Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне үчүн айрым нерселер алдын ала айтылган?

Ыйык Китепте биздин күндөр жөнүндө эмне үчүн алдын ала айтылган? (Лука 21:10, 11).

Ыйык Китепте көп нерселер майда-чүйдөсүнө чейин алдын ала айтылган. Бир да адам келечекти так айта албайт. Ошондуктан Ыйык Китепте жазылгандардын так аткарылганы — аны Кудай жаздырганын далили. (Окугула: Жашыя 23:14; 2 Петир 1:20, 21.)

Аткарылган пайгамбарлыктар Кудайга болгон ишенимибизге негиз болуп берет (Еврейлер 11:1). Ошондой эле Кудайдын жаркын келечекке байланыштуу берген убадасынын сөзсүз аткарыларына кепилдик берет. (Окугула: Забур 37:29; Римдиктер 15:4.)

Бизге кандай пайдасы бар?

Кудай айрым нерселерди анын кызматчылары тийиштүү чара көрө алышы үчүн алдын ала айттырган. Мисалы, Иса пайгамбардын 1-кылымдагы жолдоочулары Иерусалимге байланыштуу айтылгандардын аткарылып жатканын көрүп, шаардан чыгып кетишкен. Ошондуктан тургундардын көбү Иса пайгамбарды четке какканы үчүн ал шаар талкаланганда, Исанын жолдоочулары коопсуз жерде болушкан. (Окугула: Лука 21:20—22.)

Бүгүнкү күндө аткарылып жаткан пайгамбарлыктардан Кудайдын Падышалыгы адамдардын падышалыктары менен өкмөттөрүн кыйрата турган убакытка аз калганын билүүгө болот (Даниел 2:44; Лука 21:31). Ошондуктан ар бир киши ал Падышалыктын Кудай дайындаган падышасынын — Иса Машаяктын — көз алдында ырайым табууга аракет кылышы кажет. (Окугула: Лука 21:34—36.)