Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Макадам жаңгагы—австралиялыктардын жакшы көргөн мөмөсү

Макадам жаңгагы—австралиялыктардын жакшы көргөн мөмөсү

Макадам жаңгагыавстралиялыктардын жакшы көргөн мөмөсү

БОТАНИК Уолтер Хил жаш жардамчысын үрөйү учуп карап калат. Ал бала Квинсленддин (Австралия) түштүк-чыгышындагы жаан-чачындуу субтропикалык токойдо өскөн жаңгактын жаңы эле ачылган түрүнүн мөмөсүнөн жеп алган эле. Хил ал жаңгакты уулуу деп уккан болчу. Бирок бала эч нерсе болгон жок. Тескерисинче, ал жаңгактын укмуштуудай даамдуу экенин айтат. Хил өзү да жеп көрүп, чынында эле даамдуу экенине кошулат. Ошондон көп өтпөй ал макадам жаңгагынын көчөтүн досторуна жана ар кайсы жакта жашаган ботаниктерге тарата баштайт *.

Бүгүнкү күндө да, ошондон 150 жылдай өткөндөн кийин, макадам жаңгагы көптөрдү кайдыгер калтырбайт. Минтип айтууга орчундуу себептер бар. Бир журналда: «Макадам жаңгагы дүйнөдөгү эң даамдуу жаңгактардын бири деп эсептелет, анткени ал — даамы кайталангыс, жегенде кытырап турган, өңү сары кызгылт келген мөмө»,— деп айтылган. Андыктан макадам жаңгагынын Австралиядагы эң өтүмдүү мөмө болгону таң калыштуу эмес («Chronica Horticulturae»).

Таштай катуу жаңгак

Дайыма жапжашыл болуп турган макадам дарагы Австралиянын чыгыш жээгиндеги субтропикалык алкакта өсөт. Макадам жаңгагынын тогуз түрүнүн экөөсү жегенге жарактуу. Алардын сырткы кабыгы түктүү, өңү күрөң, көлөмү тоголок келет, ал эми ичиндеги данегинин өңү кызгылт сары келип, өзү тоголок болот.

Сырткы кабыгы катуу болгондуктан аны чагуу оңой эмес *. Австралиянын жергиликтүү эли жаңгакты таш менен чагат. Алгачкы бакчылардын бири Жон Уолфрен жаңгакты чагуу үчүн балка менен дөшүнү колдонгон. Ал ушундай жөнөкөй эле шаймандар менен 50 жылдай убакыттын ичинде 8 миллиондой жаңгак чаккан. Жаңгакты атайын чыгарылган аппараттар менен чакса болобу? Башында адамдар андай аппараттарды ойлоп табышкан, бирок алар жаңгактын данегин да бычыратып салгандыктан колдонулбай калган. Убакыттын өтүшү менен чакканда данегине зыян тийгизбей турган аппараттарды ойлоп чыгарышкан.

Макадам жаңгагын көбөйтүүдө да кыйынчылыктар туулган. Жакшы жаңгак дарагынан көчөт алып отургузганда, ал көбүнчө жакшы жемиш берчү эмес. Кыйыштыруу да жакшы натыйжа берген эмес. Ушундай кыйынчылыктардан улам, гавайиликтер көйгөйдү чечкиче, жаңгак сатып пайда көрүү дээрлик токтоп калган. Гавайиликтер макадам жаңгагын өстүрүүдө жаңы ыкма ойлоп табышкан. Натыйжада дүйнө жүзүндөгү макадам жаңгагынын 90 пайызы Гавайиден чыга баштаган. Андыктан макадам жаңгагынын «Гавайи жаңгагы» деп да аталганы таң калыштуу эмес.

Ошондон кийин австралиялык багбандар гавайиликтерден үйрөнгөн ыкманы колдонуп, 1960-жылдары «макадам жаңгагын өстүрүп-сатууга олуттуу көңүл бура башташкан». Натыйжада жергиликтүү өнөр-жай абдан өнүккөн жана учурда дүйнө жүзүндөгү макадам жаңгагынын 50 пайызы Австралиядан чыгат. Макадам жаңгагы ошондой эле Африкада, Азияда жана Борбордук Америкада өстүрүлөт.

