Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сенин атыңды ачып бердим»

«Сенин атыңды ачып бердим»

«Сенин атыңды ачып бердим»

«Дүйнөдөн тандап, мага берген адамдарыңа ысмыңды ачып бердим... Сенин атыңды аларга ачып бердим, дагы да ачып берем» (ЖАКАН 17:6, 26).

Бул эмнени билдирет? Иса жерде кызмат кылып жүргөндө Кудайга ысымынан кайрылган. Ушундайча ал адамдарга Кудайдын ысымын ачып берген. Ал Ыйык Жазманы көп окуй турган. Аны элге окуп берип жатканда Кудайдын ысымы кездешкен жерлерди окубай кетпей же башка наамдарга алмаштырбай окуганына шектенбесек болот (Лука 4:16—21). Шакирттерин да: «Атабыз, сенин ысмың ыйыкталсын»,— деп тиленгенге үйрөткөн (Лука 11:2).

Машаяктын алгачкы жолдоочулары Кудайдын ысмын колдонушкан. Элчи Петир Иерусалимдеги аксакалдарга «Кудайдын өзүнүн ысмы менен атала турган элди» чогултуп жатканын айткан (Элчилер 15:14). Элчилер жана башка шакирттер: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»,— деп жарыялашкан (Элчилер 2:21; Римдиктер 10:13). Алар Грек Жазмаларына кирген китептерди жазып жатканда да Кудайдын ысымын колдонушкан. «Тосефтада», болжол менен б.з. 3-кылымында жазылып бүткөн жүйүттөрдүн оозеки мыйзамдарынын жыйындысында, каршылаштардын Грек Жазмаларын өрттөгөнү тууралуу мындай деп жазылган: «Иса Машаяктын жолдоочуларынын жана минамдардын [кыязы, Иса Машаяктын жүйүт жолдоочуларынын] китептерин,.. алардын Кудайдын ысмы кездешкен бөлүктөрүн да, эгер өрт чыгып кетсе, сактаганга аракет кылбай эле коюш керек».

Бүгүнкү күндө кимдер Кудайдын ысымын колдонот? Кошмо Штаттардагы Машаяктын чиркөөлөрүнүн улуттук кеңеши Ыйык Китептин бир котормосунун («Американын жакшыртылган котормосунун кайра каралган басылышы») кириш сөзүнө мындай деп жазган: «Жападан жалгыз Кудайды, башка кудайлар бар болгонсуп, алардан айырмалаш үчүн кайсы бир энчилүү ат менен атоо биздин заманга чейин эле иудаизм дининде жокко чыгарылган жана христиандык чиркөөнүн ааламдык ишенимине таптакыр туура келбейт». Ошондуктан ошол Ыйык Китепте Кудайдын ысымы «ТЕҢИР» деген наамга алмаштырылган. Жакында эле Ватикан епископторго кайрылып: «Кудайдын ысмынын ЙХВХ * деп тетраграмматон түрүндө берилген формасын ырларда да, тиленүүлөрдө да колдонгонго же айтканга тыюу салынат»,— деген.

Бүгүнкү күндө кимдер Кудайга атынан кайрылып, аны башкаларга жарыялап жатышат? Кыргызстанда жашаган Сергей деген өспүрүм бала кино көрүп жатып Кудайдын ысымы Жахаба экени билген. Ошондон тартып он жылдай убакыт бою ал Кудайдын ысымын башка эч кимден уккан эмес. Кийинчерээк Сергей Кошмо Штаттарга көчүп барган. Эки Жахабанын Күбөсү анын үйүнө кабар айтып келип, Ыйык Китептен ага Кудайдын ысымын көрсөтүшкөн. Ошондо Сергей Кудайдын ысымын колдонгон динди тапканына аябай сүйүнгөн. Кызыктуусу, «Уэбстердин жаңы эл аралык сөздүгүнүн үчүнчү чыгарылышында» «Жахаба Кудай» дегенге «Жахабанын Күбөлөрүнүн эң жогорку жана жападан жалгыз деп кабыл алып, сыйынган Кудайы» деген түшүндүрмө берилген («Webster’s Third New International Dictionary»).

[Шилтеме]

^ 5-абз. Кыргыз тилинде Кудайдын ысымы көбүнчө «Жахаба» деп айтылат.