Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | БАШКА ТҮШКӨН КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ КАНТИП КӨТӨРҮП КЕТЕ АЛАБЫЗ?

Кыйынчылык башка түшкөндө...

Кыйынчылык башка түшкөндө...

ЭРТЕБИ-КЕЧПИ, ар бир киши кандайдыр бир кырсыкка кабылышы мүмкүн. Андан эч ким, колунда бары да, жогу да качып кутула албайт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ:

«Жарышта жеңишке шамдагайлар эле, күрөштө ийгиликке күчтүүлөр эле, нанга акылмандар эле, байлыкка түшүнүгү барлар эле, урмат-сыйга билими барлар эле жете бербейт... Себеби баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат» (Насаатчы 9:11).

Андыктан кеп кырсык-каргашага кабылар-кабылбасыбызда эмес, аны көтөрүп кете алабызбы же жокпу, ошондо. Мисалы, төмөнкүдөй жагдайларды элестетип көрсөңөр:

  • Табигый кырсыкка кабылып бүт мүлкүңөрдөн кол жууп калсаңар эмне кылат элеңер?

  • Өмүрүңөргө коркунуч туудурган ооруга чалдыгып калсаңарчы?

  • Же жакыныңардан айрылып калсаңарчы?

Ушул журналды басып чыгарган Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте жазылгандар башка түшкөн кыйынчылыкты көтөрүп кетүүгө жардам берерине, ошондой эле жакшылыктан үмүт үзбөгөнгө негиз бар экенине шектенишпейт (Римдиктер 15:4). Эмесе, Ыйык Китеп кантип жардам берерин көрсөткөн үч мисалга токтололу.