3-ачкыч: Кыймылдап тургула
3-ачкыч: Кыймылдап тургула
«Эгер дене тарбия көнүгүүсү дары болсо, ал дүйнөдөгү эң эле көп дартка жазылуучу даба болмок» (Эмори университетинин медициналык факультети). Чынында эле, ден соолугубузду чыңдоого өбөлгө түзгөн нерселердин ичинен дене тарбия көнүгүүлөрү — миңдин бири.
◯ Күч-аракет жумшагыла. Активдүү жашоо өткөрүү көңүлдүү жүрүүгө, тунук ой жүгүртүүгө, алдуу-күчтүү, иштиктүү болууга жана туура тамактануу менен коштолсо, тийиштүү салмакты сактоого жардам берет. Көнүгүүлөр натыйжа бериш үчүн сөзсүз эле жанды кыйнагыдай же өтө эле оор болушу талап эмес. Көнүгүүлөрдү жумасына бир нече жолу тең салмактуулук менен жасап туруу абдан пайдалуу.
Чуркоо, ылдам басуу, велосипед тебүү жана спорттун активдүү түрлөрүнө катышуу жүрөктүн бат-баттан согушуна, тердөөгө шарт түзүп, чыдамкай болууга жана жүрөк инфаркты менен инсульттун алдын алууга жардам берет. Аэробикалык көнүгүүлөрдү жасоо, акыл-эстүүлүк менен булчуңдарга оордук келтирүү жана гимнастика сөөктөрдү, ички булчуңдарды, буту-колду чыңдоого көмөк кылат. Мындай иш-аракеттер зат алмашууну да жакшыртып, тийиштүү салмакты сактоого өбөлгө түзөт.
◯ Жөө баскыла. Көнүгүүлөр бардык курактагы адамдар үчүн пайдалуу жана аларды жасоо үчүн сөзсүз эле гимнастикалык клубга жазылуунун кажети жок. Адегенде машинеге, автобуска же лифтке түшпөй жөө басуудан баштасаңар болот. Кайсы бир жакка, айрыкча, жөө батыраак жетсе боло турган жерге баруу үчүн унаага түшүүнүн зарылдыгы барбы? Ата-энелер, мүмкүнчүлүк болгон сайын, балдарыңарды таза абада кыймыл-аракетти талап кылган оюндарды ойноого үндөгүлө. Мындай оюндар алардын денесин чыңдап, тулку боюнун координациясын жакшыртат. Ал эми кыймылды талап кылбаган оюндар, мисалы, видео оюндары тууралуу минтип айтууга болбойт.
Жашыңар канчада болбосун, тең салмактуулук менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоодон пайда ала аласыңар. Эгер жашыңар өр тартып калгандыктан же ден соолугуңар начар болгондуктан көнүгүүлөрдү жасай элек болсоңор, кантип баштоо керектиги жөнүндө дарыгер менен кеңешкениңер акылдуулукка жатат. Эң негизгиси, сөзсүз баштагыла! Акырындык менен башталган жана чеги менен жасалган көнүгүүлөр атүгүл карыларга да булчуңдарын, сөөктөрүн бекемдөөгө, ошонун аркасында көп жыгылбоого көмөк кылат.
Көнүгүү жасоо ушул катар макалалардын эң биринчисинде айтылган Рустамга да жардам берген. Ал жубайы менен 7 жылдан бери жумасына 5 күн күнүгө эртең менен чуркайт. «Башында чуркабаганга шылтоо издечүбүз,— дейт ал.— Бирок бири-бирибизге шерик болгонубуз экөөбүзгө тең түрткү берүүчү күч болду. Азыр чуркоо бизге кубаныч берген жакшы адатыбыз болуп калды».
[6-беттеги сүрөт]
Көнүгүүнү жагымдуу кылууга болот