Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

Иса кантип тиленүү керектигин үйрөткөн

Иса кантип тиленүү керектигин үйрөткөн

СЕН Жахаба Кудай менен сүйлөшөсүңбү? ~ Ал сенин аны менен сүйлөшүшүңдү абдан каалайт. Кудай менен сүйлөшүү тиленүү деп аталат. Иса асмандагы Атасы менен көп сүйлөшчү. Ан үчүн кээде ал жалгыз болгусу келчү. Ыйык Китепте анын бир жолу «тиленүү үчүн тоого чыгып, ал жакта түн бир оокумга чейин жалгыз болгону» айтылат (Матай 14:23).

Жахаба менен каерде жалгыз сүйлөшсөң болот? ~ Иса: «Тиленерде өз бөлмөңө кирип, эшикти жап да, Атаңа тилен»,— деп айткан (Матай 6:6). Сен Жахабага күнүгө уктаарда тиленесиңби? ~ Ооба, ошондой кылганың туура.

Иса жалгыз да, башкалардын көзүнчө да тиленчү

Иса башкалардын көзүнчө да тиленген. Досу Лазар өлгөндө, ал анын сөөгүн койгон жерден алыс эмес жерде башкалар менен тиленген (Жакан 11:41, 42). Ошондой эле шакирттери менен чогулганда да тиленген. Азыр да Исанын жолдоочулары жыйналыштарда тиленишет. Сен жыйналышка барасыңбы? ~ Ал жакта чоңдордун бири тиленет. Ал сенин да атыңдан тиленгендиктен, анын айткандарын кунт коюп угууга аракет кыл. Ошондо тиленүүнүн аягында «оомийин» деп айта аласың. Ал сөз эмнени билдирет? ~ Ал тиленүү сага жакканын жана ага кошуларыңды билдирет.

Жыйналышта айтылган тиленүүлөрдү эмне үчүн кунт коюп угуш керек?

Иса ошондой эле тамактанарда да тиленген. Ал Жахабага тамак үчүн ыраазычылык билдирген. Сенчи, тамактын алдында дайыма тиленесиңби? ~ Тамак ичерден мурун Жахабага ырахмат айтканыбыз жакшы. Үйбүлөңөр менен дасторкондо отурганда, адатта, чоңдордун бири тиленет. Эгер жалгыз болсоңчу? Же Жахабага сыйынбагандар менен чогуу тамактанып калсаңчы? ~ Андайда өзүң тиленишиң керек.

Дайыма эле үн чыгарып тилениш керекпи? Же Жахаба ичиңден айткан тиленүүлөрүңдү да угабы? ~ Бул суроого жооп алыш үчүн Некемия менен болгон окуяны карап көрөлү. Некемия Жахабага ишенчү. Ал Персиянын падышасы Артакшаштанын падыша сарайында кызмат кылчу. Бир жолу анын аябай көңүлү чөгөт. Анткени өзүнүн өлкөсүнүн борбор шаары Иерусалимдин дубалдарынын талкаланганын угат.

Кандай учурларда, Некемияга окшоп, ичиңден тиленсең болот?

Падыша Некемиядан эмне үчүн капалуу экенин сураганда, ага жооп берерден мурун ал ичинен Кудайга тиленет. Анан падышага себебин түшүндүрүп, Иерусалимдин дубалдарын тургузуу үчүн жиберишин өтүнөт. Андан кийин эмне болот? ~

Ооба, Кудай Некемиянын тиленүүсүнө жооп берген. Падыша Некемияга Иерусалимге барып, дубалын тургузууга уруксат берет. Ал атүгүл ага дубал тургузуу үчүн көп жыгач берет. Ошол окуядан Кудай ичибизден айткан тиленүүлөрүбүзгө да жооп берерин көрүүгө болот (Некемия 1:2, 3; 2:4—8).

Кандай деп ойлойсуң, тиленип жатканда башыбызды ийишибиз же тизелеп турушубуз керекпи? ~ Иса кээде тизелеп, кээде болсо туруп тиленчү. Ошондой эле башын көтөрүп, асманга карап тиленген учурлары да болгон. Мисалы, Лазар үчүн тиленгенде ошенткен.

