Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ден соолугуңарды чыңдоого бел байлагыла

Ден соолугуңарды чыңдоого бел байлагыла

Ден соолугуңарды чыңдоого бел байлагыла

БУЛ катар макалалардын биринчисинде айтылып өткөн Рам эсиңердеби? Дүйнөдөгү көптөгөн адамдардай эле, Рам ден соолуктун чың болушу үчүн туура тамактануунун жана башка адаттардын канчалык маанилүү экенин билген эмес. Ал мындай дейт: «„Ойгонгула!“ журналындагы (2002-жыл, 8-май, ор.) „Бардык адамдар туура тамактана алат“ деген макала мага эмне үчүн туура тамактануу керек экенин түшүнүүгө жардам берди.

Биз бүт үй-бүлөбүз менен макаладан окуп-билгендерибизди дароо колдонууга аракет кылдык. Убакыттын өтүшү менен иммун системабыздын бекемделгенин сездик. Кандай тамактанып жатканыбызга олуттуу көңүл бура баштаганга чейин суук тийип калып көп сыркоолочубуз, бирок азыр чанда эле ооруйбуз. Ошондой эле „Ойгонгула!“ журналындагы (2003-жыл, октябрь—декабрь) „Денсоолукту коргоонун 6 жолу“ деген макаланын жардамы менен таза суу алуунун арзан жана оңой жолдорун таптык.

„Ойгонгула!“ журналындагы (2004-жыл, январь—март) „Самын дайыма колдо бар вакцина“ деген дагы бир макала үй-бүлөмдүн ден соолугун чыңдоого көмөк кылды. Аны окуур замат андагы кеңештерди колдоно баштадык. Азыр биз мурдагыдай көз инфекцияларынан жапа чекпей калдык.

Биз жашаган жерде адамдар чымын-чиркей, москиттердин көп экенине жана алардан коргонуу керектигине көп деле маани беришпейт. Бирок биз үй-бүлөбүз менен „Ыйык Китеп. Анын жашообузга таасир эткен күчү“ * деген видеотасмадан алардан сактанышыбыз керектигин билдик. Муну билүү да бизге чың ден соолукта болууга шарт түзөт».

Багынбагыла! Кандай гана өзгөрүүлөрдү жасоого туура келбесин, аларды акырындык менен баштап, алдыңарга жетсе боло турган максаттарды коюу менен көбүрөөк ийгиликке жете аласыңар. Мисалы, анча пайдалуу эмес тамак-аштарды таптакыр жебейм деп чечип алгандын ордуна, аларды азыраак жегиле. Бир аз эрте жатууга жана кичине көбүрөөк көнүгүү жасоого аракет кылгыла. Эч нерсе кылбай койгондон көрө, кичинеден аракет кылган жакшы. Адатта, жаңыдан өрчүтүп жаткан жакшы адатыңар табиятыңардын ажырагыс бөлүгү болушу үчүн бир канча убакыт, балким, бир нече жума же ай талап кылынат. Ошол эле учурда жумшаган аракетиңердин үзүрүн дароо көрбөй жатсаңар, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Кээде изден тайсаңар да, багынбай, тырышчаактык менен аракет кыла берсеңер, ден соолугуңардын жакшырары шексиз.

Бул жеткилеңсиз дүйнөдө жашап жатып жеткилең ден соолукка ээ болуу мүмкүн эмес. Ооруп калганыңар өзүңөргө тийиштүү түрдө кам көрбөй койгонуңардын эмес, тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктин кесепети болушу ыктымал. Андыктан ден соолукка же башка нерселерге байланыштуу тынчсыздануулардын силерди ашыкча стресс кылып, сарсанаага батырышына жол бербегиле. «Тынчсыздануу менен кимиңер өмүрүңөрдү бир азга болсо да узарта аласыңар?» — деген Иса (Лука 12:25). Андан көрө, өмүрдү кыскарта турган жана жашоонун сапатын төмөндөтө турган нерселерден оолак болууга аракет кылгыла. Бул силерге, Кудайдын жаңы дүйнөсүндө «тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпай» турган күн келгиче, мүмкүн болгончолук деңгээлде чың ден соолукта болууга жардам берет (Ышайа 33:24).

[Шилтеме]

^ 5-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.