Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаркын келечекке алып барган жолду кантип тапсак болот?

Жаркын келечекке алып барган жолду кантип тапсак болот?

Буга чейинки макалаларда айтылгандай, адамдар келечегибиздин жакшы болору табияттан тыш күчтөрдөн, билимден, байлыктан, жакшы адам болгондон көз каранды деп ишенип келишет. Бирок алардын ошондой нерселерге ишеним артканы кайсы бир жерге жетиш үчүн туура эмес картаны колдонгонго барабар. Бул жаркын келечекке туура багыт берген эч нерсенин жок экенин билдиреби? Жок, андай эмес.

ЭҢ МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИЛИК

Чечим чыгарарда, адатта, бизден улуураак, акылдуураак кимдир бирөө менен кеңешебиз. Анын сыңарындай, бизден алда канча акылдуу, алда канча улуу бирөө бар. Ал бизге жаркын келечекке багыт берет. Анын кеңештери 3500 жылдай мурун бир китепке жазылган. Китептердин жыйындысынан куралган ал китеп «Ыйык Китеп» деп аталат.

Эмне үчүн Ыйык Китепте жазылгандарга ишенсек болот? Анткени анын автору — баарынан улуу, баарынан акылдуу Кудай. Ааламда ага тең келген жан жок. Ыйык Китепте ал «Күндөрү Байыркы» деп сыпатталат жана «түбөлүктөн түбөлүккө» жашары айтылат (Даниел 7:9; Забур 90:2). Ал — «асманды жараткан, жерди калыптап жасаган... чыныгы Кудай» (Ышая 45:18). Анын ысымы — Жахаба (Забур 83:18).

Ыйык Китепти бүт адамзатты жараткан Кудай берген. Ошол себептен ал ар кандай расадагы, улуттагы адамдарга арналган. Андагы кеңештер, кайсы доордо, кайсы өлкөдө жашабайлы, баарыбызга пайдасын тийгизет. Бир да китеп ошончо тилге которулуп, кеңири тараган эмес *. Ошон үчүн адамдар аны оңой түшүнүп, анда жазылгандарды колдоно алат. Бул туурасында Ыйык Китептин өзүндө мындай делет:

«[Кудай] бет карама эмес... Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, ага жагат» (ЭЛЧИЛЕР 10:34, 35).

Балдарын насааттап, туура багыт берген камкор ата-энедей эле, мээримдүү Кудайыбыз Жахаба да өзүнүн Сөзү Ыйык Китеп аркылуу бизге жол көрсөтөт (2 Тиметей 3:16). Ал бизди жараткандыктан, жашоодо кайсы жолду тандаганыбыз биз үчүн эң туура болорун билгендиктен анын Сөзүндө жазылгандарга ишеним артсак болот.

Канткенде ушундай заманда жашай аласыңар? Муну кийинки макаладан окуп көргүлө.

^ 6-абз. Ыйык Китептин которулушуна, таралышына байланыштуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн www.jw.org/ky сайтына кирип, ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ТАРЫХ ЖАНА ЫЙЫК КИТЕП деген бөлүктү карагыла.

^ 16-абз. Көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Ыйык Китеп Кудайдын Сөзүбү же адамдыкыбы?» (ор.) деген китептин 9-бөлүмүн карагыла. Аны www.jw.org сайтынан таба аласыңар. Жолу: КИТЕПКАНА > КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР.