Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Камерунга саякат

Камерунга саякат

ПИГМЕЙЛЕР деп да белгилүү болгон бака эли Камерундун алгачкы тургундары болсо керек. 1500-жылдары ал жакка португалдар отурукташа башташкан. Андан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин, Камерундун түндүгүн ислам динин туткан фулани деген эл басып алган. Учурда Камерунда жашаган калктын 40 пайызын христиандар, 20 пайызын мусулмандар, калган 40 пайызын африкалыктардын динин туткан адамдар түзөт.

Жахабанын Күбөлөрү Камерундагы баса тилинде Ыйык Китепке негизделген адабият басып чыгарышкан

Камерундун кыштактарында жашаган эл меймандос келет. Үйгө келген кишини жылуу тосуп алып, суусундук, тамак-аш берип коноктошот. Коноктун үйгө кирип, даам ооз тийип кеткени үй ээсин сыйлагандыкка, ал эми үйгө кирбей кетип калганы үй ээсин сыйлабагандыкка жатат.

Үйгө келген киши адегенде үйдөгүлөрдүн баары менен учурашып, алардын ал-акыбалын, ал тургай мал-жанынын кандай экенинен бери сурайт.  «Үйгө келген конокту: „Жакшы бар“,— деп эле кетирип жибербейбиз,— дейт ошол жерлик Жозеф.— Аны жолго чейин узатып чыгабыз, анан коштошуп, үйгө кайтабыз. Конокту ушинтип узатпасак, таарынып кетиши мүмкүн».

Санага дарыясында чакан кайыктар көп жүрөт. Жел айдагычты (парус) аны жасоого ылайыктуу болгон нерселерден жасашат

Айрым учурларда тамакты бир нече киши бир эле табактан колу менен жей берет. Камерунда бул салт ынтымакты билдирет. Кээде камерундуктар таарынышып кеткен достору менен элдешиш үчүн чогуу отуруп бир табактан тамак жешет. Алардын ушинтип бирге отуруп тамактанганы элдешкенин билдирет.

Жахабанын Күбөлөрү Камерунда 300дөн ашуун жыйналыш уюштурушкан жана учурда 65000ге жакын кишиге Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жатышат