Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай акыл-эс саламаттыгыбыз чың болорун убада кылууда

Кудай акыл-эс саламаттыгыбыз чың болорун убада кылууда

Кудай акыл-эс дартынан жабыркагандарды Ыйык Китеп аркылуу жубатып, керектүү кеңештерди берет.

Бирок ал мындан да көптү кылган. Ал акыл-эс дартына себеп болгон нерселерди түбөлүккө жок кылам деп убада берген.

Кудай ушул убадасын аткарганда жан дүйнөнү тытмалаган сезимдер, акылыбызды жабыркаткан ойлор, улам эсибизге түшө берген жаман окуялар «эскерилбейт, ойго да келбей» калат (Ышая 65:17).

Жахабанын Күбөлөрү жүрөктү тынчтыкка бөлөгөн ушул убаданы Кудай качан жана кантип ишке ашырарын билгенге жардам бере алышат.