Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чогуу кубаналы!

Чогуу кубаналы!

Чогуу кубаналы!

КУБАНЫЧТЫ сактоо барган сайын кыйын болуп баратат. Бири-бири менен кубанычын бөлүшкөн адамдар жокко эсе болуп калды. Бүгүнкү күндөгү жашоодон улам, өзгөчө, чоң шаарларда жашаган адамдар өзү менен өзү болуп, башкалардан обочолонууда.

«Жалгыздык чоң көйгөйгө айланды,— дейт психобиологиянын профессору Альберто Оливерио,— чоң шаарлардагы жашоо адамдарды бири-биринен обочолонтуп, алыстатууда. Кесиптештер, кошуналар... бири-бири менен иши жок». Ушунун айынан көптөр депрессияга чалдыгышат.

Ал эми Исанын жолдоочулары дүйнөдөгү адамдардан айырмаланат. Элчи Пабыл: «Дайыма кубангыла»,— деп жазган (1 Тес. 5:16). Бизде ишенимдештерибиз менен чогуу кубанууга көптөгөн себептер бар. Мисалы, Эң Жогорку Кудай Жахабага кызмат кылып жатабыз, ыйык китептик чындыктарды билебиз, куткарылуу жана түбөлүк өмүргө ээ болуу үмүтүнө ээбиз, ошондой эле башкаларга ушул баталарга ээ болууга жардам берүүдөбүз (Заб. 105:4, 5; Жер. 15:16; Рим. 12:12).

Исанын чыныгы жолдоочулары дайыма кубанып жүргөнү жана кубанычын башкалар менен бөлүшкөнү менен белгилүү. Ошондуктан Пабылдын филипиликтерге: «Мен... баарыңар менен бирге кубанып-шаттанам. Силер да мени менен кубанып-шаттангыла»,— деп жазганы таң калыштуу эмес (Флп. 2:17, 18). Пабылдын бул аятта «кубанып-шаттангыла» деген сөздү эки жолу айтканы көңүлгө аларлык.

Исанын жолдоочулары башкалардан алыстап, обочолонуп кетүүдөн сак болушу керек. Анткени ишенимдештеринен обочолоно бергендер алар менен чогуу кубана алышпайт. Анда канткенде Пабылдын бир туугандар менен «Теңирге кызмат кылууда дайыма кубангыла» деген чакырыгына ылайык иш кылган болобуз? (Флп. 3:1).

Ишенимдештерибиз менен чогуу кубаналы

Пабыл филипиликтерге кат жазганда, сыягы, кабар айтканы үчүн Римде камакка алынган (Флп. 1:7; 4:22). Ал камакта жатса да, кызматка болгон ынтасын сууткан эмес. Тескерисинче, Жахабага кызмат кылууда колунан келгендин баарын кылып, «куюлуучу тартуу катары курмандыкка куюлуп жатканына» кубанган (Флп. 2:17). Пабылдын маанайынан кубаныч жагдайдан көз каранды эмес экенин билүүгө болот. Ал аны чектеген жагдайына карабастан: «Мындан ары да кубана бермекчимин»,— деп айткан (Флп. 1:18).

Пабыл Филипидеги жыйналышты негиздегендиктен, ал жактагы бир туугандарды өзгөчө жакшы көргөн. Ал Жахабага кызмат кылуудан алып жаткан кубанычы менен бөлүшүү аларды да бекемдээрин билген. Ошондуктан: «Биртуугандар, мен кабылган жагдайлар жакшы кабардын таратылышына тоскоол болбогонун, тескерисинче, шарт түзгөнүн билишиңерди каалайм. Анткени Машаяк үчүн кишенделгеним императордун бардык сакчыларына жана башкалардын баарына маалым болду»,— деп жазган (Флп. 1:12, 13). Пабыл бул сөздөрдү жазуу менен алар менен чогуу кубанган. Ал эми Филипидеги бир туугандар анын жагдайы тууралуу укканда коркуп калбастан, аны менен чогуу кубанышы жана андан үлгү алышы керек болчу (Флп. 1:14; 3:17). Андан сырткары, алар Пабылдын жагдайын билгендиктен, ал үчүн тиленип, ага жардам жана колдоо көрсөтө алышмак (Флп. 1:19; 4:14—16).

Биз Пабылдыкындай маанай чагылдырып жатабызбы? Жашоодогу жагдайлардын, кызматыбыздын жакшы жактарын көргөнгө аракет кылабызбы? Ишенимдештерибиз менен пикир алышууда кабар айтуу кызматынан кандай кубаныч алып жатканыбызды айтсак болот. Ан үчүн сөзсүз эле кызыктуу окуялардын болушун күтүүнүн зарылдыгы жок. Мисалы, Падышалык жөнүндөгү кабарга кызыгуу туудура турган натыйжалуу сунуштоо же кандайдыр бир суроолорго кантип жооп берсе болору жөнүндөгү маалымат менен бөлүшүүгө эмне үчүн болбосун? Же болбосо үй ээси менен кайсы бир аяттын негизинде кызыктуу талкуу жүргүзгөнүбүздү айтып берсек болот. Же балким, аймакта кимдир бирөө биздин Жахабанын Күбөлөрү экенибизди дароо эле билип койгонун жана мунун өзү эле жакшы күбөлөндүрүү болгонун айтсак болот. Ушу сыяктуу нерселер менен бөлүшүү ишенимдештерибиз менен чогуу кубанууга шарт түзөт.

