Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Берилгендигиңерди сактагыла

Берилгендигиңерди сактагыла

КӨЙГӨЙ

Баш кошкон күнү экөөңөр бири-бириңерге ант бергенсиңер. Ал ант сүйгөн кишиңер менен өмүр бою чогуу болууга, кандай көйгөй болбосун, аны биргелешип чечүүгө салтанаттуу түрдө берилген убада болчу.

Арадан жылдар өтөт. Ортодо келишпестиктер пайда болуп, мамилеңер сууй баштайт. Андайда жубайыңарга берген убадаңарга бек турасыңарбы?

ЭМНЕНИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Берилгендикти толкун алып кетпеш үчүн кайыкты кармап турган казыкка салыштырса болот

Берилгендик көп көйгөйдү чечет. Азыркы тапта көптөр берилгендикке карата туура эмес көз карашта. Айрымдар аны тушап турган кишендей көрүшөт. Бирок берилгендик, чынында, никени бекемдеп турган нерсе. Аны толкун алып кетпеш үчүн кайыкты кармап турган казыкка салыштырса болот. Буга байланыштуу Меган деген бир келин мындай дейт: «Бири-бириңерге карата берилгендик сактаганыңардын пайдасы, ортодо кандай келишпестик пайда болбосун, эч качан бири-бириңерди таштап кетпей турганыңарды билесиңер» *. Никени өмүр бою созулуучу шериктештик катары көрсөңөр, бул ал тургай олуттуу көйгөйлөр болгондо да аларды чечүүгө жардам берген негиз болуп берет. (« Берилгендик» деген кутучаны карагыла.)

Жыйынтык: эгер никеңерде кандайдыр бир көйгөйлөр болуп жатса, берилгендигиңерди сактоо керекпи-жокпу деп ойлонбой, кайра аны сактоого ого бетер аракет кылгыла. Муну кантип кылса болот?

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Өзүңөрдү текшергиле. «Өмүр бою бирге» деген сыяктуу сөздөрдү укканда өзүңөрдү капканга түшкөндөй сезесиңерби же өзүңөрдү коопсуз сезесиңерби? Ортоңордо келишпестик пайда болгондо, аны чечүүнүн бир жолу катары жубайыңар менен ажырашуу жөнүндө ойлоносуңарбы? Бири-бириңерге болгон берилгендигиңерди бекемдеш үчүн никени туруктуу шериктештик катары көрүшүңөр керек. (Ыйык Китептеги принцип: Матай 19:6.)

Көз карашыңарга таасир эткен нерселер жөнүндө ойлонуп көргүлө. Берилгендикке болгон көз карашыңарга ата-энеңерден көргөнүңөр таасир этиши ыктымал. «Ата-энем ажырашып кеткен. Берилгендикке болгон көз карашыма ошол таасир этсе керек деп ойлойм»,— дейт Леа. Бирок, өз турмушуңар өз колуңарда экенин унутпагыла. Ата-энеңердин турмуштан жаңылганы силердин да алардын катасын кайталай турганыңарды билдирбейт. (Ыйык Китептеги принцип: Галатиялыктар 6:4, 5.)

Байкап сүйлөгүлө. Уруш-талаш болуп жатканда ачууга алдырып, кийин өкүнүп кала турган «Ажырашам!» же «Кадырымды билген башка бирөөнү таап алам!» деген сыяктуу сөздөрдү айтуудан сак болгула. Мындай сөздөр берилгендикке доо кетирип, көйгөйдү чечпей эле, ого бетер ырбатат. Жүрөктү жаралаган сөздөрдү айткандын ордуна: «Кел, жай отуруп, көйгөйдү кантип чечсе болорун ойлонуп көрөбүз»,— десеңер болот. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 12:18).

Берилгендигиңер айкын көрүнүп турсун. Жубайыңардын сүрөтүн иштеген жериңерге коюп койгула. Үй-бүлөлүк жашооңор жөнүндө оң маанайда сүйлөгүлө. Эгер өмүрлүк жарыңардан алыс жакта жүрсөңөр, ага күнүгө чалып турууну максат кылып койгула. Сүйлөгөндө «биз», «аялым экөөбүз» же «жолдошум экөөбүз» деп сүйлөгүлө. Ошентсеңер, жубайыңарга болгон берилгендигиңер башкаларга да айкын болот, өзүңөргө да эскертип турасыңар.

Башка жубайлардан үлгү алгыла. Никесиндеги кыйынчылыктарды чече билген үй-бүлөлөрдөн үлгү алгыла. Алардан: «Жубайыңарга берилгендик деп эмнени эсептейсиңер? Андай берилгендикти сактаганыңардын никеңерге кандай пайдасы тийди?» — деп сурап көргүлө. Ыйык Китепте: «Темирди темир курчуткандай, адамды адам курчутат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 27:17). Ушул сөздү эске алып, алардын кеңешин колдонуп көргүлө.

^ абз. 7 Ыйык Китеп боюнча, ажырашууга жубайлардын бири жыныстык адеп-ахлаксыздык кылганда гана жол берилет. «Ойгонгула!» журналынын ушул санындагы «Ыйык Китепте эмне делет?» деген рубрикадагы «Ойноштук» деген макаланы карагыла.