Ден соолугуңарды чыңдоо өз колуңарда
Ден соолугуңарды чыңдоо өз колуңарда
ОРУСИЯДА жашаган Рустам жаны тынбай, дайыма бир нерсе менен алек. Мурда анын жаман адаттары бар болчу. Бирок кийин ал адаттарынын ден соолугуна залакасын тийгизип жатканын түшүнгөндүктөн тамекисин таштап, ичимдикти кыянат колдонбой калган. Ошентсе да керээли-кечке компьютердин маңдайында отургандыктан, шалдырап, эч нерсеге көңүлү чаппай калган.
Рустам жумушун эртең мененки сегизде баштаса да, он дегенде араң ойгончу. Андан тышкары, көп ооруй турган. Ошол себептен ал күн тартибин өзгөртүүнү чечкен. Мунун натыйжасы кандай болгон? «Акыркы жети жылдын ичинде жылына эки күндөн ашык ооруган жокмун. Азыр өзүмдү аябай жакшы сезем — сергек, жандуу жүрөм жана жашоодон чындап кубаныч алам!» — дейт ал.
Рам жубайы жана эки кызы менен Непалда тазалык нормалары сакталбаган, чымын-чиркейге толгон аймакта турат. Мурун Рам менен анын үй-бүлөсү дем алуу органдарына байланышкан илдеттерге жана көз инфекцияларына көп чалдыгышчу. Алар да өзгөрүүлөрдү жасап, ден соолугун бир топ жакшыртышкан.
Ден соолугуңарга кам көргүлө!
Көптөр, бай болобу же кедейби, ден соолугунун өздөрүнүн адаттары менен тыгыз байланышта экенин түшүнүшпөйт. Алар ден соолуктун жакшы болушу адамдын багынан, ошондуктан анын өзүнөн көз каранды эмес деп ойлошот. Баары бешенеге жазылгандай болот деген түшүнүккө негизделген андай көз караш канчалаган адамдарды жипсиз байлап, аларга ден соолугун чыңдоого, ошонун аркасында алда канча сергек жана көңүлдүү жашоого тоскоолдук кылып келет.
Чын-чынында, материалдык абалыңар кандай болбосун, өзүңөрдүн жана үй-бүлөңөрдүн ден соолугун чыңдоого өбөлгө түзгөн негизги кадамдарды жасай аласыңар. Мунун акыбети кайтабы? Сөзсүз! Ал кадамдарды жасоо менен жашооңорду жакшыртып, өмүрдү кыскарта турган көйгөйлөрдөн кача аласыңар.
Ата-энелер сөзү жана үлгүсү менен балдарына жакшы адаттарды өрчүтүүгө жардам берүүнүн аркасында алардын чың ден соолукта болушуна шарт түзүшөт. Буга кеткен убакытты жана чыгымды азап-кайгынын азайганы, ооруганга азыраак убакыт кеткени, дары-дармекке азыраак акча сарпталганы актап берет. Ырас, дарыланууга тоодой күч жумшаганча, оорунун алдын алууга томуктай күч жумшаган артык.
Кийинки макалаларда Рустамга, Рамга жана башка көптөгөн адамдарга жардам берген ден соолукту чыңдоонун негизги беш ачкычын карайбыз. Ал ачкычтар силерге да жардам берет!
[3-беттеги сүрөт]
Рустам
[3-беттеги сүрөт]
Рам кызы менен таза суу алууда

