Забур 96:1—13

96  Жахабага жаңы ыр ырдагыла+,Бүт жер жүзү, Жахабаны мактап ырда+.  Жахабаны мактап ырдагыла, анын ысмын даңктагыла+.Анын куткаруусу жөнүндөгү жакшы кабарды күнүгө жарыялагыла+.  Элдердин арасында анын даңкын+,Бардык элдердин арасында анын кереметтүү иштерин жарыя кылгыла+.  Анткени Жахаба улуу+, ал зор даңкка татыктуу.Ал бардык башка кудайлардан сүрдүү+.  Себеби бардык элдердин кудайлары — пайдасыз кудайлар+.Ал эми Жахаба асманды жараткан+.  Кадыр-барк менен көрк анын алдында+,Күч менен сулуулук ыйык жайында+.  Уруулар, Жахабаны даңазалагыла+,Даңкты, күч-кубатты Жахабага ыйгаргыла+.  Жахабанын ысмын даңктагыла+,Белек алып, анын короолоруна киргиле+.  Жахабага ыйык кийимчен таазим кылгыла+,Бүт жер жүзү, анын алдында титире*+. 10  Элдердин арасында: «Жахаба падыша болду+.Жер козголбогудай бекем орнотулду+.Ал элдерди калыс соттойт»,— дегиле+. 11  Асман кубансын, жер сүйүнсүн+.Деңиз менен андагылар күркүрөсүн+. 12  Талаа менен андагынын баары шаттансын+.Токойдогу бардык дарактар Жахабанын алдында кубанычтуу үн салсын+. 13  Анткени ал келди+,Жерди соттогону келди+.Ал жерди адилдик менен+,Элдерди ишенимдүүлүгү менен соттойт+.

Шилтемелер

Же: «сыздаткан ооруну сез».