Мазмунун көрсөтүү

Ишенимдешибиздин жер титирөөдөн урап калган үйү

18-АВГУСТ, 2021
ГАИТИ

Гаитиде катуу жер титиреди

Гаитиде катуу жер титиреди

2021-жылдын 14-августунда Гаитинин түштүк-батышында кубаттуулугу 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Андан кийин да жер бир нече жолу силкинди. Жаратылыш кырсыгынын кесепети аныкталууда.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Өкүнүчтүүсү, 3 ишенимдешибиз (аялдар) каза болгон

  • 21 ишенимдешибиз жабыркаган

  • 119 турак үй катуу зыян тарткан

  • 72 турак үй толугу менен урап калган

  • 5 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланган

  • 4 Падышалык залынын бир топ жери урап калган

Жардам берүү иштери

  • Кырсык болгондо жардам берүү комитети (КБЖБК) жардам көрсөтүү иштерин уюштурууда. КБЖБК жер титирөө болгон аймакта кызмат кылган 2 райондук көзөмөлчү жана жергиликтүү аксакалдар менен кызматташып, бир туугандарга көмөк көрсөтүп жатышат. Ошондой эле аларды сооротуп-жубатууда

  • КБЖБК төшөнчү, кийим, тамак-аш, дары-дармек, чатыр, суу сыяктуу нерселерди бөлүштүрүүдө. Андан тышкары, жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүлүшүнө да кам көрүүдө

  • Жардам көрсөтүп жатышканда ишенимдештерибиз COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына карманууда

Оор жагдайга карабай 15-августта, жекшемби күнү, жер титирөө болгон аймактагы бир туугандар видео байланыш аркылуу дем алыш күндөрүндөгү жолугушууну өткөрүштү. «Ишеним күч берет!» деген региондук жыйындын жекшемби түшкө чейинки программасын да көрүштү.

Үч ишенимдешибизден айрылып калганыбызга жүрөгүбүз тилинип жатат. Жакынынан айрылган, жер титирөөдөн жабыркаган, эмоциялык жактан кыйналып жаткан ишенимдештерибиз үчүн тиленип турабыз. Жахаба Кудайыбыз алардын көз жашын көрүп турарынан жана кыйынчылык учурунда аларга баш маана болуп, күч береринен шектенбейбиз (Забур 46:1, 2).