Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепти окуу мага күч берип келет

Ыйык Китепти окуу мага күч берип келет

Ыйык Китепти окуу мага күч берип келет

АЙТЫП БЕРГЕН: МАРСЕУ ЛЕРОЙ

«ЭҢ БАШЫНДА Кудай асман менен жерди жаратты»,— деген сөздөрдү бөлмөмө жашыруун отуруп алып окудум. Эмне үчүн жашыруун деп ойлойсуңар? Атам атеисттик көз карашты жактагандыктан Ыйык Китепти окуганыма каршы болмок.

Ага чейин Ыйык Китепти бир да жолу окуп көргөн эмес элем. Башталыш китебиндеги ошол эң алгачкы сөздөрдү окуганда көзүм ачылгандай эле болду. Ошондо мени дайыма таң калтырып келген физикалык мыйзамдардын ушунчалык шайкештикте иштешинин себеби ушунда экенин түшүндүм. Аябай кызыкканыман Ыйык Китепти кечки 8ден таңкы 4кө чейин окудум. Менин Ыйык Китепти окуу адатым ушинтип башталган. Эмесе, Ыйык Китепти окуу жашоомдо мага кандайча күч берип келерин айтып берейин.

«Күнүгө окушуң керек болот»

Мен 1926-жылы Франциянын түндүгүндөгү көмүр өнөр жайы өнүккөн Вермель деген кыштакта туулгам. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында көмүр өнөр жайы улуттун коопсуздугу үчүн абдан маанилүү деп эсептелчү. Ошондуктан мен шахтёр катары аскердик кызматтан бошотулгам. Шахтада иштесем да жашоо-шартымды дагы жакшыртайын деп радио жана электр тармагында окуй баштадым. Физикалык мыйзамдардын бири-бири менен ушунчалык шайкеш иштээрин ошондо билгем. 21 жашымда классташ балам мага: «Бул маанилүү китеп, муну сөзсүз оку» — деп, Ыйык Китепти берген. Ал менин биринчи Ыйык Китебим эле. Убакыттын өтүшү менен Ыйык Китепти толугу менен окуп чыгып, анын Кудайдын Сөзү экенине жана анда адамзат үчүн абдан маанилүү кабар жазылганына ынандым.

Ыйык Китеп жакындарыма да жагат болуш керек деген ойдо сегиз Ыйык Китеп таап келдим. Бирок мен ойлогондой болгон жок: алар мени шылдыңдап, атүгүл каршы болушту. Ырым-жырымдарга ишенген туугандарым: «Бул китепти окуп баштагандан кийин күнүгө окушуң керек болот»,— дешти. Ошентип, Ыйык Китепти окуй баштадым, ошенткеним үчүн такыр өкүнбөйм. Ошондон кийин Ыйык Китепти окуу мен үчүн адатка айланып калды.

Ыйык Китепке кызыгарымды билген кошуналарым мага Жахабанын Күбөлөрү таштап кеткен адабияттарды алып келип беришти. Ал адабияттардын арасында «Бир дүйнө, бир өкмөт» * (сүрөттө француз тилинде көрсөтүлгөн) деген китепче бар болчу. Ал китепчеде Кудайдын Падышалыгы адамзаттын көйгөйлөрүн чечип бере турган жалгыз өкмөт экени түшүндүрүлгөн (Мт. 6:10). Китепчени окуп чыгып, ал үмүт тууралуу башкаларга айтууга ого бетер чечкиндүү болуп калдым.

Менден Ыйык Китеп алгандардын биринчиси бала кезимдеги досум Ноел болчу. Ал католик болгондуктан, мени дин кызматчы болууга окуп жүргөн бир жигит менен сүйлөштүрөйүн деди. Башында бир аз тынчсыздандым, бирок Забур 113:12—16 жана Матай 23:9, 10-аяттардан бурканга табынуучулук жана дин кызматчыларды кандайдыр бир наамдар менен атоо Кудайга жакпасын билчүмүн. Бул мага Ыйык Китептен билгендеримди тайманбастык менен коргоого дем-күч берди. Натыйжада Ноел чындыкты кабыл алды. Ал азыркы күнгө чейин Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келет.

