Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

119-ЫР

Ишенимге ээ бололу

Ишенимге ээ бололу

(Еврейлер 10:38, 39)

  1. 1. Кудай сүйлөп келген адамдарга

    Пайгамбарлары аркылуу.

    «Өкүнгүлө»,— деп жатат ал бизге

    Азыр Иса аркылуу.

    КАЙЫРМА

    Ишенимге ээ бололу,

    Ошондо куткарылабыз.

    Аны иш менен көрсөтсөк,

    Өмүрүбүздү сактап калабыз.

  2. 2. Буйругуна Исанын баш ийип,

    Баарына кабар айтабыз.

    Үмүтүбүз жөнүндө жарлайбыз,

    Чындыкты жашырбайбыз.

    КАЙЫРМА

    Ишенимге ээ бололу,

    Ошондо куткарылабыз.

    Аны иш менен көрсөтсөк,

    Өмүрүбүздү сактап калабыз.

  3. 3. Биздин ишеним кеме казыктай,

    Артка кетенчиктебейбиз.

    Жахабага таянсак дайыма,

    Биз жеңишке жетебиз.

    КАЙЫРМА

    Ишенимге ээ бололу,

    Ошондо куткарылабыз.

    Аны иш менен көрсөтсөк,

    Өмүрүбүздү сактап калабыз.