Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ИНДОНЕЗИЯ

Табигый кырсык учурунда көрсөтүлгөн күчтүү сүйүү

Табигый кырсык учурунда көрсөтүлгөн күчтүү сүйүү

ИНДОНЕЗИЯДА жер титирөө, цунами, жанар тоолордун атылышы көп болот. Табигый кырсык болгондо, Жахабанын эли жабыр тарткандарга, өзгөчө, ишенимдештерине жардам берүүгө шашылат. Алсак, 2005-жылы Ниас аралындагы (Түндүк Суматра) ири шаар Гунунгситолиде катуу жер титирөө болгондо, кошуна жайгашкан Суматра аралындагы бир туугандар жана филиал жабыр тарткан аймактарга дароо зарыл нерселерди жөнөткөн. Жергиликтүү райондук көзөмөлчү менен филиалдын өкүлү бир туугандарды бекемдеп, жубатыш үчүн тез арада жетип барган. «Тегерек-четтегилер үрөйү учуп эмне кыларын билбей калышты,— дейт Ниас аралындагы Юнимэн Харефа деген аксакал.— Ал эми биз, Кудайдын уюму дароо жардамга келгендиктен, коркунучка алдырган жокпуз».