Бир жолу эжемдикине барып, билгендеримди ага да айттым. Жездемдин спиритизм жөнүндө жазылган китептери бар болчу, ошондой эле аны жиндер кыйначу. Мен өзүмдү аларга жардам бере албачудай сездим, бирок Эврейлер 1:14төгү сөздөрдөн Жахабанын периштелери мени колдой турганына ынандым. Жездем ыйык китептик принциптерди колдонуп, оккультизм менен байланышы бар нерселеринин баарын жок кылгандан кийин жиндердин таасиринен арылды. Кийин эжем менен жездем ынталуу жарчылардан болушту.

1947-жылы үйүмө америкалык Артур Эмион деген Жахабанын Күбөсү келди. Мен аябай сүйүнүп, Жахабанын Күбөлөрү кайсы жерде чогуларын сурадым. Ал мен жашаган жерден 10 километр алыстыкта жайгашкан Льевен деген жерде топ бар экенин айтты. Ошол учурда көп нерселер жок болгондуктан, атүгүл велосипед сатып алуу оңой эмес болчу. Ошон үчүн бир нече ай бою жыйналышка жөө барып-келип жүрдүм. Францияда Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине сегиз жыл бою тыюу салынган болчу. Ал учурда бүт өлкө боюнча 2 380 эле Жахабанын Күбөсү бар эле, алардын көпчүлүгү Польшадан келген иммигранттар болчу. Бирок 1947-жылы 1-сентябрда Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине бийликтер тарабынан кайрадан уруксат берилип, Париждеги Вилла Гиберт деген жердеги филиал кайра иштей баштады. Ошол кезде Францияда бир да пионер жок болгондуктан, 1947-жылдын декабрь айындагы «Маалымдагычта» (азыр «Падышалык кызматыбыз») айына 150 саат кабар айта алган үзгүлтүксүз пионерлер керек деген чакырык айтылды. (1949-жылы пионерлердин нормасы 50 саатка кыскартылып, 100 саат болуп калган.) Исанын Жакан 17:17деги: «Сенин сөзүң — чындык»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенине толук ынангандан кийин 1948-жылы чөмүлтүлүп, 1949-жылы декабрда пионердик кызматты баштадым.

Түрмөдөн Дюнкеркке

Мен эң биринчи жолу Франциянын түштүгүндөгү Ажен деген шаарга дайындалдым, бирок ал жакта аз эле кызмат кылып калдым. Себеби шахтада иштебей калгандыктан аскердик кызматка чакырылып, аскерге баруудан баш тартканым үчүн түрмөгө камалдым. Жаныма Ыйык Китеп алууга тыюу салынган болчу, бирок Забур китебинин бир нече барактарын таап алдым. Аларды окуганда бекемделип калчумун. Түрмөдөн бошотулгандан кийин чечим чыгарууга туура келди. Мен: «Толук убакыттагы кызматымды токтотуп, үй салсамбы»,— деп ойлоно баштадым. Ошондо да туура чечим чыгарганга Ыйык Китептен окугандарым жардам берди. Пабылдын Филипиликтер 4:11—13-аяттардагы: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деген сөздөрү тууралуу ой жүгүртүп, пионердик кызматты уланта берүүнү чечтим. Ошентип, 1950-жылы мурун кабар айткан шаарга, Дюнкеркке, дайындалдым.

Ал жерге барганда эч нерсем жок болчу. Экинчи дүйнөлүк согуштан шаар аябай талкаланып калган эле, жашай турганга жай табуу да оңой эмес болчу. Мен мурда кабар айткан бир үй-бүлөгө барууну чечтим. Ал үйдүн кожейкеси мени көрүп: «Ай-ий, мистер Лерой, түрмөдөн чыгып келдиңизби»,— деп сүйүнүп кетти, анан: «Күйөөм сиздей адамдар көп болсо, эч качан согуш болмок эмес деп айтат»,— деди. Алар мага туристтер көп келе турган маал келгиче, өздөрүнүн конок үйүндө жашап турууну айтышты. Ошол эле күнү Артур Эмиондун агасы Эванс жумуш сунуштап калды *. Эванс портто котормочу болуп иштечү. Ал кеме кайтарганга кароолчу издеп жүрүптүр. Ал мени бир капитан менен тааныштырды. Түрмөгө отуруп чыккандыктан арыктап, сөөгүм эле калган. Эванс капитандын жардамчысына менин эмнеге арык экенимди айтканда, ал муздаткычтан тамак-аш алып турсам болорун айтты. Ошентип, бир эле күндө жумуш да, жашай турган жай да, тамак-аш да табылып калды. Ошондо Исанын Матай 6:25—33-аяттардагы сөздөрүнө болгон ишенимим ого бетер бекемделди.

