Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

62-ЫР

Жаңы ыр

Жаңы ыр

(Забур 98)

  1. 1. Шаттана ырда жаңы ырды Жахабага!

    Анын бүт иштерин баарына кабарла!

    Ал кудуреттүү, жетет жеңишке ар дайым.

    Ал — адилеттүү Сот,

    Өзгөртпөйт мыйзамын.

    КАЙЫРМА

    Ырдагын!

    Жаңы ыр жаңырсын!

    Ырдагын!

    Даңкта анын ысмын!

  2. 2. Кубаныч менен Жахаба Кудайга ырда!

    Ысымын кастарла, чын жүрөктөн даңкта!

    Теңирге ырда үнүңдү бийик чыгара,

    Сурнай тартып, шаңдуу

    Күү сал чертип арфа.

    КАЙЫРМА

    Ырдагын!

    Жаңы ыр жаңырсын!

    Ырдагын!

    Даңкта анын ысмын!

  3. 3. Деңиздегилер, Жаратканды даңктагыла!

    Жерде жашагандар, бийик үн салгыла!

    Жер, кубан, шаттан! Дарыялар, кол чапкыла!

    Тоолор, аска-зоолор,

    Аны мактагыла!

    КАЙЫРМА

    Ырдагын!

    Жаңы ыр жаңырсын!

    Ырдагын!

    Даңкта анын ысмын!