Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жахабанын ой жүгүртүүсүн түшүнгөнгө умтулгула

Жахабанын ой жүгүртүүсүн түшүнгөнгө умтулгула

Биз бардык жагынан Жахабага жаккыбыз келет (Нкл 27:11). Ан үчүн кайсы бир жагдайда кандай иш кылышыбыз керектигине байланыштуу так көрсөтмө жок болгон күндө да, чыгарган чечимдерибиз анын ой жүгүртүүсүн чагылдырып турушу керек. Муну кантип кыла алабыз?

Ыйык Китепти дайыма окугула. Ыйык Китепти окуганда Жахаба менен убакыт өткөргөндөй болобуз. Ал аркылуу Жахабанын өз элине кандай мамиле кылганын, анын алдында туура же туура эмес иш кылгандардын үлгүсүн окуп, анын көз карашын түшүнөбүз. Кийин чечим чыгарыш керек болгондо, ыйык рух Кудайдын Сөзүндөгү маанилүү ойлорду, принциптерди эсибизге салып коёт (Жн 14:26).

Изилдөө жүргүзгүлө. Чечим чыгарар алдында: «Ушул жагдайга Жахабанын кандай карарын түшүнгөнгө Ыйык Китептеги кайсы аяттар же кайсы окуялар жардам берет?» — деп ойлонуп көргүлө. Андан жардам сурап тиленгиле жана изилдөөгө арналган куралдардын жардамы менен силердин жагдайыңарда пайдалуу боло турган Ыйык Китептеги принциптерди изилдеп көргүлө (Зб 25:4).

«ТУРУКТУУЛУК МЕНЕН ЧУРКАГЫЛА. ЖАКШЫ ТАМАКТАНГЫЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Видеодогу кыз кандай кысымга кабылды?

  • Ушундай сыноого каршы туруш үчүн изилдөөгө арналган куралдарды кантип колдонмок элеңер?

  • Туура чечим чыгарыш үчүн убакыт бөлүп, изилдөө жүргүзгөнүбүздүн натыйжасы кандай болот? (Ев 5:13, 14)