Туристтер көп келе баштаганда, шеригим Саймон Аполинарски экөөбүзгө баягы конок үйдөн башка жакка көчүүгө туура келди, бирок биз пионердик кызматыбызды токтотпоого чечкиндүү болчубуз. Бизге эски атканада жашоону сунуш кылышты. Ал жакта астыбызга саман төшөп алып уктачубуз. Биз эртеден кечке кабарда жүрчүбүз. Аткананын ээсине кабар айтканыбызда, ал кабарыбызды угуп, кийин чындыкты кабыл алды. Ошондон бир аз мурунураак эле Дюнкерктеги жергиликтүү бир гезитке: «Бул жакта жүргөн Жахабанын Күбөлөрүнөн сак болгула!» — деген эскертүү басылып чыккан. Ал шаарда аз эле киши — мен, Саймон жана бир нече эле киши — Жахабанын Күбөсү болчубуз. Ошол кыйын учурда биз үмүтүбүз жана Жахабанын бизге кандайча кам көрүп келгени жөнүндө ой жүгүртүп, бир топ бекемделгенбиз. 1952-жылы мен башка жакка дайындалдым. Ошондо Дюнкеркте 30дай үзгүлтүксүз жарчы бар болчу.

Жаңы дайындоолорумду аткарууга күч алуу

Амьен шаарында бир аз кызмат кылгандан кийин Париждин чет жакасында жайгашкан Булонь-Бийанкурга атайын пионер болуп дайындалдым. Мен көп адамдар менен ыйык китептик изилдөө өткөрчүмүн, алардын айрымдары кийинчерээк толук убакыттагы кызматты башташты, дагы бирөөлөрү миссионер болуп дайындалышты. Алардын бири Гэ Мабила деген жаш жигит чындыкты кабыл алып, кийин райондук көзөмөлчү, андан соң облустук көзөмөлчү болуп дайындалган. Кийинчерээк ал Парижден анча алыс эмес жердеги Лувьеде жайгашкан Бейтелдеги басмакананын курулушун көзөмөлдөгөн. Кызматта Ыйык Китептин негизинде көп талкуу жүргүзүү Кудайдын Сөзүн акылыма сиңирүүгө жардам берди, ошондой эле мага чоң кубаныч тартуулап, окутуу жөндөмдүүлүгүмдү жакшыртты.

1953-жылы күтүлбөгөн жерден Эльзас-Лотарингияга райондук көзөмөлчү болуп дайындалдым. Ал аймакты 1871—1945-жылдар аралыгында эки ирет Германия өзүнө каратып алган эле. Ал жердин тургундары немис тилинде сүйлөгөндүктөн, немис тилин үйрөнүүгө туура келди. Мен кыдыруучулук кызматка киришкен убакта ал жакта бир нече эле машина, телевизор, терүү машинкеси бар болчу, колго көтөрүп жүрмө радио да, компьютер да жок болчу. Ошондой болсо да менин жашоом кызыксыз болгон жок. Чынында, ошол күндөр жашоомдогу эң жагымдуу күндөр болгон. Ал учурда азыркыга караганда алаксыта турган нерселердин аз болгону мага, Ыйык Китептеги кеңешке ылайык, көзүмдү бир эле нерсеге багыттап, жөнөкөй жашоо өткөрүүгө жардам берди (Мт. 6:19—22).

1955-жылы Парижде өткөрүлгөн «Жеңишке ээ болгон Падышалык» деген жыйын мен үчүн эстен кеткис жыйын болду. Анткени ал жерден менден бир жыл мурун толук убакыттагы кызматты баштаган азыркы жубайым Ирен Коланскиди жолуктурдум. Поляк улутунан болгон ата-энеси Жахабага ынталуу кызмат кылган жарчылардан болчу. Алар кабарды Франциядан Адольф Вебер деген бир туугандан угушкан. Адольф бир тууган Расселдин бакчысы болгон экен. Ал Европага жакшы кабар таратуу үчүн барыптыр. Ирен экөөбүз 1956-жылы баш кошуп, кыдыруучулук кызматка чогуу кириштик. Ирен көптөгөн жылдардан бери мага эң сонун колдоо көрсөтүп келет.

