Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Дүйнөнү өзгөрткөн согуш

Дүйнөнү өзгөрткөн согуш

Бир кылым мурун миллиондогон уландар жылуу уясын таштап, согушка бет алышкан. Алар жалындаган патриоттук сезимге алдырып, элдин шары менен салгылашка жөнөшкөн. Майданга өз ыктыяры менен 1914-жылы кеткен америкалык жаштардын бири: «Алдыдагы эң сонун күндөрдү ойлогондо, жүрөгүм элеп-желеп болуп, толкуй түшөт!» — деген.

Көп өтпөй эле ал жигиттердин супсуну сууй түшкөн. Чоң-чоң аскерлердин Бельгия менен Францияда кан кечип, бир нече жыл бою салгылашта жүрөрү эч кимдин оюна да келген эмес. Ошол учурда элдер ал согушту «Улуу согуш» деп аташкан, бүгүнкү күндө ал Биринчи дүйнөлүк согуш деп белгилүү.

Ал согуш абдан залакалуу болгон. Айрым эсептөөлөргө ылайык, ошондо 10 миллиондой киши каза таап, 20 миллиондою жараат алган. Ошондой эле ал согуш Европанын өлкө башчыларынын мүчүлүштүгүнүн кесепети болгон. Алар эл аралык касташуунун дүйнөлүк согушка айланып кетишине бөгөт коё алышкан эмес. Эң жаманы, ал согуш дүйнөнү түп-тамыры менен өзгөрткөн. Анын таасири бүгүнкү күнгө чейин сезилүүдө.

ҮМҮТТҮН ЖАЛЫНЫНА СУУ СЕПКЕН КАТАЛАР

Биринчи дүйнөлүк согуш көп нерсе эске алынбагандыктан тутанган. Бир эмгекте Европа төбөлдөрүнүн, «уктап жатып басып кеткен, ар нерсеге чалынган кишидей болуп, 1914-жылдын тынчтык өкүм сүргөн жай мезгилинде эмне кылып жатканын түшүнбөй иш кылганы» айтылган («The Fall of the Dynasties—The Collapse of the Old Order 1905—1922»).

Австриянын эрцгерцогу өлтүрүлгөндөн бир нече жума өткөн соң Европа аскердик күчтөрү өздөрү катышкысы келбеген согушка аттанган. Согуш башталганына бир нече күн болгондо Германиянын канцлеринен: «Эмне үчүн ушундай болуп кетти?» — деп сурашканда, ал: «Атаганат, аны билген киши болсо кана...»,— деген.

Жаңылыш чечим чыгарган бийлик төбөлдөрү кылгандарынын кесепети кандай болорун элестетишкен да эмес. Ал эми жоокерлер өлкө башчыларынын ишке ашпай турган нерселерди убада кылганын, диний жетекчилердин алдаганын, генералдарынын сатып кеткенин майданда жанын оозуна тиштеп жүргөндө гана түшүнүшкөн. Эмне үчүн ушинтип айтууга болот?

Өлкө башчылары ишке ашпай турган нерселерди убада кылган, диний жетекчилери алдаган, генералдары сатып кеткен

Өлкө башчылары жакшы заманды орнотконго согуш жол ачарын убада кылышкан. Германиянын канцлери: «Биз өнөр жайларыбыз өнүгүшү үчүн, ата-бабабыздан калган „мурасты“ сактап калыш үчүн жана келечек үчүн күрөшүп жатабыз»,— деген. Ал эми Американын президенти Вудро Вильсондун: «Согуш дүйнөдө демократиянын болушуна шарт түзөт»,— деген сөзү көптөрдү үмүттөндүргөн ураанга айланган. Улуу Британиядагы эл болсо: «Согушту токтотуш үчүн согушуу керек»,— деп ойлогон. Бирок баары жаңылган.

Диний жетекчилер согушту кош колдоп колдошкон. Бир тарыхый китепте: «Ыйык Китепте жазылгандарга үйрөтө тургандар элди согушууга үндөшкөн. Тоталдык согуш (бүт эл катышкан согуш) болсо, тоталдык жек көрүүнү билдирип калган»,— деп жазылган («The Columbia History of the World»). Диний жетекчилер жек көрүүнүн жалынын баспай эле, от салышкан. Бир эмгекте мындай делет: «Алар христиан динин улутчулдуктан жогору коё алган эмес, атүгүл койгусу да келген эмес. Көбү оңой жолду тандап, христиан динин патриотизмге теңеп салышкан». Ал диндеги аскерлер бири-бирин Машаяктын атынан өлтүрүүгө үндөлгөн («A History of Christianity»).

Генералдар жеңишке оңой эле жетебиз деп убада беришкен, бирок андай болгон эмес. Көп өтпөй аскерлер аябай оор жагдайга туш болушкан. Бир тарыхчы сүрөттөгөндөй, миллиондогон жоокерлер «майып болгондон тышкары, жан дүйнөсү жабыркаган». Эбегейсиз көп адамдардын өмүрү кыйылса да, генералдар эркектерди кан суудай төгүлгөн, мылтык, пулемёттун огу жамгырдай жааган салгылашка жөнөтө берген. Ошондон улам ар кайсы жерде көтөрүлүш чыккан.

Биринчи дүйнөлүк согуш коомго кандай таасир эткен? Бир тарыхый китепте согуш ардагеринин: «Ал согуш... ошол муундун оюн бузуп, адамдык касиеттен айрылтты»,— деп айтканы жазылган. Ошол согуштун натыйжасында чоң империялар жок болуп кеткен. Ал кагылыш тарыхтагы кандуу кылымдын башталышы болгон. Ынкылаптар кадимки көрүнүшкө айланган.

Ал согуш эмне үчүн дүйнөнү түп-тамыры менен өзгөрткөн? Ал кокусунан чыкканбы? Бул суроолордун жообунан келечегибиз жөнүндө эмнелерди биле алабыз?