Мунун баары эмнени көрсөтүп турат? ~ Ооба, мындан тиленип жатканда кандай турарыбыз анча деле маанилүү эмес экенин билүүгө болот. Балким, башыңды ийип, көзүңдү жумуп алаттырсың. Же Исага окшоп, тизелеп туруп тиленүүнү каалайттырсың. Кантип тиленбейли, Кудайга күндүз да, түндө да — бардык учурда тиленсек болорун жана ал бизди дайыма угарын эсиңден чыгарба. Баарынан маанилүүсү, Жахабанын тиленүүлөрүбүздү угуп жатканына толук ишенишибиз керек. Сенчи, Жахаба тиленүүлөрүңдү угуп жатканына ишенесиңби? ~

Кудайга эмне жөнүндө тиленсең болот?

Бирок Жахабага эмне жөнүндө тиленишибиз керек? ~ Сен аны менен эмне жөнүндө сүйлөшөсүң? ~ Жахаба биз үчүн ушунча көп жакшы нерселерди кылып жатат, ан үчүн биз ага ыраазычылык билдиришибиз керек, чынбы? ~ Биз ага тамак үчүн ырахмат айтсак болот. Сен ага көпкөк асман, кооз бак-дарактар менен гүлдөр үчүн ырахмат айттың беле? ~ Алардын баарын Кудай жараткан да.

Бир жолу Исанын шакирттери андан тиленгенди үйрөтүшүн суранат. Ошондо Улуу Окутуучу биринчи кезекте эмне жөнүндө тиленүү керектигин айтат. Эмне жөнүндө тиленишибиз керектигин билесиңби? ~ Ыйык Китебиңди алып, Матайдын Инжилинин 6-бөлүмүн ачсаң. Анын 9дан 13кө чейинки аяттарында көптөргө «Асмандагы Атабыз» же «Мырзанын тиленүүсү» деп белгилүү болгон тиленүү жазылган. Кел, аны чогуу окуп көрөлү.

Иса Кудайдын аты жөнүндө тиленүү маанилүү экенин көрсөткөн. Ал Кудайдын атынын ыйыкталышы жөнүндө тиленүүгө үйрөткөн. Кудайдын аты ким? ~ Ооба, анын аты — Жахаба. Биз Кудайдын атын жакшы көрүшүбүз керек.

Андан сырткары, Иса Кудайдын Падышалыгынын келиши тууралуу тиленүүгө үйрөткөн. Падышалык жөнүндө тиленүү маанилүү. Анткени ал аркылуу жерге тынчтык орноп, биздин планетабыз бейишке айланат.

Ошондой эле, Улуу Окутуучу айткандай, биз Кудайдын эркинин, асманда аткарылып жаткандай эле, жерде да аткарылышы жөнүндө тиленишибиз зарыл. Эгер ошол жөнүндө тиленсек, Кудай бизден талап кылгандай иш кылышыбыз керек.

Иса Кудайга күнүмдүк тамагыбыз жөнүндө да тиленүүгө үйрөткөн. Ошондой эле туура эмес иш кылып алганда кылганыбызга өкүнөрүбүздү да билдиришибиз керектигин айткан. Ооба, Кудайдан кечирим сурашыбыз керек. Бирок Кудай бизди кечириши үчүн, биз да өзүбүздү таарынткандарды кечиришибиз зарыл. Башкаларды кечирүү сага кыйын эмеспи? ~

Акырында Иса Жахаба Кудайдан бизди Караөзгөйдөн, Шайтан Ибилистен, коргошу жөнүндө тиленишибиз керектигин айткан. Ушунун баары тууралуу Кудайга тиленишибиз керек.

Жахабанын тиленүүлөрүбүздү угарына ишенүү абдан маанилүү. Андан жардам гана сурабастан, ага ыраазычылык билдирүүнү да унутпайлы. Чын жүрөктөн тиленгенибиз жана туура нерселерди сураганыбыз Жахабага аябай жагат жана ал биздин өтүнүчтөрүбүздү аткарат. Сен буга ишенесиңби? ~

Тиленүүгө байланыштуу жакшы кеңештерди Римдиктер 12:12; 1 Петир 3:12 жана 1 Жакан 5:14төн табууга болот.