Эки жылдан кийин дагы бир күтүлбөгөн батага ээ болдум: облустук көзөмөлчү болуп дайындалдым. Бирок райондук көзмөлчү болуп кызмат кылууга ылайыктуу бир туугандар жок болгондуктан, айрым жыйналыштарды кыдырып, райондук көзөмөлчүнүн милдетин да аткарып жүрдүм. Ошол учурда убактым такыр жок болчу! Айына 100 саат кабар айткандан тышкары, жума сайын баяндама окучумун, 3 ыйык китептик изилдөө өткөрчүмүн, жыйналыштын документтерин текшерчүмүн жана отчёт даярдачумун. Кудайдын Сөзүн окууга кантип убакыт тапчумун деп ойлойсуңар? Эскирип калган Ыйык Китептин айрым беттерин айрып алып, жаныма алып жүрчүмүн. Мен үчүн ушундай жол менен гана Ыйык Китепти окуу мүмкүн эле. Бирөөнү күтүп турганда ошол барактарды алып чыгып, окуп турчумун. Ыйык Китепти ошентип кичине болсо да окуп алуунун аркасында кызматымды андан ары да улантууга күч алчумун.

1967-жылы Ирен экөөбүз Булонь-Бийанкурдагы Бейтелде кызмат кылууга чакырылдык. Мен кызмат бөлүмүнө дайындалдым. Сыймыктуу бул жоопкерчиликти 40 жылдан ашуун убакыттан бери аркалап келем. Мага өзгөчө жарчылардан келген ыйык китептик суроолорго жооп берүү кубаныч тартуулайт. Кудайдын Сөзүн терең изилдөө жана жакшы кабарды коргоо кандай гана жагымдуу! (Флп. 1:7). Мен эртең мененки сыйынууну өткөрүүдөн да зор кубаныч алам. 1976-жылы Франциядагы филиалдын комитетинин мүчөсү болуп дайындалгам.

Жашоонун эң мыкты жолу

Жашоомдо көп сыноолорду башыман өткөргөм. Бирок карылыктын, ден соолуктун айынан пайда болгон кыйынчылыктарды көтөрүш оор экен. Азыр Ирен экөөбүз мурункудай көп нерселерди кыла албайбыз, ошентсе да Ыйык Китепти чогуу окуп, үмүтүбүздү бек сактайбыз. Бизге автобус менен жыйналышыбыздын аймагына барып кабар айтуу да кубаныч тартуулайт. Ирен экөөбүздүн толук убакыт кызмат кылган жылдарыбыз 120 жылдан ашты. Андыктан биз кубанычтуу жана маңыздуу жашоо өткөргүсү келгендерди да толук убакыттагы кызматты тандоого чын жүрөктөн чакырабыз. Забур 36:25те: «Мен жаш болгом, эми карыдым, бирок адил адамды Кудай таштап койгонун... көргөн жокмун»,— деген Дөөтү падышанын сөздөрүнө толук кошулам.

Жахаба мага ушул убакка чейин өзүнүн Сөзү аркылуу күч берип келет. Туугандарым 60 жыл мурун: «Ыйык Китепти окуп баштагандан кийин күнүгө окушуң керек болот»,— деп айтышты эле. Чынында эле, алар айткандай болуп чыкты. Ыйык Китепти окуу мен үчүн адат болуп калды. Мындай кылганым үчүн эч качан өкүнбөйм!

[Шилтемелер]

^ 8-абз. 1944-жылы басылган. Учурда басылбайт.

^ 14-абз. Эванс Эмион жөнүндө 1999-жылдын 1-январындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 22, 23-беттеринен окуй аласыңар.

[5-беттеги сүрөт]

Саймон экөөбүз

Облустук көзөмөлчү болуп кызмат кылып жүргөндө

Эң биринчи Ыйык Китебиме окшош Ыйык Китеп

[6-беттеги сүрөт]

Баш кошкон күнүбүздө

Ирен экөөбүз Кудайдын Сөзүн окуп-изилдөөдөн кубаныч алабыз