Мазмунун көрсөтүү

1994-жылдын 17-сентябрынан бери Эритреяда түрмөдө отурган Паулос Ияссу, Исаак Могос жана Негеде Теклемариам

2019-ЖЫЛ, 17-СЕНТЯБРЬ
ЭРИТРЕЯ

Эритреяда 25 жылдан бери темир тордун артында отургандар

Эритреяда 25 жылдан бери темир тордун артында отургандар

Эритрея азыркы тапта Жахабанын Күбөлөрү катуу куугунтукталган өлкө болуп саналат. 2019-жылдын 17-сентябрында Паулос Ияссу, Исаак Могос жана Негеде Теклемариам деген бир туугандардын ал жактагы түрмөдө отурганына туура 25 жыл болду. Мындан тышкары, дагы 39 ага-инибиз, 10 эже-карындашыбыз камакка алынган.

Түрмөгө камалган бир туугандарыбыздын бири да кылмышкер катары айыпталып, сот алдына барган эмес жана белгилүү бир мөөнөткө кесилген эмес. Алардын качан боштондукка чыгары белгисиз. Төрт бир тууганыбыз түрмөдөн көз жумган. Үчөө болсо бошотулгандан кийин каза тапкан. Себеби түрмөдөгү катаал шарттардан улам ден соолугу начарлап кеткен.

Эритреядагы куугунтук 1994-жылы, 25-октябрда, тагыраак айтканда, Эритрея эгемендүүлүккө ээ болгондон бир жарым жыл өткөндөн кийин күч ала баштаган. Жахабанын Күбөлөрү бейтараптуулукка бекем кармангандыктан, жаңы президент Эритреяда төрөлгөн Жахабанын Күбөлөрү өлкөнүн жараны болуп эсептелбей турганын жарыялаган. Ошондой эле аларды негизги жарандык укуктардан да ажыраткан. Жахабанын Күбөлөрүнө ар кандай чектөөлөр коюлган. Алсак, мамлекеттик мекемелерден билим алууга, иш жүргүзүүгө же башка өлкөгө чыгууга тыюу салынган.

Акыркы жылдары адам укуктары боюнча көрүнүктүү уюмдар Эритрея өкмөтүнүн адам укуктары боюнча эл аралык нормаларды одоно бузуп жатканына, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун тебелеп жатканына тынчсызданып жатканын билдиришкен. Бирок Эритрея өкмөтү ал уюмдардын айткандарына кулак какпай келатат.

«АТАЙЫН ОТЧЁТ: Эритреяда куугунтукталып жаткан Жахабанын Күбөлөрү» дегенди карагыла.

Биз өкмөт башчыларына жана башка бийлик органдарына Эритреядагы жагдай тууралуу мындан ары да билдире беребиз. Биз ырайымсыздык менен коштолгон ушундай куугунтукка карабай, ишенимин бекем сактап, кайраттуулук көрсөтүп жаткан ишенимдештерибизге Жахабанын жардам береринен жана аларга «баш калкалаар аска-зоо» болуп береринен кымындай да шектенбейбиз (Забур 94:22).