Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Учурашуунун күчү

Учурашуунун күчү

«КАНДАЙСЫҢ? Иштериң кандай?»

Башкалар менен саламдашканда көбүнчө ушундай сөздөрдү колдонот болушуң керек. Ошондой эле кучактап же кол беришип учурашаттырсың. Албетте, учурашууда ар кайсы жерде ар кандай сөздөр колдонулуп, ар кандай каадалар жасалат. Анткен менен бардык эле жерде адамдар бири-бири менен учурашат. Эгер кимдир бирөө салам бербей же алик албай койсо, башкалар аны мээрими жок же адепсиз киши катары көрүшү мүмкүн.

Эске алчу нерсе, кээ бирлерге башкалар менен учурашуу оңой эмес. Буга уялчаактыгы же өзү жөнүндө өтө эле төмөн ойдо болгону себеп болушу ыктымал. Ал эми айрымдарга расасы, маданияты, жаш курагы же жынысы башка адамдар менен учурашуу кыйынга турат. Бирок атүгүл кыска эле учурашып коюу да күчтүү таасир этет.

Андыктан: «Саламдашуунун натыйжасы кандай болот? Кудайдын Сөзүнөн учурашууга байланыштуу эмнелерге үйрөнө алам?» — деп ойлонуп көр.

«БАРДЫК АДАМДАР» МЕНЕН УЧУРАШ

Корнелий деген киши башка улуттагы адамдардын арасынан биринчи болуп чындыкты кабыл алган күнү элчи Петир «Кудайдын бет карама эмес экенин» айткан (Элч. 10:34). Ал эми кийинчерээк бир туугандарга Кудайдын «баарынын өкүнүшүн каалаарын» жазган (2 Пет. 3:9). Анын бул сөздөрү чындыкты таанып-билип жаткандарга карата айтылган. Бирок ал ишенимдештерин: «Бардык адамдарды урматтагыла, бир туугандарыңардын баарын сүйгүлө»,— деп да үндөгөн (1 Пет. 2:17). Ошондуктан расасына, маданиятына, тек-жайына карабай, бардык адамдар менен учурашканыбыз жакшы. Муну менен аларды жакшы көрөрүбүздү, урматтап-сыйлаарыбызды айгинелейбиз.

Элчи Пабыл жыйналыштагыларды: «Машаяк бизди кабыл алгандай, силер да бири-бириңерди кабыл алгыла»,— деп чакырган (Рим. 15:7). Ал баса белгилегендей, айрым бир туугандар ага жөлөк болушкан. Бүгүнкү күндө Шайтан Кудайдын элине жасаган чабуулун күчөтүп жаткандыктан, бир туугандарыбызды кубаттап-бекемдегенибиз мурдагыдан да маанилүү (Кол. 4:11; Аян 12:12, 17).

Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, учурашуу башкалардын өзүн керектүү сезишине өбөлгө түзгөндөн тышкары, көптөгөн жакшы натыйжаларды алып келет.

УЧУРАШУУНУН НАТЫЙЖАСЫ

Уулунун өмүрүн Мариям деген кыздын боюна көчүрө турган убак келгенде, Жахаба ага периштесин жөнөткөн. Периште Мариямга келип: «Саламатсыңбы, Кудайдын ырайымына ээ болгон кыз! Жахаба сени менен!» — деп учурашкан. Мариям периштенин эмне үчүн аны менен сүйлөшүп жатканын түшүнбөй, «катуу толкунданган». Ошондо периште: «Коркпо, Мариям. Сен Кудайдын ырайымына ээ болдуң»,— деген. Анан ага Кудай анын Машаякты төрөшүн ниет кылганын түшүндүргөн. Мариям ошондон кийин тынчсызданбай калган. Ал момундук менен: «Мен Жахабанын кулумун! Мен жөнүндө эмне деп айтсаң, ошонун баары аткарылсын»,— деген (Лк. 1:26—38).

Жахабанын кабарын жеткирүү периште үчүн чоң сыймык болгону шексиз. Ошентсе да ал жеткилең эмес адамга кайрылууну төмөн иш деп эсептебей, аны менен учурашкан. Андан эмнеге үйрөнсөк болот? Башкалар менен саламдашып, аларды бекемдешибиз керек. Бир-эки ооз сөз менен эле алардын көңүлүн көтөрүп, Жахабанын элинин баалуу мүчөсү экенине ынандыра алабыз.

