21-ЫР
Биринчи кезекте Падышалыкты издейли
-
1. Баарыбызга үмүт берет
Исанын зор бийлиги.
Жахабаны кубандырат
Машаяктын иштери.
КАЙЫРМА
Издейли Падышалыкты,
Адилдигин Кудайдын.
Ишенимдүү кызмат кылып,
Жарыялайлы даңкын.
-
2. Эртең эмне жейм, ичем деп,
Ойлоп тынчсызданбагын.
Кудай таштабайт, издесең,
Анын Падышалыгын.
КАЙЫРМА
Издейли Падышалыкты,
Адилдигин Кудайдын.
Ишенимдүү кызмат кылып,
Жарыялайлы даңкын.
-
3. Падышалыкты жарлагын,
Ал үмүт берет бизге.
Жахабанын башкаруусун
Кабарлагын элдерге.
КАЙЫРМА
Издейли Падышалыкты,
Адилдигин Кудайдын.
Ишенимдүү кызмат кылып,
Жарыялайлы даңкын.
(Кара: Заб. 27:14; Мт. 6:34; 10:11, 13; 1 Пет. 1:21.)