Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Катуу жер титирөөлөр күтүлүүдө

Катуу жер титирөөлөр күтүлүүдө

Катуу жер титирөөлөр күтүлүүдө

ЖЕР титирөөнү өлчөөчү шаймандар пайда болгондон бери жүздөгөн чоң жер титирөөлөр катталды. Андай жер титирөөлөр адамдар жашабаган аймактарда болгондуктан, бизди көп деле тынчсыздандырбайт жана массалык маалымат каражаттарында бир аз эле маалымдалат же таптакыр айтылбайт. Бирок ири шаарларда болгон жер титирөөлөр чоң кыйроого алып келет. Жер титирөөдө канча адамдын өмүрү кыйылары жана мүлктүн канчалык талкаланары элдин ошол аймакта канчалык жыш жайгашканынан жана жер титирөөгө канчалык деңгээлде даяр болгонунан көз каранды.

2010-жылдын 12-январында Гаитиде чоң кыйроого учураткан жана адамдардын өмүрүн алып кеткен катуу жер титирөө болгон. Бирок ошол жылы катуу жер титирөө бир эле Гаитиде болгон эмес. Төмөндө 2010-жылдын башында болгон айрым катуу жер титирөөлөрдүн тизмеги берилди. Алар катуулугу жагынан Гаитинин борборун бүлгүнгө учураткан жер титирөөдөн да ашып түшкөн.

3-январь, 7,1 балл. Соломон аралдары

Башында 7,1 баллдан ашты деп эсептелген бул чоң жер титирөө толкундун бийиктиги 2—3 метрге жеткен цунаминин болушуна алып келген. Табигый кырсыкты көзөмөлдөө боюнча мекеменин жетекчиси Лоти Ятс айылдын «толугу менен суу астында калганы» атүгүл самолётто учуп бараткандарга да көрүнгөнүн айткан. Анын айтымында, Рендова аралындагы Байнара айылында 16 үй толугу менен талкаланып, көптөгөн үйлөр зыянга учураган.

Бул жер титирөө болордун алдында жер катуу силкинип, анын күчү 6,6 баллга жеткен. Көптөр абдан корккондуктан бийигирээк жерлерге качып кетишкен. Ушундай кылуунун аркасында алар эки сааттан кийин болгон катуу жер титирөөдөн улам пайда болгон цунамиден аман калышкан.

26-февраль, 7,0 балл. Рюкю аралдары, Жапония

Бул жер титирөөнүн очогу, жергиликтүү убакыт боюнча, таңкы 5.31де Жапониянын Рюкю аралдарындагы Наха шаарынан (Окинава) 80 километр алыстыкта жайгашкан жерде болгон. Цунаминин болору алдын ала эскертилгени менен, кийинчерээк ал жокко чыгарылган. Окинавада 90 жылдан ашуун убакыттан бери жашаган бир аял мындай катуу жер титирөөнү өмүрүндө көрбөгөнүн айткан.

27-февраль, 8,8 балл. Чили

Бул жер титирөө Чилидеги 1900-жылдан бери болгон катуу жер титирөөлөрдүн бешинчиси болуп эсептелет. Алардын эң күчтүүсү 1960-жылы болуп, 9,4 баллга жеткен. Ошол жер титирөөдөн жана 1985-жылы Чилинин борбор шаарын талкалап кеткен жер титирөөдөн кийин Чилиде бекем, туруктуу үйлөрдү курууга өзгөчө көңүл бурула баштаган.

Натыйжада Сантьягодогу жана башка шаарлардагы бир нече гана имарат 27-февралда болгон жер титирөөдө талкаланган. Бирок миңдеген адамдар жапа чегип, мүлкүнөн ажырашкан. Өмүрүнөн ажыраган 500дөй кишинин дээрлик жарымы цунамиден каза болгон.

4-апрель, 7,2 балл. Төмөнкү Калифорния, Мексика

Бул жер титирөөнүн очогу Гуадалупе-Викториядан (Мексика) 18 километр, ал эми Мехикалиден 47 километр алыстыкта жайгашкан жерде болгон. Ал жер эл отурукташпаган алыскы аймак болчу. Бирок анын эпкини Мексиканын көптөгөн шаарларына жана Кошмо Штаттардын түштүгүнө дейре жеткен.

9-май, 7,2 балл. Түндүк Суматра, Индонезия

Суу астында болгон бул жер титирөө Индонезиянын түндүгүндө жайгашкан Банда-Ачех шаарынан 217 километр алыстыкта жайгашкан жерде түш чамасында болгон. Көптөр үйлөрүн таштай качып, корккондуктан көпкө чейин кайрылып келишкен эмес. Бактыга жараша, эч ким жабыр тартып, зыянга учураган эмес.

Дагы болору күтүлүүдө

Дүйнө жүзүндө болгон чоң жер титирөөлөрдү эске алганда, жер титирөөлөрдүн дагы да болорун күтүүгө болот. Кошмо Штаттардын Геологиялык кызматы ачык эле: «Катуу жер титирөөлөр буга чейин болуп келгендей эле, келечекте да боло берет»,— деп билдирет.

Кызыктуусу, бир гезиттин баш макаласында мындай делген: «Жакынкы убакта болгон жер титирөөлөр адамдардын табигый кырсыктардан коргоно да, аларга каршы эч нерсе кыла да албай турганын эске салып турат. Бирок бул колдон келген нерселерди кылбашыбыз керек дегенди эмес,.. тек гана адамдар көзөмөлдөй албай турган табигый кырсыктардын болорун күтө беришибиз керектигин билдирет».

Ыйык Китепти терең изилдегендер, албетте, адамдарды табигый кырсыктардан коргой алышпайт, бирок дүйнөнүн акырына аз калганын көрсөткөн Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын арасында жер титирөөлөрдүн болору айтылганы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр (Матай 24:3, 7; Марк 13:8; Лука 21:11).

[28, 29-беттердеги карта]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

2010-жылдын январынан май айына чейин болгон 7,0 же андан чоң баллга жеткен жер титирөөлөр болгон аймактар

Мексика

Гаити

Чили

Жапония

Индонезия

Соломон аралдары