Пабыл Кичи Азия менен Европадагы жыйналыштарда кызмат кылган көптөгөн бир туугандарды жакшы тааныган. Ал кат жазганда көбүн атынан атап, өзгөчө салам жолдогон. Бул Римдиктер китебинин 16-бөлүмүнөн айкын көрүнүп турат. Пабыл ал катында бир топ ишенимдешине салам айткан. Ал Фиби жөнүндө жазып, бир туугандарды: «Ыйыктарды кандай кабыл алыш керек болсо, аны да Мырзабыз үчүн ошондой жылуу кабыл алып, ага бардык жагынан жардам бергиле»,— деп үндөгөн. Ошондой эле Приска менен Акилага салам айтып: «Ал экөөнө мен эле эмес, башка элдердин арасындагы жыйналыштардын баары ыраазы»,— деген. Андан тышкары, бизге таптакыр эле белгилүү болбогон айрым ишенимдештерине: сүйүктүү бир тууганы Эпейнетке жана «Мырзабыздын жолунда талыкпай эмгектенген аялдарга — Трифана менен Трифосага» — салам жолдогон. Ооба, Пабыл бир туугандарына салам айтпай койчу эмес (Рим. 16:1—16).

Пабылдын ал бир туугандарды жылуу сезимдер менен эскергени аларга канчалык кубаныч тартуулаганын элестетип көрсөң. Алардын Пабылга жана бири-бирине болгон сүйүүсү ого бетер тереңдегени күмөнсүз. Элчинин ошол жагымдуу сөздөрү башка ишенимдештерине да дем-күч берип, ишенимин бекем сактаганга көмөк кылганы бышык. Мындан көрүнүп тургандай, учурашканда адамга чындап көңүл буруп, аны мактоо Кудайдын берилген кызматчыларынын достугун, биримдигин чыңдайт.

Пабыл Путеол портуна токтоп, андан ары Римге жөнөгөндө, жергиликтүү бир туугандар аны тосуп алуу үчүн түштүккө келишкен. Ал аларды алыстан көргөндө эле «Кудайга ыраазычылык билдирип», «кайраттанып калган» (Элч. 28:13—15). Кээде жылмайып же кол булгалап эле учураша алышыбыз мүмкүн. Бирок ошонун өзү эле башкалардын, өзгөчө, кайгыга чөккөндөрдүн көңүлүн көтөрүп коё алат.

ЖАГЫМДУУ СӨЗДӨР МЕНЕН БАШТОО

Шакирт Жакып ишенимдештерине олуттуу кеңеш бериши керек болгон. Анткени айрымдары бул дүйнө менен дос болуп, рухий жактан ойноштук кылып жатышкан (Жкп. 4:4). Бирок анын сөзүн кантип баштаганына көңүл бурсаң.

Ал: «Кудайдын жана Мырзабыз Иса Машаяктын кулу Жакыптан ар кайсы жакка тарап кеткен он эки урууга: Салам кат!» — деп жазган (Жкп. 1:1). Бул сөздөр ишенимдештерин Кудайдын алдында Жакып менен бирдей эле абалды ээлешерине ынандыргандыктан, алар анын кеңешин оңой кабыл алышканы шексиз. Ырас, момундук менен учурашуу атүгүл олуттуу маселелерди да талкуулоого жакшы шарт түзөт.

Кыска болсо да, чын жүрөктөн учурашсак жана андан сүйүүбүз чагылдырылып турса, натыйжасы жакшы болот. Башкалар байкабаган күндө да, дайыма ошентип учурашышыбыз керек (Мт. 22:39). Ирландиядагы бир ишенимдешибиз жыйналыш башталайын деп калганда Падышалык залына кирип келген. Ал шашып-бушуп келатканда, бир бир тууган аны жылмая карап: «Кандай? Көргөнүмө кубанычтамын»,— деген. Тиги бир тууган унчукпай эле барып отуруп калган.

Бир нече жумадан кийин ал ишенимдешибиз тиги байкеге барып, үйүндөгү жагдайдан улам бир канча убактан бери кыйналып жүргөнүн айткан. Анан мындай деген: «Ошол күнү аябай көңүлүм чөккөндүктөн, Падышалык залына келгим келбей араң келгем. Жыйналышта айтылгандардын көбүн унутуп калдым, бирок сенин учурашканың дагы деле эсимде. Ошондо өзүмдү чындап эле керектүү сездим. Сага чоң рахмат».

Тиги байке кыскача учурашканы ишенимдешине ошончолук жакшы таасир бергенин билген эмес. «Ал ошол сөздөрүмдүн кандай таасир эткенин айтканда, учурашканыма аябай сүйүндүм. Өзүм да ушунчалык жыргап калдым»,— дейт ал.

Сулайман падыша: «Наныңды сууга агыз, анткени аны көп күндөн кийин кайра табасың»,— деп жазган (Нас. 11:1). Башкалар менен, айрыкча, ишенимдештерибиз менен учурашуу канчалык маанилүү экенин түшүнүп, ошого ылайык иш кылсак, алардын да, өзүбүздүн да жашообузду байытабыз. Эмесе, учурашуунун зор күчкө ээ экенин эч качан унутпайлы!