Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Мен эми катаал киши болбой калдым»

«Мен эми катаал киши болбой калдым»
  • Туулган жылы: 1973

  • Өлкөсү: Уганда

  • Мурун: Катаал, аракеч, адеп-ахлаксыз киши болчу

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

Мен Уганданын Гомба деген районунда төрөлгөм. Ал жакта жашагандардын көбү жакыр турушчу. Биздин шаарда электр жарыгы жок болгондуктан, түнүчүндө керосин лампасын көтөрүп жүрчүбүз.

Ата-энем дыйканчылык менен алектенчү. Алар Угандага Руандадан көчүп келишкен. Биз кофе, банан өстүрчүбүз. Банандан «вараги» деп аталган ичимдик жасачубуз. Ошондой эле тоок, эчки, чочко жана уй бакчубуз. Алган тарбияман жана маданиятыбыздан улам аялдар күйөөсүнө дайыма баш ийиши жана оюн эч качан айтпашы керек деген көз караш менен чоңойгом.

23 жашымда Руандага көчүп кеткем. Ал жерден курдаштарым менен түнкү клубдарга барчумун. Бир клубга аябай көп баргандыктан, ал жактагылар бекер кире алышым үчүн мага карточка беришкен. Мен адамдардын мушташып, кишини көз алдыңда өлтүрүп жатканы чагылдырылган тасмаларды көргөндү жакшы көрчүмүн. Ушундай нерселерди көргөнүм жана чөйрөм катаал, аракеч, адеп-ахлаксыз адам болуп калышыма абдан таасир эткен.

2000-жылы Сколастик Кабагвира деген кыз менен жашай баштадым. Экөөбүз үч балалуу болдук. Бала чагыман бери калыптанган көз карашыман улам аялым мени тосуп алганда же бир нерсе сураганда алдыма чөгөлөөнү талап кылчумун. Ошондой эле үйдө эмне болсо, ошонун баары меники, аларды өзүм каалагандай колдонууга укуктуумун деп ойлочумун. Мен көбүнчө үйдөн түндө кетип, таңкы саат үчтөрдө мас болуп келчүмүн. Эшикти такылдатканымда, Сколастик көпкө чейин ачпай калса, сабап салчумун.

Ошол учурларда коопсуздук боюнча бир жеке менчик компанияда жетекчи болуп иштеп калдым. Айлыгым жакшы болчу. Сколастик мени оңолот деген үмүттө элүүнчү күнчүлөрдүн чиркөөсүнө барууга көндүрүп жүрдү. Бирок мен андайга такыр кызыкчу эмесмин. Ал учурда башка аялга бара баштагам. Акыры, Сколастик катаал мүнөзүмө, адеп-ахлаксыз ишке барганыма чыдабай үч баламды алып алып, төркүнүнө кетип калды.

Бир күнү жашы улуураак бир досум менин ушинтип жүргөнүм туура эмес экенин айтты. Ал мени кайра Сколастик менен жарашканга үндөп, татынакай балдарымдын атасыз чоңойгону кыйын болорун түшүндүрдү. Ошентип, 2005-жылы ичкенимди коюп, тиги аялдан кеттим да, Сколастик менен жараштым. 2006-жылы болсо экөөбүз расмий түрдө баш коштук. Анткен менен катаал мүнөзүм өзгөргөн жок, аялымды мурункудай эле кордой берчүмүн.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

