Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ИНДОНЕЗИЯ

Жахабанын ысмын жарыялоо — сыймык

Жахабанын ысмын жарыялоо — сыймык

Көптөгөн жылдарга созулган тыюу учурунда Индонезиядагы бир туугандар Иса Машаяктын: «Жыландай сак, ошол эле учурда көгүчкөндөй куулугу жок, жөнөкөй болгула»,— деген кеңешине ылайык акыл-эстүүлүк менен иш кылышкан (Мт. 10:16). Бирок тыюу жоюлгандан кийин, көптөр «кайраттуулук менен» кабар айтууга үйрөнүшү керек болгон (Элч. 4:31).

Мисалы, айрым бир туугандар үйдөн үйгө кабар айткандан коркуп, көбүнчө кайра жолугууга жана ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө басым жасашчу. Башкалары болсо мусулмандар менен сүйлөшкөндөн качышчу. Көптөр Жахабанын Күбөлөрү экенин жашырып, христианбыз деп коюшчу жана индонезия тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосун» * эмес, христиандар чыгарган Ыйык Китептерди колдонушчу. Дагы бирөөлөр адабият таратуудан коркушчу.

Буга ишибизге тыюу салынган маалда калыптанып калган адаттар себеп болгон. Айрымдарына болсо маданият таасир эткен, себеби индонезиялыктар кайчы пикирин билдиргенден көрө, макул болуп коюуну эп көрүшөт. Ошондой эле жаап-жашырып, сактана бергенге жакын келишет. Анда бир туугандарга өзгөрүүгө эмне жардам берген?

Жахаба аларга жетилген, тажрыйбалуу бир туугандар аркылуу мээримдүүлүк менен кеңеш берген (Эф. 4:11, 12). Алсак, 2010-жылы Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт Индонезияга барганда кызматта «Жаңы дүйнө котормосун» колдонуп Кудайдын ысмын жарлоого жумшактык менен үндөгөн. «Летт бир туугандын баяндамасы көп жарчылардын жүрөгүн козгогон,— дейт Мишэ Биренс деген миссионер.— Алар Жахабанын Күбөсү экенин ачык айтып, Кудайдын Сөзүн сыймыктануу менен колдонушу керектигин түшүнүшкөн».

Индонезиядагы мусулмандардын көбү Жахабанын Күбөлөрүн христиан дүйнөсүнүн өкүлдөрү деп ойлогондуктан, индонезия тилиндеги «Падышалык кызматыбызда» төмөнкүдөй кеңеш берилген: «Маегибиздин башында эле Жахабанын Күбөлөрү экенибизди ачык билдиргенибиз жакшы... Биз Кудайдын ысмын сыймыктануу менен жарлайбыз жана аймагыбыздагы адамдардын анын ысмын, ой-ниетин билишин каалайбыз!» Индонезиядагы филиалда кызмат кылган Шинсуке Кавамото мындай дейт: «Ким экенибизди ачык, ошол эле учурда сылык билдиргенибиз жакшы натыйжа берүүдө. Көптөгөн мусулмандар Жахабанын Күбөлөрүнүн ким экенин, башка диндерден эмнеси менен айырмаланарын билгиси келет. Ошонун аркасында күбөлөндүрүүгө жакшы шарт түзүлүүдө».

Жарчылар «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарын да көбүрөөк таратууга чакырылган. Филиалдын комитетинин координатору Лотар Михаңк: «Башкалар ким экенибизди билиши үчүн журналдарыбызды окушу керек. Журналдар адамдардын жүрөгүн жумшартып, чындыкты кабыл алууга даярдайт. Аларды канчалык көп таратсак, ошончолук көп кишиге Жахаба жөнүндө билүүгө жол ачылат»,— дейт.

Эл көп жерде күбөлөндүрүүнүн жемиши

2013-жылы Индонезиядагы филиал Жетектөөчү Кеңеш тарабынан киргизилген эки жаңы ыкманы: филиал тарабынан уюштурулган ири шаарларда эл көп жерлерде кабар айтуу ыкмасын жана жыйналыш тарабынан уюштурулган эл көп жерде күбөлөндүрүү ыкмасын колдоно баштаган. Бул көптөрдүн кабар угушуна шарт түзүүдө.

