Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Рим империясындагы кулдардын жашоосу кандай болгон?

Римдик кулдардын моюнундагы чынжырча

Рим империясында, адатта, туткундарды же уурдалган кишилерди кул кылышчу. Туткундарды сатып жибергендиктен, алар өз үйүнө, үй-бүлөсүнө эч качан кайтып келишчү эмес.

Кулдардын көбү өлөр-өлгөнчө шахталарда иштечү. Башкалары болсо, эң эле жакшы дегенде, фермаларда же бирөөнүн үйүндө малай болушчу. Кулдар моюнуна темири бар чынжырча тагынып жүрүшү керек болчу. Ал темирде качып кеткен кулду кожоюнуна кайтарып бергендерге сыйлык берилери жазылчу. Ал эми ээсинен экинчи жолу качкандардын чекесине «качкын» дегенди билдирген fugitivus деген сөздүн «F» деген баш тамгасын басып коюшчу.

Ыйык Китепте элчи Пабылдын Онесим деген качкын кулду кожоюну Филемонго жибергени жазылган. Филемон кулун жазалаганга укуктуу болсо да, элчи Пабыл Филемонду Иса Машаяктын жолдоочуларына таандык сүйүүнүн жана экөөнүн ортосундагы достуктун негизинде Онесимди «жылуу тосуп алганга» үндөгөн (Филемон 10, 11, 15—18).

Эмне үчүн байыркы Финикиянын кызгылт көк боёгу аябай белгилүү болгон?

Байыркы Финикия, азыркы Ливан өлкөсү, Тир шаарынын атынан аталган Тир кызгылт көк боёгу менен атагы чыккан. Байыркы Ысрайылдын падышасы Сулайман ибадаткананы Тир шаарынын чебер устасы жасаган «кызгылт көк жүн» менен кооздоткон (2 Жылнаама 2:13, 14).

Тир шаарынын кызгылт көк боёгу ошол убактагы эң кымбат боёк болгон. Анткени аны жасоо абдан машакаттуу эмгек болчу. Адегенде балыкчылар деңизден аябай көп сандагы мурекс моллюскаларын * кармашчу. 12 000дей моллюскадан алынган боёк, болгону, бир кийимдик кездемеге гана жетчү. Андан соң боёк чыгара турган безин бөлүп алыш үчүн үлүлдү кабыгынан ажыратышчу. Алынган боёкко туз кошуп, жакшы желдей турган, күн жакшы тийген жерге үч күн кургатышчу. Ошондон кийин аны чоң идишке салып, үстүнө деңиз суусун куюп, бир нече күн жай отко коюп коюшчу.

Соода-сатык жүргүзгөнүнүн жана башка жерлерди басып алганынын аркасында финикиялыктар кызгылт көк боёгун жүздөгөн жылдар бою сатып келишкен. Ал боёкту жасоо өнөрү көп жылдар бою сакталган. Алардын өнөрүнүн «издери» Жер Ортолук деңиздин тегерегиндеги өлкөлөрдөн жана тээ алыскы батыштагы Испаниянын Кадис шаарынан табылган.

^ абз. 8 Алардын кабыгынын узундугу 5—8 см болот.