Жахабанын Күбөлөрүнүн көпчүлүгү кабар айтуу ишине катышуу үчүн көп курмандыктарга барышууда. Алсак, пионерлер, кыдыруучу көзөмөлчүлөр, бейтелдиктер, миссионерлер жана эл аралык кызматчылар өзүлөрүн Кудайга толук убакыт кызмат кылууга арнап, андан чоң кубаныч алышууда. Биз да алар менен чогуу кубанып жатабызбы? Эгер ошондой болсо, «Кудайдын падышалыгы үчүн» биз менен кызматташып жаткан ал сүйүктүү бир туугандарыбызга ыраазычылык билдирели (Кол. 4:11). Ошондой эле жыйналыш жолугушууларында же жыйындарда аларга жылуу сөздөрдү айтып, бекемдесек жана алардын ынталуулугун туурасак болот. Алардын башынан өткөн окуяларды, бекемдээрлик ойлорду угуш үчүн меймандостук көрсөтүп, аларды конокко чакырсак да болот (Флп. 4:10).

Сыноолорго туш болгондор менен чогуу кубаналы

Куугунтукка чыдап, сыноолорду көтөрүүнүн аркасында Пабыл Жахабага ишенимдүү болууга ого бетер чечкиндүү болгон (Кол. 1:24; Жкп. 1:2, 3). Пабыл Филипидеги ишенимдештеринин да аныкындай сыноолорго туш болорун жана анын туруктуулугун көрүп, бекемделерин билүү ага чоң кубаныч тартуулап, алар менен чогуу кубанууга шарт түзгөн. Ошондуктан: «Силерге Машаякка ишенүү сыймыгы эле эмес, ал үчүн азап тартуу сыймыгы да берилген. Силер меникиндей күрөшкө катышып жатасыңар; менин күрөшкөнүмдү мурун көргөнсүңөр, ал эми азыр аны улантып жатканымды угуп жатасыңар»,— деп жазган (Флп. 1:29, 30).

Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары да кабар айтууда каршылыктарга дуушар болушат. Каршылыктар кээде ырайымсыздык менен көрсөтүлөт, бирок көбүнчө тымызын болот. Мисалы, чындыктан четтеп кеткендер тарабынан жалган айыптоолор таратылышы, үй-бүлөбүздөн кимдир бирөө бизге катуу каршылык көрсөтүшү же чогуу иштегендер, чогуу окугандар шылдыңдашы мүмкүн. Иса мындай сыноолорго дуушар болгондо таң калбашыбыз жана көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керектигин айткан. Ал: «Мен үчүн кордук көрсөңөр, куугунтукталсаңар жана ар кандай жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң»,— деген (Мт. 5:11, 12).

Биз кайсы бир өлкөлөрдө ишенимдештерибиздин катуу куугунтукталып жатканын укканда коркпошубуз керек. Тескерисинче, алардын туруктуулугу үчүн кубансак болот. Алар үчүн тиленип, Жахабадан аларга ишенимин бекем сактаганга, чыдамдуу болууга жардам беришин сурасак болот (Флп. 1:3, 4). Ал эми сыноолорго туш болуп жаткан жыйналышыбыздагы бир туугандарга иш жүзүндө жардам бере алабыз. Биз аларга көңүл буруп, колдоо көрсөтө алабыз. Ошондой эле үй-бүлө менен сыйынуу кечине, кабарга же чогуу эс алууга чакырсак, алар менен чогуу кубанууга мүмкүнчүлүк издеген болобуз.

Чынында эле, бизде ишенимдештерибиз менен чогуу кубанууга көптөгөн себептер бар! Келгиле, башкалардан обочолонууга үндөгөн бул дүйнөнүн рухуна каршы турууга жана бир туугандарыбыз менен кубанычыбызды бөлүшүүгө умтулалы. Бул жыйналыштагы сүйүү, биримдикти арттырат. Андан тышкары, ишенимдештерибиз менен бирге кубанууга өбөлгө түзөт (Флп. 2:1, 2). Анда эмесе, мындан ары да Пабылдын: «Теңир жолунда дайыма кубангыла. Дагы да айтам, кубангыла!» — деген сөздөрүнө ылайык иш кыла берели (Флп. 4:4).

[6-бет. Булак жөнүндө маалымат]

Globe: Courtesy of Replogle Globes