Мазмунун көрсөтүү

Өлгөн адамдар кайра жашайбы?

Өлгөн адамдар кайра жашайбы?

Сиз кандай деп ойлойсуз?

  • Ооба.

  • Жок.

  • Балким.

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Адамдар... тирилет» (Элчилер 24:15, «Жаңы дүйнө котормосу»).

МУНУ БИЛҮҮНҮН СИЗГЕ КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Жакыныңыздан айрылганда сооротот (2 Корунттуктар 1:3, 4).

Өлүмдөн коркпойсуз (Еврейлер 2:15).

Өлгөн жакындарыңызды кайрадан көрөрүңүзгө үмүт пайда болот (Жакан 5:28, 29).

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ?

Ооба. Буга, бери дегенде, үч себеп бар:

  • Кудай баарына өмүр берген. Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын «өмүрдүн булагы» экени айтылат (Забур 36:9; Элчилер 17:24, 25). Кудай бардык тирүү жандарга өмүр бергендиктен өлгөн адамга да кайрадан өмүр бере алат.

  • Кудай байыркы убакта адамдарды тирилткен. Ыйык Китепте өлгөндөн кийин кайра тирилип, жер бетинде жашаган сегиз киши жөнүндө айтылат. Алардын арасында жашы да, карысы да, эркеги да, аялы да болгон. Айрымдары өлгөнүнөн бир аз убакыт өткөндөн кийин эле тирилсе, бирөө төрт күн мүрзөдө жаткандан кийин тирилген (Жакан 11:39—44).

  • Кудай адамдарды тирилтүүнү абдан каалайт. Жахаба өлүмдү жек көрөт; ал аны душман катары эсептейт (1 Корунттуктар 15:26). Жахаба ал душманды кыйратууну, башкача айтканда, өлгөндөрдү тирилтүү менен өлүмдү жок кылууну каалайт. Ал өзүнүн эс-тутумундагы адамдардын баарын тирилтип, алардын кайрадан тирүү жүргөнүн көрүүнү эңсеп келет (Аюп 14:14, 15).

 КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?

Эмне үчүн биз карыйбыз жана өлөбүз?

Бул суроонун жообу төмөнкү аяттарда жазылган: БАШТАЛЫШ 3:17—19; РИМДИКТЕР 5:12.