филиппинге көчүп барууга эмне түрткү берген? Ал 2011-жылы райондук жыйындан бир жубайлардын дил маегин уккан. Ал жубайлар Мексикага көчүп барып кабар айтыш үчүн буюм-тайымдарынын көбүн сатканын айтышкан. «Ошол дил маек мага эзели ойлонуп көрбөгөн максаттар тууралуу ойлонууга түрткү берди»,— дейт Сюхи. Ал Филиппиндеги панжаби элине кабар айтканга жарчылар абдан керек экенин укканда, ошол жакка барып, жардам берүүнү чечкен. Сюхи кандай тоскоолдуктарга кабылган?

Ал мындай деп айтып берет: «Эмнени сатып, эмнени калтырыш керектигин чечүү мен ойлогондон алда канча кыйын болду. 13 жыл өз үйүмдө жыргап жашагандан кийин убактылуу туугандарымдыкында туруп калдым. Албетте, бул оңой болгон жок, бирок анын аркасында жөнөкөй жашоонун даамын татып көрдүм». Филиппинге көчүп баргандан кийин ал кандай кыйынчылыктарга туш болгон? «Курт-кумурскалардан корккондуктан  жана үйдү сагынып, куса болгондуктан аябай кыйналдым. Бирок Жахабага мурдагыдан да көбүрөөк таянганды үйрөндүм»,— дейт Сюхи. Анын чечиминин натыйжасы кандай болгон? Ал күлүмсүрөй мындай дейт: «Жахаба бизге: „Мени сынап көргүлө, силерге батамды төкпөйт бекем“,— деп айтпады беле. Бул сөздөрдүн чындык экенине, аймактагы бир аял: „Эми качан келесиңер? Менде дагы көп суроолор бар“,— деп айтканда, ого бетер ынандым. Жахаба тууралуу чындыкты билгиси келген адамдарга жардам берүү мага канчалык кубаныч, канааттануу тартуулаарын сөз менен жеткире албайм!» (Мал. 3:10). Анан: «Чынын айтсам, башында мага чечим чыгаруу кыйын болду. Бирок чечим чыгаргандан кийин Жахаба баарын орду-ордуна коюп койгонун көрүп таң калдым»,— деп кошумчалайт.

«ЖУМУШУМДУ КОРКПОЙ ТАШТАДЫМ»

Жашы 40ка чукулдап калган Симе деген бир тууган Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде маянасы жакшы жумушка орношуу үчүн Филиппинден көчүп кеткен болчу. Ал райондук көзөмөлчү менен сүйлөшкөндөн кийин жана Жетектөөчү Кеңештин мүчөсүнүн баяндамасын уккандан кийин бекемделип, Жахабанын эркин жашоосунда биринчи орунга коюуга түрткү алган. «Бирок жумуштан бошошум керектигин ойлогондо аябай коркуп кетчүмүн»,— дейт Симе. Ошентсе да ал жумушун таштап, Филиппинге кайра көчүп барган. Бүгүнкү күндө жубайы Хайди экөө өлкөнүн түштүк тарабындагы Давао дел Сурда кызмат кылып, чоң аймакты иштетүүгө жардам берүүдө. «Артка кылчая карап, жумушумду коркпой таштаганыма, Жахабаныкын биринчи орунга койгонума абдан сүйүнөм. Колуңда болгон нерселердин эң жакшысын Жахабага берүүдөн өткөн кубаныч жок экен!» — дейт Симе.

Симе менен Хайди

«БУЛ ЗОР КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАЙТ»

Жашы 30дардагы пионер болуп кызмат кылган Рамило менен Жульет деген жубайлар үйүнөн 30 чакырымдай эле алыстыктагы жыйналышка жардам керек экенин билгенде, ал жактагы бир туугандарга көмөк көрсөтүүнү чечишкен. Жыйналыш жолугушууларына жана кабар айтуу ишине катышуу үчүн алар, күндүн ысык-суугуна карабай, жума сайын бир нече ирет мотоцикл менен жол жүрүшөт. Өңгүл-дөңгүл жолдор менен жүрүп, асма көпүрөлөрдөн өтүүгө туура келсе да, алар көбүрөөк кызмат кылып жатышканына сүйүнүшөт. Рамило: «Аялым экөөбүз 11 изилдөө өткөрүп жатабыз. Муктаждык бар жерде кызмат кылуу үчүн көп нерседен баш тартууга туура келет дечи, бирок бул зор кубаныч тартуулайт»,— деп айтат (1 Кор. 15:58).

Рамило менен Жульет

Өзүңдүн өлкөңдөгү же башка өлкөдөгү муктаждык бар жерге барып кызмат кылуу жөнүндө көбүрөөк билгиң келеби? Андай болсо, райондук көзөмөлчү менен сүйлөшүп көр, ошондой эле 2011-жылдын август айындагы «Падышалык кызматыбызга» чыккан «„Македонияга“ бара аласыңбы?» деген макаланы окуп чык.