Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Тактык

Тактык

Көптөр так болууну баалаганы менен дайыма так жүрүү кыйынга турарын айтышат. Ыйык Китепте буга байланыштуу жакшы кеңештер камтылган.

Канчалык маанилүү?

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Айрымдар болжошкон жерге биртике эртерээк баруу cтрессти азайтарын байкашкан. Так жүрүү кишинин аброюна да таасир этет. Кандайча?

Өзүн башкара алгандыктын белгиси. Эгер кечикпей дайыма так жүрсөңөр, кылам деп ойлонуштурган нерселериңерди кылууга ар кандай жагдайлардын жолтоо болушуна жол бербей, өз күн тартибиңерге өзүңөр кожоюн экениңерди көрсөтөсүңөр.

Ишенимдүүлүктүн белгиси. Сөзүнө турбаган жоопкерчиликсиз кишилерге толгон азыркы коомдо көптөр сөзүнө тургандарды аябай баалашат. Ишеничтүү кишилерди үйүндөгүлөрү да, достору да жакшы көрүшөт. Жумуш берүүчүлөр да жумушка өз убагында келген, ишти мөөнөтүнөн кечиктирбей бүтүргөндөрдү сыйлашат. Ишеничтүү жумушчуларга көбүрөөк ишеним артылып, атүгүл көбүрөөк акча төлөнүшү мүмкүн.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте тактыкка байланыштуу бир нече аят бар. Алсак, алардын биринде: «Бардыгы өз орду, өз тартиби менен болсун»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 14:40). Эгер эки тарап жолугуу үчүн бир убакты, бир жерди болжошсо, «бардыгы өз орду» менен болушу үчүн, эки тараптан тең тактык талап кылынат. Ошондой эле Ыйык Китепте: «Бардык нерсенин өз убагы бар, асман астындагы ар бир иштин өз убагы бар»,— деп айтылган (Насаатчы 3:1). Бул аяттын контекстинде: «Отургуза турган убак бар, отургузулганды жула турган убак бар»,— деп жазылган (Насаатчы 3:2). Дыйкан мол түшүм алыш үчүн үрөнүн өз убагында себет жана ошонун аркасында жакшы натыйжага жетет.

Анткен менен эмне үчүн так жүрүшүбүз керектигинин мындан башка да негизги себеби бар. Биз башкаларды жана алардын алтындай убактысын баалашыбыз керек (Филипиликтер 2:3, 4). Ал эми дайыма башкаларды күттүрүп басып жүрсөк, убактысын уурдаган болуп калабыз.

«Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4).

Тактыкка кантип үйрөнсө болот?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте баарын алдын ала ойлонуштуруу маанилүү экени айтылат (Накыл сөздөр 21:5). Эгер дайыма кечигип жүрсөңөр, анда күн тартибиңер өтө эле тыгыз болушу мүмкүн. Андайда, балким, анча маанилүү эмес иштерден баш тартуу керек болот. Андан сырткары, бир иш менен экинчи иштин ортосуна көбүрөөк убакыт калтырып, болжошкон жериңерге эртерээк барууга аракет кылгыла. Ошондо күтүлбөгөн жагдайларды, алсак, жол тыгынын же аба ырайынын өзгөрүшү сыяктуу нерселерди эске алып иш кылган болосуңар.

Мындан сырткары, Ыйык Китеп бизди алыбызга жараша иш кылууга да үндөйт (Накыл сөздөр 11:2). Башкача айтканда, мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү экенин эске алышыбыз зарыл. Кайсы бир мөөнөткө же убакытка макулдашардан мурун адегенде сөзүңөргө тура алар-албасыңарды ойлогула. Эгер өтө эле көп нерсеге жетишүүгө умтулсаңар, өзүңөрдү да, башкаларды да стресс кылып, көңүлүн калтырасыңар.

Ыйык Китепте убактыбызды туура колдонушубуз керектиги да айтылган (Эфестиктер 5:15, 16). Биринчи кезекте маанилүү иштерди аткаргыла (Филипиликтер 1:10). Ошондой эле коомдук унаада баратканда же бирөөнү күтүп жатканда убакытты текке кетирбей, бир нерсе окугула же күндүн калган бөлүгүндө эмне кыларыңарды ойлонгула.

«Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет» (Накыл сөздөр 21:5).