Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Кошмо штаттар

Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында 1215 квадрат километр аянтта жайгашкан 4500дөй светофор эми бир учурда күйүп-өчүп турат. «Нью-Йорк таймс» гезитине ылайык, Лос-Анжелес «светофорлору бир маалда күйүп-өчкөн ири шаарлардын биринчиси болду».

Дүйнө жүзү

Саламаттык боюнча жүргүзүлгөн дүйнөлүк изилдөөдөн билингендей, 1990—2010-жылдары ашыкча салмактагы адамдардын саны 82 пайызга көбөйгөн. Көптөгөн өлкөлөрдө тамак-аштын жетишсиздиги чоң көйгөй болуп жатса да, ашыкча салмактын кесепетинен өлгөндөрдүн саны өсүүдө. Алардын саны тамак-аштын жетишсиздигинен өлгөндөрдүн санынан үч эсе көп. Чынында, биз, изилдөөнү жетектегендердин бири Мажит Изати айткандай, «20 жыл мурунку тамак-аш жетишсиз болгон замандан, атүгүл өнүгүп келаткан өлкөлөрдө да, ден-соолукка зыяндуу тамак-аш жайнаган заманга өттүк».

Мидуэй аралы

Көп балапан басып чыгарган жана «дүйнөдөгү жапайы куштардын эң карысы» катары белгилүү болгон бир кара жон альбатрос дагы бир балапан басып чыгарды. Анын жашы канчада деп ойлойсуңар? Окумуштуулар ага байкоо салып туруш үчүн 1956-жылы бутуна шакек салганда, ал 5 жаштарда болчу. Азыр ал 60тан ашып калды. Ушу убакка чейин ал 3, 4 миллион кмдей аралыкты учуп өткөн деп божомолдошот. Бул Жерден Айга төрт-беш жолу барып келгенге тете.

Түштүк африка

Бир изилдөөдөн Түштүк Африкадагы аялдардын үчтөн бири тери агартуучу самындарды, майларды колдонору айкын болгон. Мындай каражаттар абдан зыяндуу болгондуктан, айрым өлкөлөрдө аларга тыюу салынган. Анын айынан адам, алсак, рак ооруларына, тери ооруларына, депрессияга чалдыгат, беймаза болот, бөйрөгү жабыркайт, терисинде тырык калат.