Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ойноштук

Ойноштук

Жубайлардын берилгендиги эл арасында даңазаланганы менен, ойноштуктун айынан бузулуп жаткан үй-бүлөлөрдүн саны барган сайын өсүүдө.

Ойноштук деген эмне?

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айрым маданияттарда жубайлардын никеден тышкары жыныстык катнашта болгону, өзгөчө, эркектин ошондой ишке барганы кадимки нерсе деп эсептелет. Башкалар болсо никени өмүр бою созулуучу шериктик катары көрүшпөйт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте ойноштук деп, негизинен, никеде турган эркектин же аялдын башка бирөө менен өз эрки менен жыныстык мамиледе болгону эсептелет (Аюп 24:15; Накыл сөздөр 30:20). Ойноштук Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү нерсе. Кудайдын байыркы ысрайыл элине берген мыйзамына ылайык, ойноштук кылгандар өлүм жазасына тартылчу (Лебилер 18:20, 22, 29). Иса Машаяк да жолдоочуларына ойноштукка барбашы керектигин айткан (Матай 5:27, 28; Лука 18:18—20).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Ойноштук кылгандар жубайына аны менен баш кошкондо берген антын бузган болушат. Андан тышкары, «Кудайга каршы күнөө» кылган болушат (Башталыш 39:7—9). Ойноштук балдарга да залакасын тийгизет. Ал эми, эң негизгиси, «ойноштук кылып жүргөндөрдү Кудай соттойт» (Еврейлер 13:4).

«Баары никени баалашсын, нике төшөгү булганбасын» (Еврейлер 13:4).

Ойноштук ажырашууга негиз боло алабы?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай ажырашууга жубайлардын бири ойноштук кылганда гана жол берет (Матай 19:9). Андайда көзүнө чөп салган жубайы менен ажырашабы же жокпу, күнөөсүз тарап өзү чечет. Ал өзү каалагандай чечим чыгарууга укуктуу (Галатиялыктар 6:5).

Кудайдын көз алдында нике — өмүр бою бузулбашы керек болгон ыйык түзүлүш (1 Корунттуктар 7:39). Болор-болбос себептен, мисалы, жубайы жакпай калгандыктан эле ажырашкысы келгендер Кудайга жакпайт. Андыктан ажырашуу жеңил ойлуулук менен чыгарчу чечим эмес (Малаки 2:16; Матай 19:3—6).

«Мен болсо силерге мындай дейм: аялы менен бузуктуктан башка себеп менен ажырашкан ар бир адам анын ойноштук кылышына себепкер болот» (Матай 5:32).

Ойноштук кечирилгис күнөөбү?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Жок. Ыйык Китепте Кудайдын күнөө кылгандарды, анын ичинде ойноштук кылгандарды да, эгер өкүнсө жана кайра кайталабаса, кечирери айтылат (Элчилер 3:19; Галатиялыктар 5:19—21). Андан тышкары, ал китепте ойноштук кылганын токтотуп, Кудай менен ынак мамиле өрчүтө алган эркек-аялдар жөнүндө жазылат (1 Корунттуктар 6:9—11).

Алсак, Кудай байыркы убакта жоокерлеринин биринин аялы менен ойноштук кылган Дөөтү падышага ырайым кылган (2 Шемуел 11:2—4). Ыйык Китепте: «Дөөтүнүн бул кылганы Жахабанын көз алдында жаман иш эле»,— деп жазылган (2 Шемуел 11:27). Кудай аны ашкерелегенде, ал кылган ишине абдан өкүнгөн. Ошондуктан Кудай аны кечирген. Бирок ал кылган күнөөсүнүн кесепетин тарткан (2 Шемуел 12:13, 14). Кийинчерээк акылман Сулайман пайгамбар: «Бирөөнүн аялы менен ойноштук кылгандын акылы жок»,— деп бекеринен айткан эмес (Накыл сөздөр 6:32).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Эгер ойноштукка барсаңар, Кудайдан да, жубайыңардан да кечирим сурагыла (Забур 51:1—5). Ойноштукка карата Кудайдыкындай көз карашта болууга, ойноштукту жек көрүүгө үйрөнгүлө (Забур 97:10). Порнографиядан, карама-каршы жыныстагы кимдир бирөөгө тийишүүдөн, адеп-ахлаксыз нерселерди ойлоп кыялдануудан жана башка бирөөгө карата туура эмес каалоону пайда кыла турган ушу сыяктуу нерселердин баарынан алыс болгула (Матай 5:27, 28; Жакып 1:14, 15).

Ал эми жубайыңар ала жипти аттаса, Кудайдын силерди жакшы түшүнөрүнө шектенбегиле (Малаки 2:13, 14). Андан жан дүйнөңөргө тынчтык беришин, туура багыт беришин сурап тиленгиле, ал силерди сөзсүз колдойт (Забур 55:22). Эгер жубайыңарды кечирүүнү жана аны менен жашай берүүнү чечсеңер, мамилеңерди кайрадан калыбына келтирүүгө экөөңөр тең аракет кылышыңар керек болот (Эфестиктер 4:32).

Дөөтү падыша өкүнгөндө, Натан пайгамбар ага: «Жахаба күнөөңдү кечирди, сен өлбөйсүң»,— деген (2 Шемуел 12:13).