Австралиядагы фермага саякат

«Ойгонгула!» журналынын кабарчысы Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы Лисмор деген шаарга жакын жерде жайгашкан фермада болду. Ферманын ээси Эндрю «макадам жаңгактары кайчылаш чаңдашышы үчүн жаңгактын бир сорту бир катарга, ал эми башка сорту кийинки катарга тигилерин» айтып берди. Кабарчыбыз билгендей, Австралиядагы миллиондогон макадам дарактарынын 80 пайызы гавайилик селекционерлер чыгарган сорттор экен. Бирок учурда австралиялык селекционерлер жапайы макадам жаңгагынын генетикалык материалын колдонуп, жаңгактардын түшүмдүүлүгүн жакшыртуунун үстүнөн иштеп жатышат.

Макадам дарактарын карап баратып, жыш жалбырактардын арасынан кичинекей топко окшогон тоголок-тоголок жаңгактарды көрдүк. Жаңгак алты айда бышып, жерге түшө баштайт. Жерге түшкөн жаңгактардын айрымдарынын жаракасы бар экенин байкадык. «Келемиштер жаңгакты сегиз секундада эле кемирип жеп коёт. Камандар да макадам жаңгагын жакшы көрүшөт», — деди Эндрю. Катар менен арыраак бара жатканда, Эндрю жерге жарым-жартылай көмүлүп калган жаңгакты буту менен тээп чыгарып, тамашага салып: «Аз жерден үч центти жоготуп ала жаздаптырбыз»,— деди. Көптөгөн фермелер жерге түшкөн жаңгактарды айлануучу цилиндри жана кичинекей пластмасса таякчалары бар шайман менен чогултушат. Анан жаңгактардын сырткы кабыгын тазалап, сорттошот да, жаңгакты чагуу үчүн фабрикага жөнөтүшөт, андан соң жаңгак саттыкка чыгарылат.

Ары даамдуу, ары пайдалуу!

Саякатыбыз аяктаган маалда жаңгактын бир нече данегин жеп көрдүк, анын майлуу жана эң сонун даамы таңдайыбыздан көпкө чейин кетпей калды. Макадам жаңгагы пайдалуубу? Жаңгактын курамындагы май (моноканыкпаган май, башкача айтканда, жакшы май), бир маалыматка ылайык, «көбүнчө 72 пайыздан ашат жана анын майлуулугу башка жаңгактардан кыйла жогору». Акыркы изилдөөлөрдөн билингендей, жаңгакты чектелүү санда жесе, организмдеги холестерин менен триглицериддин деңгээли азайып, жогорку кан басымы төмөндөйт.

Көптөр макадам жаңгагы кошулган шоколаддарды, кондитердик таттуу нандарды жана балмуздактарды жакшы көрүшөт. Башкаларына болсо куурулганы, туздалганы же жөн эле чагылгандары жагат. Кандай болбосун, макадам жаңгагынан ооз тийген кишинин аны кайра жегиси келбей койбойт.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Бир канча жыл мурун Каниңхам (1828-жыл) менен Лайкард (1843-жыл) деген изилдөөчүлөр макадам жаңгагын чогултуп сактап коюшкан, бирок ал эмне болгон жаңгак экени тууралуу эч кандай маалымат беришкен эмес. 1857-жылы Хилдин кесиптеши Мельбурндагы ботаник Фердинанд фон Мюллер жаңгакты өзүнүн досу доктор Жон Макадамдын урматына «макадам жаңгагы» деп атаган.

^ 6-абз. Макадам жаңгагынын кабыгы абдан катуу болгондуктан, ал өнөр жай тармагында катуу нерселердин бетин тазалап-жылмалоодо колдонулат.

[15-беттеги кутуча]

КАБЫГЫНАН ЭНЕРГИЯ АЛЫНАТ

Макадам жаңгагынын таштай катуу кабыгы — табы көмүрдүкүнө окшош болгон эң сонун күйүүчү зат. Ошондуктан Австралиядагы энергия өндүрүүчүлөр макадам жаңгагынын кабыгын колдонуп, электр энергиясын алышат. Ушундай жол менен алынган электр энергиясы жаңгакты кайра иштеткен фабриканы эле эмес, бүтүндөй бир чоң аймакты электр энергиясы менен камсыз кылат. Австралиялыктар биринчилерден болуп, макадам жаңгагын колдонуп электр энергиясын алууда. Фермерлер канчалык көп түшүм алышса, макадам жаңгагынан алынган күйүүчү заттар да ошончолук көп болот.

[15-беттеги сүрөт]

Австралиялык фермерлер жылына миңдеген жаңы бактарды өстүрүшөт

[15-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

All photos pages 14 and 15: Australian Macadamia Society