Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЭМНЕ ҮЧҮН АЗАП ЧЕККЕН ЖАНА ӨЛГӨН?

Чын эле болгонбу?

Чын эле болгонбу?

Назареттик Иса Машаяк б.з. 33-жылы жазында өлүм жазасына тартылган. Аны ак жерден козголоңчу катары айыптап, катуу ур-токмокко алып, устунга кадап салышкан. Анын өлүмү азаптуу болгон. Бирок Кудай аны тирилткен жана ошондон 40 күн өткөндөн кийин ал асманга кеткен.

Көптөрдү таң калтырган бул билдирүү Инжилдерде жазылган. Бул окуя чын эле болгонбу? Бул аябай жөндүү жана олуттуу суроо. Анткени Иса Машаяк жөнүндөгү окуя ойдон чыгарылган болсо, анын жолун жолдогондордун ишеними жана Бейиштеги түбөлүк жашоого болгон үмүтү тек гана куру кыял болуп калат (1 Корунттуктар 15:14). Ал эми чын эле болгон болсо, анда бул адамзаттын келечеги, анын ичинде силердин да келечегиңер кең болорунан кабар берет. Эмесе, бул окуяга байланыштуу фактыларды карап көрөлү.

ФАКТЫЛАР ЭМНЕНИ КӨРСӨТҮП ТУРАТ?

Уламыштардан айырмаланып, Инжилдерде жазылгандар маалыматтын тактыгы жана майда-чүйдө нерселерге чейин жазылганы менен белгилүү. Мисалы, Инжилдерде азыр да бар көптөгөн жерлердин аттары кездешет. Ошондой эле аларда жашап өткөнү тарыхчылар тарабынан тастыкталган кишилер жөнүндө айтылат (Лука 3:1, 2, 23).

Иса пайгамбардын өзү жөнүндө 1, 2-кылымдардагы тарыхчылар да жазышкан *. Анын кантип өлгөнү жөнүндөгү Инжилдердеги билдирүү ошол учурдагы римдиктердин кылмышкерлерди кантип өлтүргөнү жөнүндөгү маалыматка төп келет. Андан сырткары, Инжилдерде окуялар кандай болсо ошондой баяндалган. Ал тургай Иса Машаяктын айрым шакирттеринин мүчүлүштүктөрү да жазылган (Матай 26:56; Лука 22:24—26; Жакан 18:10, 11). Мунун баары — Инжилди жазгандардын чынчылдыгынын жана Иса тууралуу так маалыматты жазгандыгынын далили.

ТИРИЛИШИ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП АЙТУУГА БОЛОТ?

Көптөр Иса Машаяктын жашап өткөнүнө жана өлгөнүнө ишенгени менен, тирилгенине ишенишпейт. Анын тирилгенин биринчи жолу укканда атүгүл анын элчилери да ишенишкен эмес (Лука 24:11). Бирок тирилген Иса Машаякты бир нече жолу көргөндөн кийин элчилер менен башка шакирттер анын чынында эле тирилгенине ынанышкан. Бир жолкусунда анын тирилгенине 500дөн ашык киши күбө болгон (1 Корунттуктар 15:6).

Иса Машаяктын шакирттери эркинен ажыратылышы жана өлүм жазасына тартылышы мүмкүн болсо да, анын тирилгенин бардык адамдарга, ал тургай анын өлүмүнө себепкер болгондорго да кайраттуулук менен жарыялашкан (Элчилер 4:1—3, 10, 19, 20; 5:27—32). Эгер алар анын тирилгенине чындап ынанышпаса, ушунчалык кайраттуу болушат беле? Ооба, Иса Машаяктын тирилиши — бүт дүйнөгө мурун да, азыр да таасирин тийгизген ал түптөгөн диндин негизи.

Иса Машаяктын өлгөнү жана тирилгени жөнүндө Инжилдерде жазылгандардын тарыхый жактан так жана ишеничтүү экендигин көрсөткөн далилдер жетиштүү. Ал билдирүүлөрдү кылдат окуунун аркасында силер да буга ынана аласыңар. Ал эми Иса Машаяктын эмне үчүн өлгөнүн түшүнсөңөр, ого бетер ынанасыңар. Бул жөнүндө кийинки макалада сөз жүрөт.

^ 7-абз. Б.з. 55-жылдары туулган Тацит деген тарыхчы: «[Машаякчылар] деген аталыш келип чыккан Машаякка император Тиберийдин учурунда биздин прокураторлорубуздун бири Понтий Пилат тарабынан эң катуу өкүм чыгарылган»,— деп жазган. Иса жөнүндө Светоний (1-к.), жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавий (1-к.), Битиния шаарынын башчысы Плиний Кенже да (2-к.) жазган.