Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акыл-эс дартына чалдыккандарга кантип жардам бере алабыз?

Акыл-эс дартына чалдыккандарга кантип жардам бере алабыз?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 17:17).

Бул эмнени билдирет?

Досубуз акыл-эс оорусуна чалдыкканда, кантип жардам беришти билбей кыйналышыбыз мүмкүн. Бирок биз ага ошол кыйынчылыгы менен күрөшкөнгө көмөк кылып, абдан жакшы көрөрүбүздү көрсөтө алабыз. Кантип?

Бул кандайча жардам берет?

«Укканга даяр болгула» (ЖАКЫП 1:19).

Досуңарга жардам берүүнүн эң жакшы жолдорунун бири — сүйлөшкүсү келгенде, аны кунт коюп угуу. Айткан ар бир сөзүнө жооп беришим керек деп ойлобогула. Кулак түрүп угуп жатканыңарды, кайдыгер эмес экениңерди сезгидей болсун. Түшүнгөнгө аракет кылгыла. Шашылыш жыйынтык чыгарганга, соттогонго шашпагыла. Ал айткысы келбеген сөздөрдү айтып алып, кийин өкүнүп калышы мүмкүн. Ушуну эске алгыла (Аюп 6:2, 3).

«Соороткула» (1 ТЕСАЛОНИКАЛЫКТАР 5:14).

Досуңарды коркунуч, санаа басышы же өзүн эч нерсеге жараксыз сезиши мүмкүн. Эмне деп айтышты билбесеңер да, жубатып, кайраттандыра аласыңар. Кам көрөрүңөргө ушинтип ынандырсаңар болот.

«Чыныгы дос ар убак сүйөт» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 17:17).

Жардамыңарды сунуштагыла. Кантип жардам беришти билем деп ойлобой, эмне кылып берейин деп сурагыла. Досуңарга эмнеге муктаж экенин айтыш кыйынга туруп жатса, кээ бир нерселерди чогуу кылганды сунуштагыла. Мисалы, «бир аз басып келбейлиби» дейттирсиңер. Же «дүкөнгө барып келбейлиби, үйүңдү жыйнашайынбы же башка бир нерсе кылышайынбы» дейттирсиңер (Галатиялыктар 6:2).

«Чыдамкайлык менен мамиле кылгыла» (1 ТЕСАЛОНИКАЛЫКТАР 5:14).

Досуңардын дайыма эле сүйлөшкүсү келбеши мүмкүн. Сүйлөшкүсү келгенде аны укканга даяр экениңерге ынандыргыла. Оорунун айынан ал жүрөгүңөрдү ооруткан сөздөрдү айтып алышы же бир нерсе кылып алышы ыктымал. Алдын ала чогуу макулдашкан нерседен баш тартып коюшу же кыжырданышы ыктымал. Андайда анын камын ойлогула, сабырдуу болгула, түшүнгөнгө аракет кылгыла (Накыл сөздөр 18:24).

Досуңарды колдогонуңар — ага бел-арка болгонуңар

«Мен таянса боло турган дос болоюн деп күч жумшайм. Досумдун көйгөйлөрүн чечип бербесем да, дайыма кулак төшөп укканга аракет кылам. Кээде аны жөн эле угуп койгон жетиштүү. Ошондо ал жеңилдеп калат». (Ферра a, досу тамакка табити тартпай, коркунуч неврозунан, өтүшүп кеткен депрессиядан жапа чегет.)

«Досторумдун бири абдан боорукер, кубаттандырып турат. Бир жолу ал даамдуу тамак жасап, конокко чакырган. Анын мени жакшы көрөрүн кадимкидей сезгем. Ошон үчүн ичимдегини оңой эле айта алгам. Ушунчалык жеңилдей түшкөм!» (Ха-юн, өтүшүп кеткен депрессия менен ооруйт.)

«Сабыр сактаганыбыз абдан маанилүү. Кээде аялым мени капалантып алат. Ал оорусунун айынан эле ушинтип алды, негизи, ал андай эмес деп өзүмдү жубатам. Бул мага анын акыбалын эске алып, ачууланбаганга жардам берет». (Жейкоб, аялы өтүшүп кеткен депрессия менен алпурушуп келет.)

«Аялым мени жубатып, аябай колдоп турат. Коркунуч неврозу басканда, ал мени кылгым келбеген нерсени кылганга мажбурлабайт. Кээде ага өзү каалаган нерседен баш тартканга туура келет. Өзүн эмес, мени ойлогону, берешендиги үчүн аны абдан баалайм». (Энрико, коркунуч неврозу менен ооруйт.)

a Айрым ысымдар өзгөртүлдү.