Ири шаарларда эл көп жерлерде кабар айтууда колдонулган адабият үстөлдөрү алгач Батыш Жакартадагы электрондук шаймандар сатылган чоң дүкөнгө коюлган. Кийинчерээк жыйналыштар сүйрөмө текчелерди жана адабият үстөлдөрүн аймактарына да коё башташкан. Бир жылдын ичинде бүт Индонезия боюнча 400дөн ашуун адабият текчеси, үстөл колдонулган. Мунун натыйжасы кандай болгон?

Жакартадагы бир жыйналыштын аксакалы Юсэк Юниплатэ мындай дейт: «Эл көп жерде күбөлөндүрүү ыкмасын колдонгонго чейин жыйналышыбыз айына 1 200 журнал заказ кылчу. Алты айдан кийин 6 000 журнал заказ кыла баштады. Учурда болсо 8 000 журнал заказ кылып жатабыз. Таратылган китептердин, китепчелердин да саны өстү». Медандагы (Түндүк Суматра) пионерлердин чакан тобу сүйрөмө текчелерди үч жерге коюп, алгачкы айда 115 китеп, 1 800дөй журнал тараткан. Эки айдан кийин жети жерге текчелерди коюп кабар айткан 60тай пионер 1 200дөн ашуун китеп, 12 400 журнал тараткан. «Кабар айтуунун бул ыкмалары зор кубаныч тартуулоодо жана Индонезияда дагы өсүш болорунан кабар берүүдө,— дейт Жесси Кларк деген миссионер.— Бул ыкма кызматыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп калды!»

Жүрөктүн тилине которулган адабияттар

Индонезия — дүйнө жүзүндөгү эң көп тилде сүйлөгөн өлкө *. Калктын басымдуу бөлүгү индонезия, лингва франка, тилинде сүйлөсө да, көптөр жүрөктүн тилинде — эне тилинде — сүйлөшөт.

Түндүк Суматрадагы батак-тоба тилиндеги котормо тобу

2012-жылы филиал көп тилдүү бул аймактын муктаждыгын канааттандырууга киришкен. «Биз адабияттарды 120 миллиондой адам сүйлөгөн 12 тилге которо баштадык,— дейт Том Ван Лимпутен.— Явалык котормочулар ява тилиндеги биринчи баракчаны көргөндө сүйүнгөнүнөн көздөрүнө жаш алган. Алар Кудай Сөзүн, акыры, эне тилинде окуй баштаган!»

Бирок Индонезиядагы жыйналыштардын көбү, атүгүл көпчүлүк эне тилинде сүйлөгөн аймактарда да индонезия тилинде өткөрүлө берген. Лотар Михаңк мындай дейт: «2013-жылы жубайым Кармен экөөбүз Түндүк Суматранын Ниас аралында өткөрүлгөн эки күндүк жыйынга бардык. 400 кишинин көбү ниас тилинде сүйлөсө да, баяндамалардын баары индонезия тилинде айтылды. Биз баяндамачылар менен кеңешип, эртеңки программа ниас тилинде болорун кулактандырдык. Эртеси 600дөн ашуун киши келип, зал жык-жыйма болуп калды». Кармен мындай деп кошумчалайт: «Индонезия тилиндеги программага караганда ниас тилиндеги программаны кунт коюп угушту. Ыйык Китепте жазылгандарды өз тилинде угуп, түшүнүп жатканына кубанып жатышты».

Кулагы укпаган аялга кабар айтып жатышат

Индонезиядагы кулагы укпаган адамдар да чындыкты эне тилинде «угууда». 2010-жылдан бери индонезия жаңдоо тилиндеги котормо тобу 7 китепче, 8 баракча которду. Андан тышкары, филиал 750дөн ашуун кишиге жаңдоо тилин үйрөтүү үчүн 24 класс уюштурган. Учурда жаңдоо тилиндеги 23 жыйналыш жана топ кулагы укпаган 3 000 000 кишиге рухий жактан жардам көрсөтүп жатат.

Азыркы тапта 37 котормо тобу бар. Жалпысынан 117 котормочу жана 19 жердеги офистерде аларга колдоо көрсөткөн 50 бир тууган бар.

^ 2-абз. Индонезия тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен 1999-жылы чыккан. Ал тыюу салынган маалда 7 жылдын ичинде которулган. Бир нече жылдан кийин индонезия тилинде 2 томдуу «Жазманы түшүнүү» китеби жана «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасы» жарык көргөн. Ушунун баарына чын эле зор күч жумшалган!

^ 2-абз. Индонезияда 707 тил, Папуа-Жаңы Гвинеяда 838 тил бар.