Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Дайыма той» болгондой жүрөсүңөрбү?

«Дайыма той» болгондой жүрөсүңөрбү?

«Санаачылдын бардык күндөрү кайгылуу, ал эми кимдин жүрөгү жайдары болсо, аныкында дайыма той» (Накыл сөздөр 15:15).

СУЛАЙМАН ПАЙГАМБАРДЫН бул сөздөрүнүн маани-маңызы эмнеде? Ал бул насаатты адамдын акыл-эсине жана эмоциялык абалына карата айткан. «Сааначыл» киши жаман нерсеге — каран түн түшүрүп, күндөрүн «кайгылуу» кылган нерсеге — көңүл топтойт. Ал эми «жүрөгү жайдары» адам жакшы нерсеге — жан дүйнөсүн кубантып, дайыма той болгондой сезим туйдурган нерсеге — көңүл койгонго аракет кылат.

Баарыбыздын эле турмуштун запкысына кабылып, санааркап, көңүлүбүз чөккөн учуларыбыз болот. Бирок кайгыга батырып, салмагын салган ошондой оор убакта да, жүрөгүбүздү жарык кылган кубанычты сактай алабыз. Ыйык Китепте буга байланыштуу эмне делерин карап көрсөк.

  • Эртең эмне болот деп кабатырланып, убайым тарта бербегиле. Иса Машаяк: «Эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү»,— деген (Матай 6:34).

  • Буга чейин болгон жакшы нерселерге көңүл бурганга аракеттенгиле. Кайгынын сур булуту каптап, көңүл чөгүп турган учурда ошол жакшы нерселерди кагазга жазып, алар тууралуу ой жүгүртүп көрсөңөр болот. Бирок мурда кетирген каталарыңар же жаман окуялар жөнүндө ойлобой эле койгонуңар жакшы. Өткөндөн сабак алып, алдыны көздөй илгерилей бергиле. Алсак, айдоочу машине айдап баратканда арткы күзгүсүн анда-санда карап турат, бирок андан көзүн албай кете бербейт. Кудайдын абдан кечиримдүү экенин да унутпагыла (Ышая 55:7).

  • Санаа күч алып, жүрөктү кысып бараткандай сезилсе, жубатып-соорото турган бирөөгө бугуңарды чыгарып алганыңар жакшы. Сулайман пайгамбар: «Санаа жүрөктү өйүйт, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт»,— деп айткан (Накыл сөздөр 12:25). «Жакшы сөздү» терс көз карашта болгон же жакшы нерседен үмүттөнбөгөн адамдардан эмес, силерди «ар убак сүйгөн» үй-бүлөңөрдөгүлөрдөн, санаалаш досторуңардан уга аласыңар (Накыл сөздөр 17:17).

Ыйык Китептеги санат сөздөр көптөргө, атүгүл кыйын кезеңдерде да чөкпөй, кубанып жашаганга көмөк кылды. Кеменгерлик менен жазылган ал даанышман кеңештер силерге да жардам бере берсин.