Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Галилеядагы Бирия токою

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Ыйык Китепте айтылгандай, байыркы Ысрайылда токойлор чындап эле көп болгонбу?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ Кудай убада кылган жердин кээ бир аймактары токойлуу, бак-шактуу болгону айтылат (Жаш. 17:15, 18; 1 Пад. 10:27). Бирок бүгүнкү күндө ал жактагы токойлордун аздыгынан улам сынчылар чындап эле ошондой болгонуна шектениши мүмкүн.

Сикомор дарагынын мөмөлүү шагы

Байыркы Ысрайыл жөнүндөгү бир китепте «ал кезде токойлор азыркыга салыштырмалуу аябай эле көп болгону» жазылган. Тоолордун бетин негизинен Алеппо кызыл карагайы, мисте дарагы, ар дайым жашыл болуп турган эмен каптап турчу. Ал эми борбордук тоо кыркасы менен Жер Ортолук деңиздин ортосундагы бөксө тоолорду камтыган Шепела аймагы сикомор дарагына бай болчу.

Бирок бир эмгекте айтылгандай, Израилдин кээ бир аймактарында учурда бак-дарактар такыр эле калбай калган. Буга эмне себеп болгон? Ошол эле эмгекте мунун бара-бара болгону түшүндүрүлүп: «Адамдар бак-дарактарды айыл чарбасын, жайытын кеңейтүү максатында, ошондой эле курулуш материалы жана отун катары колдонуш үчүн кыйып келишет»,— деп жазылган.