2008-жылы үйүбүзгө Жоэл деген бир Жахабанын Күбөсү келип, кабар айтты. Мен анын айткандарына кулак төшөдүм. Ал Бонавентюр деген дагы бир Жахабанын Күбөсү менен бир нече ай бою биздикине келип, Ыйык Китептин негизинде талкуу жүргүзүп турушту. Мен оюмда Жахабанын Күбөлөрүнүн окуулары жалган экенин далилдеш үчүн аларга, өзгөчө, Аян китебине байланыштуу көп суроолорду берчүмүн. Мисалы: «Эгер Аян 7:9да „эбегейсиз көп адамдардын“ Кудайдын тактысынын жана Козунун, Иса Машаяктын, алдында турары жазылса, анда эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү аларды жерде жашайт деп окутушат?» — деп сурагам. Жоел менин суроолорумдун баарына чыдамдуулук менен жооп берчү. Ал мага Ышая 66:1ден жер Кудайдын «таман асты» экенин окуп, эбегейсиз көп адамдар жерде — Кудайдын тактысынын алдында — турарын түшүндүрүп берген. Андан соң адил адамдар жерде түбөлүк жашаарын көрсөткөн Забур 37:29ду окуп берген.

Акыры, мен алар менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум. Ошентип, Бонавентюр Сколастик экөөбүз менен изилдей баштады. Ыйык Китепти окуп-изилдеген сайын, жашоомду өзгөртүүгө түрткү ала бердим. Аялыма урмат-сый менен мамиле кылганды үйрөндүм. Андан мени тосуп алганда же менден бир нерсе сураганда чөгөлөөнү талап кылбай калдым. Ошондой эле үйдөгүнүн баары меники дегенимди койдум. Зордук-зомбулук камтылган тасмаларды да көрбөй эле коюуну чечтим. Ушундай өзгөрүүлөрдү кылуу оңой болгон жок. Ан үчүн өзүмдү өзүм кармай билишим, момун болушум керек болду.

Ыйык Китеп мага жакшы күйөө болууга жардам берди

Мындан бир нече жыл мурун Кристиан деген улуу баламды Угандадагы туугандарыма бергенбиз. Бирок Мыйзам 6:4—7-аяттарды окугандан кийин балдарыбызга кам көрүүгө, аларды Ыйык Китептеги принциптерге ылайык тарбиялоого Кудайдын алдында аялым экөөбүз милдеттүү экенибизди түшүндүм. Кристианды кайра үйгө алып келгенибизде баарыбыз кубанычыбыз койнубузга батпай сүйүнгөнбүз!

ПАЙДАСЫ

Мен Жахабанын абдан мээримдүү Кудай экенин жана мурдагы туура эмес көз карашым, жүрүм-турумум үчүн кечиргенине ишенем. Сколастиктин мени менен чогуу Ыйык Китепти изилдегенине абдан ыраазымын. Экөөбүз өмүрүбүздү Жахабага арнап, 2010-жылдын 4-декабрында чөмүлдүк. Азыр экөөбүз бири-бирибизге толук ишенебиз жана Ыйык Китептеги үй-бүлөгө байланыштуу кеңештерди колдонуп жатканыбыз үчүн бактылуубуз. Аялым менин жумуштан кийин үйгө түз эле келгениме аябай сүйүнөт. Андан тышкары, ал менин аны сыйлап, жакшы мамиле кылып калганымды, ичимдикти экинчи оозума албайм деп өзүм чечкенимди жана мурункудай катаал болбой калганымды өзгөчө байлайт. 2015-жылы жыйналыштагы ишенимдештериме рухий жактан жардам бериш үчүн аксакал болуп дайындалдым. Беш балабыздын үчөө Жахабанын Күбөсү катары өмүрүн Кудайга арнап, чөмүлгөн.

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда алар окуткан нерселерге текшербей туруп эле дароо ишенип калган жокмун. Мени таасирленткен нерсе алардын суроолорумдун баарына Ыйык Китепти колдонуп жооп бергени болду. Сколастик экөөбүз чыныгы Кудайга кызмат кылып жатабыз дегендер Кудайга өздөрүнө ылайык келгенде эле эмес, бардык учурда тил алышы керектигин түшүндүк. Баарынан да Жахабанын мени чындык жолуна алып келип, өзүнүн рухий үй-бүлөсүнө кошконуна абдан ыраазымын. Артка кылчая карап, жүрөгү таза адамдардын баары Кудайдын жардамы менен өзгөрө аларына ынандым.