Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИ ТҮШҮНҮҮ МҮМКҮНБҮ?

Түшүнүктүү китеп

Түшүнүктүү китеп

Ыйык Китеп абдан байыркы китеп. Ал 3 500дөй жыл мурун жазыла баштаган. Салыштыра турган болсок, Ыйык Китеп Индияда буддизм дини өрчүгөнгө чейин 10 кылымдай мурун, Кытайдагы эң алгачкы Инь династиясынын тушунда жазыла баштаган. ( «Ыйык Китеп жөнүндөгү фактылар» деген кутучаны карагыла.)

Ыйык Китепте эң маанилүү суроолорго жооптор бар

Адамдарга жетек боло турган акыл-насаатты камтыган китеп баарына пайдалуу, баарына түшүнүктүү болушу талап. Ыйык Китеп дал ошондой китеп. Анда эң маанилүү суроолорго жооптор бар.

Мисалы, силер: «Биз эмне үчүн жаратылганбыз?» — деп ойлонуп көрдүңөр беле? Бул суроо адам баласынын жүрөгүн эзелтеден бери өйүп келет. Анын жообун Ыйык Китептеги Башталыш деген китептин алгачкы эки бөлүмүнөн тапса болот. Ал бөлүмдөрдө аалам, анын ичинде галактикалар, жылдыздар жана жер жаратылган учурдан башталган тарых баяндалган (Башталыш 1:1). Андан соң жердин тиричиликке даярдалышы, жашоонун ар кандай түрлөрүнүн пайда болушу, адам баласынын жаралышы — баары ирети менен сүрөттөлгөн жана бардык нерсенин кандай максатта жаратылганы жазылган.

ТҮШҮНҮКТҮҮ ЖАЗЫЛГАНЫ

Ыйык Китепте турмуштагы кыйынчылыктарды да чечүүгө жардам берген кеңештер бар. Аларды баары оңой түшүнө алат.

Биринчиден, Ыйык Китеп так-даана, жеткиликтүү жана жагымдуу тил менен жазылган. Аны жазгандар түшүнүксүз, сырдуу сөздөрдү эмес, адамдын сезүү жөндөмдүүлүктөрү менен байланышкан түшүнүктүү сөздөрдү колдонушкан. Андагы атүгүл терең ойлор да турмушта колдонулган жөнөкөй сөздөр менен берилген.

Маселен, Иса пайгамбар адамдардын жүрөгүн козгоп, аларды бир нерсеге үйрөтүш үчүн жашоодогу жөнөкөй мисалдарды колдонгон. Алардын көбүн Матай китебинин 5—7-бөлүмдөрүнөн окуй алабыз. Бир окумуштуу Исанын ошол сөздөрүн «жашоого абдан пайдалуу насаат» деп атап, анын максаты «акылыбызды жөн эле кайсы бир ойлорго толтуруу эмес, иш-аракетибизди жетектөө, жөнгө салуу» экенин айткан. Ал бөлүмдөрдү окуп чыкканга 15-20 мүнөттөй эле кетет, бирок Иса пайгамбардын ошондо айткан ары жөнөкөй, ары күчтүү сөздөрүнө таңданбай коё албайсың.

Ыйык Китептин түшүнүктүү болгонунун экинчи себеби — мазмуну. Ал жомок же уламыш китеп эмес. «Уорлд бук энциклопедиясында» айтылгандай, анда көбүнчө «көрүнүктүү да, карапайым да адамдар жөнүндө», алардын «кыйынчылыктары, үмүтү, каталары, ийгиликтери» жазылган. Ошондуктан андагы чынында эле жашап өткөн адамдар жөнүндөгү билдирүүлөр менен окуяларды бири-бири менен байланыштыруу жана түшүнүү, ал окуяларда кандай маанилүү сабак камтылганын баамдоо оңой (Римдиктер 15:4).

КЕҢИРИ ТАРАЛГАНЫ

Кайсы бир китепти түшүнүш үчүн ал силер түшүнгөн тилде болушу керек. Бүгүнкү күндө кайсы жердеги, кайсы улуттагы киши болбосун, өзү түшүнгөн тилдеги Ыйык Китепти таба алат. Анын кеңири тарашына эки нерсе шарт түзүүдө.

Которуу. Ыйык Китеп еврей, арамей жана грек тилинде жазылгандыктан, аны баары эле түшүнгөн эмес. Аны башка тилдерге которуш үчүн көптөр талыкпай эмгектенишкен. Натыйжада азыр Ыйык Китеп толугу менен же анын айрым бөлүктөрү 2 700дөй тилде бар. Демек, адамзаттын 90дон ашуун пайызы Ыйык Китептин, жок дегенде, кээ бир бөлүктөрүн эне тилинде окуй алат.

Басып чыгаруу. Ыйык Китептин түп нускалары тери, папирус сыяктуу материалдарга жазылган. Андагы кабарды элге жеткириш үчүн текстти кол менен көчүрүү талап кылынган. Ал көчүрмөлөр абдан кымбат болгондуктан, көптөр аларды сатып ала алышчу эмес. Бирок мындан 550дөн ашык жыл мурун Гутенберг басма машинкесин ойлоп чыгарганда, Ыйык Китеп тез тарай баштаган. Бир эсептөөгө ылайык, ушу күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча беш миллиарддан ашуун Ыйык Китеп таратылган.

Бир да диний китеп бул жагынан Ыйык Китепке тең келе албайт. Ыйык Китептин негизинен түшүнүктүү китеп экени айкын болду. Бирок айрым жерлерин түшүнүү кыйын болушу мүмкүн. Анда жардамды кайдан алса болот? Анын кандай пайдасы бар? Бул суроолордун жообу кийинки макалада жазылган.