Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 11-АВГУСТ
ТАЙВАНЬ

Тайванда альтернативалык жарандык кызмат жакшы натыйжа берүүдө

Тайванда альтернативалык жарандык кызмат жакшы натыйжа берүүдө

2000-жылы Тайвань өкмөтү альтернативалык жарандык кызматты киргизип, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга жарандык милдеттерин коомдук иштерди аткаруу менен жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берген. Бул программага ылайык, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар ооруканаларда, карылар үйлөрүндө жана башка коомдук жайларда иштөөгө дайындалышат. Программа өкмөт күткөндөн да жакшы натыйжа берүүдө. Андан Тайвандын эли да, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар да пайда алып жатышат. Бейтараптуулугун сактагандар эми ишеними үчүн түрмөгө кесилишпейт.

Бул тасмадан Тайванда альтернативалык жарандык кызматтын кандайча киргизилгени тууралуу билесиңер. Ошондой эле мындай чарага каршы болгондор берген суроолорго да жооп алып, альтернативалык кызматты өтөп жаткандардын оюн да угасыңар. Улуттук аскер комиссариятынын башкы жетекчиси Коу-Енн Лин мырза мындай деп ой бөлүштү: «Башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү келип, биздин программа тууралуу көбүрөөк билгиси келет болуш керек деп ишенем».